Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”

Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”

21 авг 2019, 19:36    bishkek
Мындай пикирин жарандык активист Чолпон Байзакова Фейсбуктагы баракчасына жазып жарыялады. Ал, президент Сооронбай Жээнбеков менен кылмышка шектүү Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилеге жана соттордун бүгүнкү Текебаев боюнча чыгарган чечимине баа берген:
Алмазбек Атамбаевдин убагында, Дача-Су авиакырсыгынын күнөөкөрү Алмазбек Атамбаев экенин айтканы үчүн, Өмүрбек Текебаев куугунтукка алынган. Ал, Маевский деген мошенник аркылуу караланып, жалган көрсөтмө менен камакка алынган. Алмазбек Атамбаев каразгөйлүк менен мамиле жасап, Текебаевди саясаттан жок кылгысы келген. Президенттик шайлоо болуп, Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков шайланды. Элде, “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин сөзүнөн чыга албайт, анын айтканын кылат”-деп шек санашты. Бирок, көп өтпөй эле Сооронбай Жээнбеков “мен коррупцияга тийешеси болсо – досумду дагы аябайм”-деп көз карашын ачык айтты. Алмазбек Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарган жылда болгон ири коррупциялык иштерди жашырып-жаап, досун аяп, элдин кызыкчылыгына каршы иштебей, чындыкты ачуу болсо дагы алып чыкты. Атамбаевге жана анын жанындагы ууру-кескилерге карата кылмыш иштери козголду. Ушул аралыкта элдер нааразы болуп, “эмнеге Текебаев акталбайт?”-деп Жээнбековго суроолор берилип жатты. Ал ортодо Алмазбек Атамбаев өлкөдө баш аламандык кылгысы келип, Кой-Таш элдик республикасын түзүүнү көздөдү. Ошол аралыктарда Алмазбек Атамбаев элге кайрылып, президенти Сооронбай Жээнбековду алы жеткенче жамандады. Анын кадыр-баркына шек келтирип, “Сооронбай Жээнбеков капыр, ал шайтандын досу”-дегенге чейин барды. Мурдагы досунун мынтип кемсинтип айткан сөздөрүнө Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук менен гана карады. Атамбаевдин денгээлине түшүп жаман сүйлөгөн жок. Сооронбай Жээнбеков канткен менен ыймандуу жана диндар адам экенин көрсөтүп, акыркы күнгө чейин Атамбаевге теӊелген жок. Акырында чектен чыгып, элди согушка үндөп, мыйзам чегинде чакырылган суракка келбей, алып келе тургандарды курал менен атып жиндилик салды. Күнөөсү башынан ашканда анан Жээнбеков үн катып, “Атамбаев мурда күбө катары чакырылса, эми кылмышка шектүү катары чакырылат”-деп айтты. Башка эч кандай төмөн түшүп сүйлөгөн жок. Атамбаев камалды, элде кайрадан эле “эмнеге Текебаев чыкпай жатат?”-деген суроолор жарала берди. Мына бүгүн Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто каралып, мурдагы коюлган айыптар толугу менен жокко чыгып, райондук сотто башынан каралмай болуптур.
Президент Сооронбай Жээнбеков сот адилеттүүлүгүн камсыздап берди. Соттор бей тарап калыс чечим чыгарды. Коомчулукта сотторго жана бийликке болгон ишеним дароо өзгөрүп, жылмайган адамдардын саны арбыды. Ушул тапта тентектик кылып, элди тоноп, мамлекетти карызга батырган Алмазбек Атамбаев камакта жатат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин кылмыштарын бетке айтып, саясий куугунтук менен камалган Текебаевдин тагдырында жакшы бурулуш болду. Президент Жээнбеков болсо адатынча сабырдуулук менен Нарынга барып, элеттин эли менен жолугуп, аймактарды өнүктүрүү керектигин айтып жүрөт.
Биз мурда, “баланча мамлекеттин президенти коррупцияга шектелген досун камаптыр”-деп суктанып жүрчү элек. Мына ошол суктануулар бизде дагы болуп жатат. Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, мурдагы анын коррупциялашкан саясатын уланта берсе деле болмок. Ким эмне дей алмак? Бири Кой-Ташта жатып, экинчиси резиденцияда элди эзип отура бермек. Саясат талаасы толугу менен тазаланган, эч ким аш көтөрүп чыга алмак эмес. Жок, андай болгон жок. Жараткан Алла Жээнбековдун дилине жакшылыкты, ыйманды салды. Азыр айрым Атамбаевдин тарапташтары – “Жээнбеков досун сатып кетти”-деген түшүнүктү таӊуулап жатат. Жээнбеков досун саткан жок, Кыргызстан Алмазбек Атамбаевдин менчиги, кыргыз эли анын кулу эмес болчу. Элдин тагдырын Атамбаевдин кызыкчылыгы менен теӊ таразага коюп, “ууру-коррупционер” досун “сатып” кетпегенде, азыр абал башкача болмок. Сооронбай Жээнбековдун кадыры кийин билинет. Ал азыр – досу, шопуру, партиялашы болсоӊ дагы – кийинки келген бийлик абийириӊди ачып коерун көрсөтүп койду. Эми эч ким мамлекетке кыянаттык кылып, каалагандай уурулук жасабайт. Сооронбай Жээнбеков таза жана эртеӊкисинен коркпойт деп ишенимдүү айта алам. Ал коррупция менен күрөшүп, адилеттикти орнотуп, уурулук жана кыянатчылыкка чекит койгон башчы караты тарыхта калат. Адилеттик бар экенине үмүт кылып, ынтымак менен башчыбызды колдоп, элдин келечегин чогуу курганга бирдикте туралы. Жашасын адилеттүүлүк жана калыстык!

Чолпон Байзакова
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив