Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Жыйырма үчүнчү өкмөт башчы М. Абылгазиев болобу?

Жыйырма үчүнчү өкмөт башчы М. Абылгазиев болобу?

19 апр 2018, 14:10    bishkek
0 комментарий   
Жогорку Кеңештин 101 депутатынын ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Сапар Исаков башында турган өкмөт отставкага кетери кабарланды. Айрымдар «ушуну менен 29-өкмөт отставкага кетти» деп билдиришүүдө. Бирок, аныгында С. Исаковдун өкмөтү 22-өкмөт болуп саналат.

Ал эми 29-өкмөт деп санагандар ортодо 1-2 күн өкмөт башчынын милдетин аткарып калгандарды да кошуп санашууда.

С. Исаков жектеген өкмөт ишке киришкенде «Жаштар бийликке келди, булар эми жаңыча иш жасашат» деген чоң үмүт-тилектер болгон. Бирок, жаш курагы боюнча жаштардан куралган өкмөт тажрыйбасыздыгын, али бышып жетиле электигин көрсөттү. Жөн эле жанаша басып баратып «Чек ара маселесин чечип койбойсузбу» деген сүйлөшүү менен маңдай-тескей отуруп, маселени талкуулап, бир жыйынтыкка келүүнүн айырмасы асман менен жердей экенин да С. Исаковдун тажрыйбасынан билип алдык. Маселени ийнине жеткире иштеп чыкпастан эле эл аралык келишимдерди түзө калып, анан кайра айнып кетүү өкмөттүн кадыр-баркына доо кетире турганын да билдик. Айтор, С. Исаков өлкөнүн өкмөт башчылык кызматынын кадыр-баркын бир топ төмөндөтүп жиберди. Натыйжада, дагы чоң мүчүлүштүктөргө жол берилип кетпеси үчүн ал жетектеген өкмөттү отставкага айдоону парламент депутаттары чечишти.
Бош калган куттуу орун узакка чейин бош турбасы белгилүү. Андыктан эми өкмөт башчылыгына учурдагы КР президентинин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевдин бараары айтылууда. Ырасында жетик жетекчи, тажрыйбасы мол. Ошондо өлкөбүздүн 23-өкмөт башчысы М. Абылгазиев болуп калышы толук мүмкүн. скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;