Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…

Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…

05 июл 2019, 13:51    bishkek
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу учурунда үйбүлөсү менен жакын санаалаштары тарабынан мафиялык топтор түзүлүп, алар тарабынан ири коррупциялык схемалар иштегени эл арасында айтылып келген. Анын бир нечеси, атай айтсак, Бишкек ЖЭБи, Тарых музейи, Ат майдан ж.б. кыңыр иштердин бети ачылып, азыр соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Кызыгы, кечээ жакында экс-ажонун жубайы Раиса Атамбаеванын дагы мамлекеттик деңгээлдеги чоң жемкорлукка аралашкандыгы билинди. Анда кеп башынан болсун.Кытайдагы «Синхуа» корпорациясынын жетекчиси Чен Мао Чин менен орун басары Гао Жин Мей 2012-жылы Кыргызстанга инвестор катары келип, «Синхиуа» ЖЧКсын түзүшкөн. Ошол эле жылы Рустам Воинов аттуу Кыргызстандын жаранынан БЛС фирмасын үч жер тилкеси менен 5 жарым миллион долларга сатып алышкан. Дароо ишке киришип, 4 жылга жакын убакытта үйлөрдү куруп, бүтөрүнө аз калганда, Сверлов райондук соту тарабынан БЛС ЖЧКсы мурунку кожоюнуна өткөнү билинген. Иштин чоо-жайына түшүнбөгөн инвесторлор 2016-жылы каржы полициясына кайрылат. Алар кылмыш ишин ачып, эки күндөн кийин жабышкан. Мына ушул жерде өтө таасирдүү адамдар турганы билинген.
«Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат» деген макалдын дал өзүндөй болуп, финполициясы тескерисинче документтерди жасаган деген кине менен Кытай жараны Гао Жин Мей менен компаниянын котормочусу, Кыргызстандык Абдисаит Каримбековго кылмыш ишин козгогон. Кытайлык инвесторлор тийштүү тараптарга кайрылып, президентке кат жазып, гезиттерге материал чыгарып, колдон келген аракетин көрүшкөн, бийлик тарабынан жооп болбогон соң кылмыш иштен чочулап Кыргызстандан чыгып кетишкен. Кыргызстандагы котормочу колго түшүрүлүп, каржы полициясы тарабынан камалган.

Эгер президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан экс-президенттин түн уйкусун бузган бул иш чукулбаганда, бармак басты көз кысты деген боюнча унутулуп кала бермек. Көрсө, Кытайлык инвесторлордун байлыгына көзүн кызарткан Рустам Воинов, Рустам Маманов, Хусайин Зазазиев жана Илияз Сатаров деген жарандар мүлккө мыйзамсыз ээлик кылуу максатында Р.Атамбаевага таянуу менен сотторго арыз жазып, БЛСтин уставдык капиталын Р.Воиновго кайтарган. Ошол күндөн баштап Маманов менен Воинов батирлерди базар баасын арзан шашылыш сата баштаган. Экөөсүнүн жакындарына 30га чукул батир катталган.
Кытайлык инвесторлор өз өлкөсүнө кеткенге чейин Бай Си аттуу жаранга жолугат. Бай Си Кытайдан келген, кыргыз жарандыгын алган жеке ишкер болгон. Ал кыргыз паспортун экс-президент Атамбаевдин атайын буйругу менен жеңилдетилген шартта алган. Бай Си жубайы Фатима Хихиза биринчи канайым Раиса Атамбаева менен жакын курбу экенин билдирип, көп өтпөй анысын далилдеп, канайым менен жолуктурган. Жолугушуу маалындагы сүрөткө да түшүшкөн. Ошондон кийин БЛС маселесин чечип берүү үчүн банк аркылуу инвесторлор Бай Сиге 500 миң доллар которгон, накталай 450 миң доллар карматкан. «Даймонддон» 2 батир берген.

Таң калыштуусу, ошол турак жай комплексиндеги батирдин бири экс-канайым Раиса Атамбаеванын келини Луиза Шагиевага таандык болуп чыкты. Луиза Шагиева Раиса Атамбаеванын эгизи Рамил Шагиевдин жубайы экен. Андан да кызыгы, Шагиева аталган батирди Бай Синин аялы Фатима Хихиза аркылуу алганын мойнуна алган. Иш жүзүндө ал батир Раиса Атамбаевага таандыкпы? Мындан сырткары, Раиса Атамбаева 2013-жылы келини Луиза Шагиеванын атына банктардын биринен эсеп ачтырган, 2018-жылы келини тергөөгө чакырылып баштаганда бул эсептен Раиса Атамбаева бир нече миллион доллар чыгарып кеткени маалыматта айтылат. Бул кайдан келген каражат?
Кызыгы, оңбогондой чоң каражат алышканы менен ишти инвесторлордун пайдасына чечип беришкен эмес. Анткени, мүлктү мыйзамсыз тартып алган тарапта дагы экс-канайымдын «көлөкөсү» турган. Айтсак, Бектурсун Айталиев деген иш алып барган. Ал Раиса Атамбаеванын кудасы. Б.Айталиевдин бир тууган кайнежесинин баласы Раиса Атамбаеванын эгизи Рамил Шагиевдин кызына үйлөнгөн. Ошол Б.Айталиев деген эргул Акүйдөгү соттордун куратору болгон Манас Арабаевди Рустам Мамановдун кылмыштуу тобу менен табыштыргандан кийин бардык маселе адвокат Куценконун дрижерлугу менен чечилген.

Барына белгилүү болгондой судьялар ошол кездеги президенттик аппараттын кызматкери М.Арабаевдин айтканынан чыгышкан эмес. Албетте, «куру аякка бата жүрбөйт» дегендей, маселе жөн чечилген эмес. Жүзмиңдеген долларлар берилгени күбөлөр тастыктаган. Маселен, күбөнүн бири: «Бишкек шаардык чечим үчүн Рустам Маманов Алмаз Мааткасымовго 150 миң доллар, Жогорку Соттун чечими үчүн 200 миң доллар берген, Бектурсун Айталиев Бишкек шаардык сотунун чечими үчүн 200 миң доллар, Жогорку Соттун чечими үчүн 300 миң доллар жана Манас Арабаевге деп 200 миң доллар алган. Ошондой эле Айталиев Хусайин Зазазиевден кошумча 120 миң доллар алган» деген көрсөтмө берген.

Ошентип, Маманов, Воинов, Зазазиев, Сатаров баштаган мыйзамсыз ишти ишке ашырууда судьялар чоң роль ойногон. Кытай компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп бир күндө чечишкен. Биринчи өкүмдү Жаркеева чыгарган. Анын чечимин жогоруда аталган суммалар менен бардык соттук инстанциялар күчүндө калтырган. Эске сала кетсек, экс-канайымдын аты аралашкан кылмыштуу топ кытай инвесторлорунан үч обьектиси тартып алынган. БЛС «Даймонд» курулуш обьектиси, Баткен майнинг компани кен казуу жайы жана Фрунзе көчөсүндөгү Синхуа рестораны. Анын азыркы аталышы «Тюбетейка», учурда Р.Мамановдун кайнежеси Айгүл Керимакунова ээлик кылат.
Жалпы 40 миллион доллар чыгым болгон кытай инвесторлору бармагын тиштеп отурганда бийлик алмашып, өлкөнүн башына Сооронбай Жээнбеков келет. Кат жазары менен адилеттүүлүктүн оту тутанып, кытай инвесторлоруна козголгон кылмыш иши жокко чыгарылган, жалган жалаа менен бир жылга чукул камакта жаткан котормочу А.Керимбеков акталат. Ага катар Рустам Маманов менен Рустам Воинов кармалган. Ал эми Зазазиев менен Сатаров качып үлгүрүшкөн, учурда издөөдө. 2018-жылдын августунда Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Элвира Жаркеева судьялык кызматынан бошотулуп, паракорчулук боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген.

Баш аягы 950 миң доллар жана 2 батир алган Бай Си оор дарт менен ооруган киши катары бейтапканага кирип кеткен жеринен кармалып, жубайы Фатима Хихиза менен бирге темир торго киргизилди. Ушул ишке катышы бар шаардык жана жогорку соттун 7 судьясына кылмыш иш козголуп, азыр тергөө жүрүүдө. Сотторго кураторлук кылып турган айтылуу Манас Арабаев да 2-июнда кармалып, абакка киргизилди. Камалгандан кийин мурунку «кожоюну» жардам бералбасын түшүнүп, четинен тергөө менен кызматташууга өтүүдө. Алгач Р.Воинов жарылып, Маманов, Зазиевдердин айтканына кирип сотторго жасалма арызданганын мойнуна алды.
Ал эми Манас Арабаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, жасаган кылыктарын ачык айтып чыкты. Ал 2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда Раиса Атамбаева бир нече жолу көшөргөн түрдө жолугуушуну суранып, талап кылганын, ал жолугуушулар болгонун, жолугушууда соттук иштерди көмөктөшүүгө өтүнүшкөн, мындан сырткары, Раиса Атамбаева мыйзамсыз чечим чыгарган судьяларды калкалаганын, смстерди жазганын, аны телефондук жазуулардан тактаса болорун, соттук иштер түздөн түз чечүүгө катышканын, экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева судья Жаркеевага тийишпөөнү өтүнгөнүн, ага жабышпоону талап кылганын билдирген.

Ошондой эле Манас Арабаев Раиса Атамбаеванын кудасы Бектурсун Айталиев БЛСтен башка дагы инвесторлордун мүлкүнө байланыштуу иштерге аралашканын, анда Р.Маманов, И.Илмиянов жана УКМКнын А.Мааткасымов аттуу кызматкерлери бар экенин, алар тарабынан ачык коркутуу, үркүтүүлөр болгонун билдирген. Кыскасы, Атамбаевдин учурунда жакын адамдарынан түзүлгөн мафиялык топ мамлекеттик органдарды өздөрүнө баш ийдирип, далай мыйзамсыз иштерди бүтүргөндүгүн чекеси сыйрылды. Бул факты Атамбаев үйбүлөсү, жакын сааналаштары менен биригип, мамлекеттик бийликти узурпация кылгандыгын далили. Териштирилиши керек…

Зулпукаар Сапанов
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив