Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?

Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?

05 дек 2019, 20:56    bishkek
Мурдагы премьер-министрлер, атап айтканда, Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариевдер 10 пайыз деген кличкасы бар кесиптеши Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп, кайрылуу жазышыптыр, тергөө адилеттүү болбой калды, 11 жылга камакка алуу деген абдан көп деп.
Чын-чынына келгенде Жантөрө Сатыбалдиев бекеринен 10 пайыз деген атка конгон эмес. Кайсы кызматта отурбасын, келген долбоорлордон 10 пайыз “откат” сурачу деген кеп эбактан бери артынан ээрчип келатат. Азыр премьер кезинде гана жасаган мыйзамсыз иштери боюнча айып тагылып атат, Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясында тургандагы коррупциялык иштерин, салынган үйлөрүнүн четинен ураганын айтып атып эл чарчаган. Аны жакшылап казса, дагы 20 жылдык айыптар тагылышы толук мүмкүн.
Ал эми бул экс-премьерлер болсо, өздөрүнүн артылары таза эместигин ойлонушса болмок, бирөөнү коргогондон мурда. Мисалы, Темир Сариев жол салуудагы коррупциялык чыр-чатактан улам өкмөт башчылыктан кеткен, Муралиевдин уулу мамлекеттин сырын саткан шпион, Чынгышев бул өлкөдө жиндилер гана уурдабайт деп айткан коррупционер, Чудинов чудо кандайча тирилип, депутат болуп калганына азыркыга чейин таң калып жүрүшөт. Ар бирин айта берсе, сөз көп. Өздөрүнүн калбырлары калдырап жүргөндө, башкага болушуп эмне кылам да?
Ли Куан Юдай катуу чараларды көрүш керек, эч кимди аябаш керек деп кыйкырсак кыйынбыз, анан эле бул биздин айылдан, тигил биздин коктудан, мунусу биздин командадан, эми баарыбыз бир премьер лигаданбыз деп коррупционерлерди коргоп отура берсек, өлкө эч качан өнүкпөйт!скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив