Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж

Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж

07 сен 2019, 13:17    bishkek

Билим берүү министрлигине сунушталып жаткан Каныбек Исаковду жакындан тааныбайт экем, ОшМУда болуп да көргөн эмесмин, бирок ЖМКдан, студенттеринен жакшы ой-пикир угуп жүрөм. Окуу процессин кандай жолго салганы белгисиз, окуу корпустарын жаңылап, өлкөдөгү эң алдыңкы окуу корпустарына кошо алды.

Каныбек Исаков министр болуп келген соң да биринчи кезекте Бишкектеги мамлекеттик университеттердин окуу корпустарына, жатаканаларынын абалына, университеттин аймагынын абалына көңүл бурса эч жаңылбайт.
Мисалы, Улуттук университетти эле алалы. Биз жаман көргөн кытайлар оңдоп берген 4-корпус менен контрагы көп юристтерди окуткан 2-корпустан бөлөк бир дагы корпусу оңдолгон эмес.

Башкы корпусунун абалына мышык ыйлайт, бетин жууп артын бөрү жесин дегенге окшотуп башкы корпустун маңдайын тазалап, газон кылып турушат, артына өтө калсаң эле саргарган чөп, тешилген тротуар. Аудиторияларын миң айткандан бир көргөн, барсаңыз ыйлагыңыз келет.
5-корпус аман эле болсун. Илгери административдик корпус болуп, кабинетке ылайыкташкан аудиторияларга 20-30 дан студент отуруп окуйт. Караңгы зал, кейпи кеткен аудитория, сасыган туалетте окуганча контейнерге эле көчүп кеткиң келет.
6-корпус. Кимде-ким Улуттук университеттин түптөлүшү тууралуу кино тарткысы келсе 6-корпусуна баргыла. 5 жыл мурда бир жерине ремонт кылышты эле, ал жери деле үңкүргө киргендей караңгы.
7-корпус. Улуттук университеттин 7-корпусу на караганда уялчаак депутаттын Ак-Талаада мектеп үчүн берген 4 этаж имаратынын абалы жакшы. Аз-маз ремонт кылымыш этишет, бир жылда эле кебетеси кетет. Коюлган эшиктер, төшөлгөн кафеллердин сапаты аман эле болсун. Акча кетирип жасап аткан соң сапатына, көрүнүшүнө көңүл бурган эч ким жок.

Улуттук университеттин жатаканалары тууралуу.

5-7-9-жатаканалардын абалын бир ай жашасаң түшүнөсүң. Мен бир жыл жашагам ошондуктан жакшы билем. Ички-тышкы абалы, тазалыгы, душу 21-кылымдын 2019-жылында жашоо мүмкүн эмес. Андан көрө алыскы жаңы конуштардан батирге чыксаң көңүл толот, жол эле алыс болбосо...
Мугалимдер жашаган 11-жатаканага кирсең мугалимдер эмес эле тентек граффити тарткан балдар жашайт деп ойлойсуң. Подъезддин ичи бүт эле кыйма-чийме жазуулар. Карате менен да машыгабы бийик жерлеринде тамандын изи. Мугалимдер жашаган жер сыр, аки таш жыттанып туруш керек го, эмне жыттанарын 11-жатаканага барып билиңиз. Андагыдай абалды домкому жок, жалаң квартиранттар жашаган кээ бир домдордон көрүп жүрөм.
Улуттук университет шаардын чок ортосу, филармония, мэрия жайгашкан жерде орун алган, анын тазалыгы, территориясынын жап-жашыл газон болушу университет үчүн гана эмес шаар үчүн өлкө үчүн керек. Ошол жерден президенттин бары өтөт.
Университетте иштеген миңдеген мугалимдер, он миңдеген студенттер жакшы, жарык, таза жайда, көңүлдүү окууга укуктуу. Университетти оңдой албай жаткан бир ууч адамдын айынан миңдеген адамдар кор болбошу керек.
Билим берүү министри болуп келе жаткан Каныбек Исаков мырзадан, ОшМУнун корпустарын түрктөрдүн, америкалыктардын, орустардын окуу жайларынан кем калыштырбай оңдогон адам катары, Улуттук университетти да жаркыратуусун суранат элем.
Улуттук университеттегидей абал Бишкектеги бир топ университетке таандык. Айрымдар жеке менчик колледж, лицей ачып союз учурундагы заводдордун имаратына кирип кетишкен. Кээ бир колледж, лицейлер бир адамдын фирмасына айланган. Айта берсе арман көп, бирок Улуттук университетти тез арада оңдобосо болбой калды.
Биз айтпасак ким айтат, жаман көрбөгүлө...

Журналист Марат Тагаевскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив