
"Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү окусам: Атаңа бийликте турганда айтпайт белең"-деген сөздөр болууда.
Мен чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама айтчымын:
⠀
-“Сиздин шоопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, Сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!”- деп. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк.
⠀
Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар! Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана бардыгына бирдей калыстык айтылышы керек!"-дейт экс-президенттин уулу.
