Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»

Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»

05 июл 2019, 13:04    bishkek
«Азаттык» радиосу 1-июлдагы таңкы чыгарылышта экс-премьер-министр Амангелди Муралиев менен маек сунуштады. Анда журналисттин бир топ суроолоруна жооп берди. Ал сөз арасында мындай ойлорун да камтып өттү:

Муралиев: --Алмазбек Шаршенович өзүнүн чыныгы жүзүн ачты. Элди ойлош керек да. Мамлекетти ойлош керек. Алты жыл башкарды. Биринчиден, эки жүздүүлүгүн көрсөттү. Экинчиден, өзүнүн майдачылыгын көрсөттү. Азыр бул киши өзүн абдан төмөн түшүрдү. Атамбаев – бул элибиздин катасы. Бул кырдаалдан биз келечекке карай бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Куру убадага алданбай, акчага сатылбай таза, билимдүү лидерлерди колдошубуз керек. Андай лидерлер бизде бар. Азыр Атамбаев элди көтөрөм десе, кылмышкерлердин катарына кошулат.
Атамбаевди колдогон эл жокко эсе. Аны эч ким ээрчибейт. Атамбаев аброюн жоготту, эл анын ким экенин билип калды. Ашып кетсе, 300-400 адам ээрчийт аны. Атамбаевдин акчасы бар, ал өзү ошого ишенет.
Азыркы окуялар бийлик үчүн өзүнчө бир экзамен болуп атат. Көп нерсе бийликтин ушул кырдаалдан кандай чыкканына жараша болот. Ушул сыноодон бийлик ийгиликтүү өтпөсө, анда элибиз кыйын абалга түшөт.
Биздин азыркы президентибиз тарбия көргөн, элди ойлогон адам. Анын сүйлөгөн сөздөрү баары туура. Бирок Атамбаев менен чогуу иштегендер азыр кызматтан боштулган, абакта олтурушкан 5-6 эле киши эмес да. Эки жүздүү адамдар дагы эле бийлик бутактарында иштеп атышат. Андайлар орто «звенодо» дагы эле бар. Ошондуктан орто «звенону» тазалаш керек. Жаштарды алып келиш керек. Мен 20 жаштагы жаштарды эмес, 30-35 жаштагыларды айтып атам. Билимдүү жаш кадрлар бар. Ошолорду коркпой алып келиш керек мамлекеттик кызматтарга. Анан «одиозный» фигуралар бар.

Кабарчы: - Сиз ошондо Раим Матраимовду айтып жатасызбы?

Муралиев: - Ал эми элге кеңири таанылып калганы. Андан башка да адамдар бар. Ошолорго принципиалдуу мамиле жасаш керек. Ошондо эл толук колдойт Сооронбай Шариповичти. Бийлик азыр элдин колдоосуна таянып, чечкиндүү иштеши керек.

Булак: Де-Фактоскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив