Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Игра Сапара Исакова с китайским гигантом TBEA «смертельна» – за долги придется отдавать приграничные земли…
Нет так страшен Суракматов, как его малюют…
Издөө
» » Камчыбек Жолдошбаев: “Мага караштуу делген үй – бюджетте иштегендер жана кызматкерлериме ипотекалык негизде салынып жаткан курулуш ”

Камчыбек Жолдошбаев: “Мага караштуу делген үй – бюджетте иштегендер жана кызматкерлериме ипотекалык негизде салынып жаткан курулуш ”

12 июн 2018, 17:10    bishkek
0 комментарий   
КР Жогорку Кеңешинин азыркы VI-чакырылыштагы депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев 9-июнундагы берген интервьюсунда Бишкектеги А. Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,1 гектар аянттагы анын үйү делген турак жай курулушун көрсөтүү жана маалымат берүүнү каалагандыгын билдирген. Биз мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аталган курулушка келип, депутаттан төмөнкүлөрдү уктук:

- Ооба, бул жерге “Беш-Сары” компаниясы көп батирлүү турак жай комплексин салып жатат, ал азырынча бүткөрүлө элек. Анда курулуш иштери жүрүүдө. План боюнча бул жерде бир нече көп кабаттуу үйлөр курулумакчы. Аларды ипотекалык кредит менен бюджетте иштегендер жана өзүбүздүн кызматкерлердин алуусуна мүмкүнчүлүк түзөлү деп жатышат. Жашырбайм, мага чукул жана түз мүнөз тийиштүү, бир нерселерди өз аты менен атайм. Анткени парламентчи катары аныкталган, жоопкерчиликтүү жана активдүү турмуштук позициям бар, ошондой эле мактанбастан коомубуздун уучуна жеке салымымды кошуп келем.

Өзүмдүн депутаттык ишмердигимдин негизинде жеринде барып мезгил-мезгили менен шайлоочулар менен да жолугуп турам, системалуу түрдө Комитеттин жана Жогорку Кеңештин жыйындарындагы өлкөбүздүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ар-тараптуу, аймактардын жана жеке жарандардын маселелери боюнча талкууларга катышам. Курч пикирлеримди айтам. Албетте кимдир бирөөлөргө мен «ыңгайсызмын». Мисалы, мен чектен чыккан адамды, жетекчилерди эгерде керек болсо, дайыма сындайм, кээде аябайм. Муну менен, кандайдыр бир маселелер боюнча мыйзам бузгандар өзүнүн кетирген күнөөсүн сезүүсүн жана жасаганынан сабак алышын каалайм.

Акыркы мезгилдерде мен жемкорлорго, өзгөчө Бишкек шаарындагы ЖЭБун модернизациялоодогу Кытай Эл Республикасынан жана башка объектилерге эл аралык каржы институттарынан келген кредиттерди уурдаган деп жемкорлук аракеттерге шектелген мурунку жогорку кызмат оорундарын ээлеген чиновниктерди баштап сындаганым жемкорлордун «кекиртегине какаган сөөк» катары болуп калдым деп эсептейм. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жумушчу тобу менин жетекчигилим менен үстүбүздөгү жылдын 13-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүү учурунда жана Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде «Лахор Стиль Микс» ЖЧКу темир-кайра иштетүү заводу тарабынан экологиялык жана техникалык тартип бузуулар, ошондой эле алар чыгарган продукциялардын талап коюлган стандарттарга жооп бербегендигине жана менин кайра-кайрадан койгон талаптарымдын натыйжасында Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан “Лахор Стиль Микс” ЖЧКсына 30 миң сом айып пул салынып, ал ишканада өндүрүш убактылуу токтотулду.


Ысык-Көлдө курорттук сезон ачылып жатса, өзүбүздүн жана чет өлкөлөрдөн келген меймандарды кантип тосуу маселесин көтөрүү менен, бардык жерлерде таштандылардын тартипсиз полигондорунун көбөйүп жаткандыгын буга аталган Мамэкотехинспекция тарабынан бардык чаралар көрүлүп жатабы? - деген суроосу койдум. Ошондой эле, бул көрүнүш Госэкотехинспекциянын ар бир кызматтык оруну жемкорлукка кабылдангандыгын көрсөтүп тургандыгын айтып чыктым. Натыйжада текшерүү жүрүп, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору К. Муратбеков ээлеген кызматынан бошотулду.Аталган ведомстводо жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамды, жана башка мыйзамдык жана нормативдик актылардын нормаларын бузуулар көптүгү аныкталып, алар Комитеттин жакынкы жыйынында каралат.

Ошондой эле, жакында эле өткөн Жогорку Кеңештин жыйынындагы Коомдук теле радио корпорациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин отчетун угууда телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков жана башка кызмат адамдарынын ишмердигиндеги олуттуу кемчиликтерин сынга алдым.

Мына ушулар жана башка кызмат адамдарынын жемкорлугуна каршы менин депутат катары айткандарым, массалык-маалымат каражаттарына чыгарылган акыркы буйрутма каралоо материалдарга түрткү болушу мүмкүн деп божомолдойм.
Ал эми, басылмалар журналисттик этиканы сактап,такталган маалыматтарды объективдүү таркатышса болмок. Алар өздөрү жазып жатышпайбы, «Беш-Сары» ЖЧКунун балансында турган бүткөрүлө элек үй деп. Анан буга К. Жолдошбаевди күнөөлөшүп же күнөөлөшкөнгө аракеттенишкени туурабы?

Мен алгач спортсмен болдум,анан мугалим болуп иштедим, кийин замандын агымы менен ишкерликке өттүм, мамлекеттик казынага миллиондогон салыктарды төлөдүм, калган кирешеден мыйзамдуу жол менен байлык топтодум. КР Жогорку Кеңешине эл тарабынан депутат болуп шайландым. Башка саясий же мамлекеттик бийликтин аткаруу түзүмдөрүндө административдик кызматтарды ээлебесем кантип мени коррупционерлердин арасына киргизүүгө жанталашып жатышканына таңгалам, аягында окурмандар чындык жана калп кайда экендигин өзүлөрү аныктап алаарына ишенем”, - деп билдирди депутат Камчыбек Жолдошбаев.



Мээрим Курманалиева -maalymat.kgскачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;