Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды

Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды

11 авг 2019, 14:47    bishkek

Мурдагы президенттин тарапташтары 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди алып кетүүгө барган атайын кызматтын аскерлерин курал менен атып, андан соӊ барымтага алып, аеосуз ур-тепкиге алышкан. Анын жыйынтыгында атайын кызматтын офицери тийген октон көз жумган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекичи тийген соккудан улам баш сөөгү ажырап, учурда туруктуу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал ошол күндөн бери өзүнө келе элек. Мындан тышкары 22 аскер кызматы ар кандай оор жарааттарды алышкан.
Ошол учурда видео-жазууларда аскер кызматкерлерин жабалактап сабап, таяк жана балка менен башка чаап аткандарды көрүүгө болот. Учурда адам өлтүрүүгө аракет кылып жана ур-тепкиге алган жарандар изделүүдө. Бүгүн, 11-августа аскерди уруп жаткан мезгилинде сүрөткө түшүп калган Атамбаевдин тарапташы Фархат Борукеев УКМКга суракка чакырылды.
Эскерте кетсек, Фархат Борукеев “Ачык Саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытованын жолдошу. Мамытова Кой-Ташта элдик штаб түзүлгөн күндөн тарта Атамбаевдин жанында жүргөн. Анын жолдошу Мамытова менен бирге Кой-Ташта болуп, кийин аскерлерди сабаган топко кошулуп, колундагы таягы менен кызматкерлерди башка чапкан деп шектелүүдө. Фархат Борукеев сүрөттө өзү экенин мойнуна алган жана “мен урган эмесмин” деп айткан.
Мындан тышкары ушундай эле адам өлтүрүүгө аракет кылуу, барымтага алуу беренелери менен башка жарандар дагы изделүүдө. Укук коргоо органдары аталган жарандарды табууга коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
Атамбаевдин тарапташтары Борукеевдин кармалышын саясий куугунтук деп бурмалоого аракет кылып, интернеттеги социалдык байланыш тармактарында жазып жатышат. Борукеев мурда-кийин эч кандай саясатка аралашкан эмес, андыктан аны саясий куугунтук деп атоого негиз жок экенин айткандар арбын. Ал, бейбаштык кылып, колундагы таягы менен спецназды башка чапканы боюнча суралып жатат.

скачать dle 12.0
ТЕМИР от 11 августа 2019 17:05
Бул сайт жалан эле азыркы бийликти мактаган маалыматтарды гана чыгарат экен, макул мактай берсин дечи бирок бийликтин кылгандары 100% туура же тазабы? Бийликке бир аз кыйгач мамиле кылгандардын бардыгын жамандай бергени эмнеси? Эмнеси экенин баары билеттир, ошентсе дагы айткым келди. 6 жылдан кийин баарынар үнкүргө түшүп кетип ошо бойдон чыкпайбыз десенер ушунунардан жазбагыла.
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив