Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

19 апр 2018, 16:28    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.


Көпчүлүк коалициясынын  лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өлкөнүн  Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.
“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк коалициясы ошол эле курамда калат”, - деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика - Ата Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылаарын белгилеп, парламентке бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив