Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"

Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"

04 дек 2019, 23:12    bishkek
- Жиниккен коом, Ак бакай, идеяга жарды интеллигенция
Коом жиникти. Долулук күчөдү. Баалуулуктар башаламандыктын төө бастысында калды. Жан дүйнөнү эле эмес, куттуу жерлерди да жылаңачтык ээлей баштады. Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес! Коргоол акын кокусунан аялзатынын кызыл ашык томугун, же бакайын көрө калып "Ак бакайын" чыгарган доор азыркыга караганда алда канча абийирдүү болгонун айласыздан айтканга туура келди. Көрсө, ал учурда кыргызда нарк, салт, абийир алда канча бийик сакталган мезгил тура!. Нарк, салт, абийирден ажыраганда кыргыз улуулугунан куру жалак калып, Санчы сынчы, Калыгул айткан майдаланган элге айланган мезгилди теминип жаткан окшойбуз.

Алардын баарын туура жолго салып, жол көргөзгөн интеллигенциянын көзү кежигесине өтүп, тагдырыбызды калчаган саясый элита чындап чимкирикке айланганы ыраспы?!! Жиниккен коомду жөнгө салчу, өрнөк болчу, сөзүн айтчу, жол көргөзчү, керек болсо коомду өзгөртчү интеллигенция жан дүйнөсү да идеясы да жарды болуп, жарамсыз болуп калдыкпы?!!
Бүгүнкү куттуу күндө, болгондо да Манастын улуу күнүндө жаштар көтөрүп, ишке ашырып жаткан "Бир кишиден бир китеп" демилгесиндей аракетти баштап, "бир интеллигенттен бир идея" деген демилгени баштап, ал идеяларды ишке ашырууга киришпесек болбойт. Артка кетенчиктей берүүгө мүмкүн болбой калды. Дагы бир кадам артка кетенчиктесек, биро толо кыйроо, ойрон болуу абалына туш болобуз! Ойлонолу, ойгонолу!!!скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив