Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 

Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 

01 сен 2019, 14:12    bishkek
Мындай пикирин фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер Сулайман Кайыпов билдирди. Ал, Москвадагы Кыргызстандын элчиси тарабынан эгемендик күнүнө карата уюштурулган иш чара боюнча ыраазычылыгын төмөндөгүчө айтты:
“Кызмат орундарда профессионалдар иштесе мына ушундай ийгиликтер жаралмак. Аликбек мырзанын дипломат, инсан, кыргыз катары мыкты сапаттарынын шарапаты менен жасалган булл-иш чара учурда эң керек болучу. Аликеме, диаспора башчыларына рахмат дегенден башка сөз жок. Кыргыздын бар экенин, улут экенин, атышкан менен тытышкандан башка да көп нерсе колдорунан келе тургандыгын көрсөтүп коюшту”-дейт Сулайман Кайыпов.
Белгилей кетсек Москвада Кыргызстандын эгемендик майрамы 50 миӊ кыргызстандык жана башка коноктордун катышуусу менен белгиленген. Аны, Россиядагы “Кыргызстандын мигранттарын колдоо” фондунун директору Тимур Саралаев айтып берди:

“Москвадагы иш-чапага бул жакта эмгектенген 50 миӊ кыргызстандык катышты. Жети дубандан келген мигранттар 7 боз үй тигип, жети концерттик программаларын 7 саат тынбай көрсөтүштү. Мындай иш-чара түйшүгү түмөн мекендештер активдүү катышып, өз-ара жолугушуп, маанайлары жана духтары көтөрүлүп кайтышты деп ишенимдүү белгилеп кетким келет”-дейт Т.Саралаев.

Аталган иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов тарабынан уюштурулуп, ага Москвадагы активисттер, ар кандай коомдук уюмдар, спортчу жана чыгармачыл топтор жардам бергенин кошумчалады:

“Майрамдык чоң иш-чара Элчи – Аликбек Жекшенкулов өзү демилге кылып жана башында туруп, Элчиликтин, КР ИИМин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тикесинен тик туруп, Москва ж.б, региондордун кыргыз коомдорунун жетекчилери, мүчө-активисттери, чыгармачыл топтору, спортчулары, ишкерлери кол-буттан алып жардам беришти”-дейт Тимур Саралаев.

Элчи Аликбек Жекшенкуловдун куттуктоосу:


-Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүткүл кыргыз элимди бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана баарыңарга бекем ден-соолукту, бакубат жашоону, ынтымак-ырашкерликти, тынчтыкты, молчулукту, достукту, берекени, бактылуу жашоону каалайм! Кыргызстаныбыздын асманы дайыма ачык, келечеги кең, болсун! Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен, Аликбек Жекшенкулов.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив