Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда

Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда

30 июл 2019, 17:20    bishkek

Буга чейин Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүүгө жана реализациялоого (II жана III экологиялык класстагы) киргизиле турган Техрегламентти чектөөнүн мөөнөтүн 2 жылга узартып берүүнү суранып кайрылган. Бул регламент бир канча күндөн кийин күчүнө кириши керек. Бирок, өкмөт Кыргызстанга кошумча мөөнөт керектигин белгилеп, ага атамекендик өндүрүүчүлөрдү жана трейдингдик компаниялардын медернизациялоого жана аларды күчтөндүрүүгө мүмкүн болбой калганын жүйө келтирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстан ЕАЭСке киргенде өткөөл мезгил берилип, Техрегламентти тиешелүү жолго салуу үчүн 4 жыл белгиленген. Бирок, атамекендик күйүүчү-майлоочу майларды өндүргөн ишканалар өндүрүштү модернизациялап, жогорку сапаттагы бензин менен күйүүчү майды чыгара турган абалга жете албады. Андыктан миңдеген жумушчуларды иш менен камсыз кыла турган майда ишканалар 12-августтан тарта каражатсыз калышы мүмкүн.
Ошол эле учурда айрым өзүн активист эсептегендер ар кандай ушактарды таратып, элди козутуп, аба булганып жатканын айтып ооз көптүрүүдө. Бирок, алар аба эмнеден ууланып, атмосфераны кайсы жактан чыккан уулу заттар уулап жатканын билсе да байткысы келбей турат.
Маселен, Кыргызстандын бир жылдык орточо атмосферадагы диосиддин деңгээли бардык райондордо, айыл-кыштактарда жана шаарларда орточо көрсөткүчтө. ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттиги жылдын орточо концентрациясы санитардык-гигиеналык нормадан көтөрүлбөй келгенин айтып келет.
Ошол эле учурда абанын булганышы кышында жогору болору адистер тарабынан далилденүүдө. Буга көпчүлүк жарандардын үйдү жылытуу үчүн көмүрдү пайдаланганы себеп болууда. Жайында болсо унаалар канчалык активдешкени менен концентрация көтөрүлбөйт. Мунун өзү эле унаалардан чыккан түтүн абаны ашыкча булгабайт дегенди далилдеп турат. Ошол эле активисттер мындай фактыны эске алгысы да келбейт. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, кышында ЖЭБдеги толук бышпаган көмүрдү ашыра жагуу да абаны кескин булгайт. Мындай көрүнүштү да көпчүлүк айта бербейт.
Өлкөдөгү нефтетрейдик компаниялардын биринин өкүлү К2 жана К3 классындагы импорттолгон күйүүчү майдын түрү Кыргызстанда абаны ашыкча булгайт дегенди четке кагууда. Бирок, Евразия экономикалык комиссиясын Техникалык регламенти ушул типтеги бензинге тыюу салганы жатат. Ошол эле учурда регламентке жооп берген деп жаткан К-4 жана К-5 классындагы күйүүчү май да абаны булгайт. Бул түрдөгү күйүүчү майлар абаны булгоо жагынан өтө деле айырмаланбайт.
Кыргызстан үчүн учурда биз колдонуп жаткан К2 жана К3 классындагы күйүүчү майлар ыңгайлуу. Карапайым эл, дыйкандар да баасы арзан бензин алууга кызыктар. Жазгы жана күзгү талаачылык иштеринде болсо баасы төмөн күйүүчү майга өзгөчө талап жогорулайт. Анткени, дыйкандар да азыраак чыгым тартып, көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Анын үстүнө биздин ички рынокто айыл-чарба азыктары базарында абал бир кылка эмес. Баалар бат-баттан өзгөрүп турганы чындык. Өткөн жылы далай дыйкандар картошкасын арзыбаган акчага да сата албай, алган насыяларын төлөй албай калды.
Кыргызстандагы нефтретрейдерлер сапатуу, экологиялык жактан таза күйүүчү майларды өндүрүүгө өтүүгө даяр, бирок ага убакыт, аз эмес суммадагы каражат керек. Өлкө боюнча 15 миң адамды жумуш менен камсыздап турган бул тармакты модернизациялоо да оңой эмес. Ошондой болсо да мындай жумуш Кыргызстанда башталды. Маселен, Кытай инвестиция салып курган “Жунда” заводу менен түштүктөгү “Кыргыз Петролеум компани” да бул ишти колго алган.
Мындай жумуштарды толук аткарып бүтүү үчүн убакыт керектигин дагы белгилеп кетели. Техникалык регламенттеги дагы бир маселе экономикалык жактан маанилүү. Экологиялык жактан сапаты жогору күйүүчү майдын баасы кымбат. Учурда биз колдонуп жаткан майдын баасына караганда экокласстагы бензиндин наркы ар бир тоннасына 2300 сомдон жогору турат. Ошондо карапайым эл андай маркадагы бензиндин ар бир литрин 3-3,5 сомго кымбат сатып алууга аргасыз болот. Муну элибиз төлөй алабы, бул да чоң суроо.
Коңшулаш Казакстанга караганда азыр деле байкаларлык кымбат болуп турган мотор майларынын кымбатташы ошол мамлекеттен бензин жана дизелдик майлардын мыйзамсыз агымынын кескин көбөйүшүнө алып келет, бул мамлекеттин бюджетине милдеттүү түрдө түшө турган, ошондой эле расмий кирген күйүүчү майлардын ар бир тоннасынан айлана-чөйрөнү коргоо Фондуна түшүүчү төлөмдөрдүн өлчөмүнө терс таасирин тийгизет. Тартип жөнөкөй гана: кайсыл жерде үстөк киреше болсо, ал жерде мыйзамсыз бөлүшүүчүлөр, демек коррупция бар.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына кирбеген көз карандысыз нефтетрейдерлер республикабызга дизелдик майлардын жалпы көлөмүнүн болжол менен 40%ын алып келишет. Ал жакта да стабилдүү кирешеси жок калууга тобокелчилик кылган биздин жарандар иштешет.
Чыгашалуу компанияны эч ким камсыздабайт. Негизинен майда нефтетрейдерлер бизнесин өнүктүрүү үчүн кыска мөөнөттүү банктык кредиттерди пайдаланышат, ага үзгүлтүксүз аз эмес ставкадагы пайыздык үстөк кошуп төлөшөт. Эгерде счет боюнча төлөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, анда бизнес жабылат, адамдар айлыгы жок калат жана анын негизинде коомчулукта социалдык чыңалуу пайда болот, анын арты социалдык толкундоого чейин алып барышы мүмкүн. Жөнөкөй эмес коомдук-саясий кырдаалдын фонунда кимдир-бирөөгө мындай окуялардын бурулушунун кереги жок болсо керек.
Техрегламентти киргизүүнү азыраак мөөнөткө аркага жылдырып туруу нефтетрейдерлердин Россия жана башка мамлекеттердеги чарбалык субьектилер менен, күйүүчү майларды өндүрүүчүлөр менен мамилени жөнгө салууга, бар логистиканы иштеп чыгуу жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.
Баса, ошол эле К2 жана К3 класстагы күйүүчү майлар Россиянын өзүндө да кайра иштетүүчү жана казып алуучу ишканалардын өздүк муктаждыктарына кеңири пайдаланылат, дарыя кемечилигине жана темир жолго жетишээрлик чоң көлөмдө пайдаланылат. Россиянын техника паркы бизге салыштырмалуу алдаканча заманбап, ошентсе да ал жакта төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майлар өтө актвидүү колдонулат.
Кыргызстандын автоунааларынын жана айыл чарба техникаларынын паркы эски, орточо 10 жыл мурда чыгарылгандар жана андан да эскилер. Башкача айтканда, атамекендик техника паркы алар өндүрүлүп жаткан чакта иштеп турган Евро-2 жана Евро-3 стандарттарына туура келет.
Атамекендик рынокто иштөө укугу үчүн күрөшүп жаткан майда нефтетрейдерлер эскертет: мамлекеттин коопсуздугуна камкордук көрүү керек жана жумурткаларды бир корзинага эле чогулта бербеш керек. Техрегламенттин кириши менен алардын көпчүлүгү жумушсуз калышы мүмкүн болгон тобокелчиликтен сырткары Кыргызстандын рыногунда иштеп жаткан ири россиялык нефти компанияларынын өкүлчүлүктөрү монополист болуп алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын каалаган убагында көтөрүп жана сатууну токтотуп да коюушу мүмкүн. Атамекендик рынокто майда нефтетрейдерлерди жок кылуу ири монополисттердин колуна салып берүү болуп калат. Алардын анда бийликке басым жасаганга белгилүү бир куралы пайда болуп калат.
Азырынча майда нефтетрейдерлер аздыр-көптүр аларга атаандаштык жаратып, бааны каалагандай коюларына жол бербей турат. Өкмөттө маневр үчүн дагы деле убакыт бар. Баарын бир колго өткөрүп берүү менен биз айыл чарба иштери, коомдук транспорт жана башкалар үчүн арзан күйүүчү майдан ажырап калуу тобокелчилигин жасап алабыз. Тилекке каршы, эч ким бул тууралуу айтпай жатат. Же эч ким муну билбейт, же жөн гана мындай тобокелчиликти эсепке албай жатышат. Андай тобокелчилик бар. Экономикалык маанидеги бардык чечимдерди коомчулук өтө көңүл буруу менен кабыл алат. Өзгөчө эгерде карапайым калк үчүн таап аткан кирешеси жок кала тургандай жана эртеңки күнүнө ишеним жоголо тургандай тобокелчилик боло турган болсо.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив