Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”

Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”

21 июн 2019, 13:26    bishkek

-Расул мырза, өткөн жумада депутаттар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууга мүмкүндүк берчү далилдерди иликтөө үчүн атайын комиссия түзүшкөн. Шашылыш түрдө комиссия түзүшүп алышкан жокпу?
– Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн сөздөрү менен кырдаалды күчөтүп жатканын ачык айтышыбыз керек. Парламентти “чимкирик” деп атоо туура эмес. Айрыкча экс-президент антип айтпашы керек. Канткен менен парламент мамлекеттин эң бийик бийлик бутагы болуп саналат. Мурунку президент өзү “Биз парламенттик мамлекетти курабыз” деп айтып келген. Мамлекеттик системанын бир бутагын “чимкирик”, “какырык” деп айтканы этикага туура келбейт. Акыркы 20 жыл аралыгында мурунку президент Өкмөттүн курамында, мамлекет башында жүрдү. Бакиев убагында алгач министр, андан кийин премьер-министр болуп иштеди. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, кийин премьер-министр болсо, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президент болду. Акыркы маалымат жыйынында “Мен президенттиктен кеткенден кийин пианино ойногонду үйрөнөм” деп айтты эле. Бирок, Атамбаев жоош адамды президент кылып коюп, президенттик аппаратты, премьер-министрди Арашанда жатып алып, кулакка чаап башкарам деген ою болгон. Ал кыялы ишке ашпай калды. Азыркы президент мурунку учурда коррупциянын деңгээлин билбеген болушу мүмкүн. Кайсыл гана саясатчы президент болуп шайланган соң өзүнүн жасаган иштерин ойлойт, өзүнүн досу кылганды ойлобойт. Ошонун негизинде келишпестик жаралган. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин айтканын укпай койгону үчүн Атамбаев ага каршы чыкты. Депутаттык комиссия түзүлүүсүнө Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзү да түрткү болду. Өлкөдөгү саясий кырдаал дагы ушуну талап кылып жаткан.

– Атамбаевден өч алууну каалагандардан депутаттык комиссия түзүлдү деген пикир жаралды. Комиссиянын курамы боюнча кандай пикирдесиз?
– Андай пикирге кошулбайм. Себеби, ар бир фракция өз өкүлүн комиссияга киргизди. Маселен, Строкова деген депутат комиссияда жүрөт. Атамбаев ушундай депутаттарды нааразы кылбаган деп ойлойм. Депутаттык комиссиянын жыйынына Атамбаев учурунда саясий куугунтук көргөн саясатчылар катышып, өз чындыгын айтышты. Б. Талгарбеков, М. Султанов, Т. Колубаев, Т. Калматовдор “Элдик парламент” түзгөнү үчүн камалышпады беле. Ошолордун арасында мен дагы болуп калышым мүмкүн эле. “Элдик парламенттин” саясий кеңешинин мүчөсү болчумун. Буларга ачык саясий куугунтук болгон. Атамбавге каршы чыгып, анын иштерине саясий баа бергендердин баарын камаган. Текебаевди камоодо саясий куугунтук болгонун эч ким талаша албайт. Соттогондо дагы эч кандай далил болгон эмес. Каршы болгон саясатчыларды кандай жолдор менен камаганы тууралуу жакшы билем. Талгарбековдорду камаганда, “Элдик парламенттин” саясий кеңешинин отурумуна УКМКнын кызматкерлери соттолгон 1-2 кишини атайлап киргизип, аларга “Силер ушул адамдарга каршы көрсөтмө берсеңер силерди бошотобуз, ишиңерди жабабыз” деген буйрук беришип, арыз жаздырышкан. Жазган арызы окшошпой калбадыбы. Депуттар Атамбаевден өч алуу максатында комиссия түзүштү деген туура эмес. Эл Атамбаев тууралуу кандай жаман пикирлерин айтып жатат. Мурунку президент Алмаз Атамбаев абалдын ушундай болушуна өзүн гана күнөөлөш керек. Президенттиктен кеткен соң пианино ойноп олтура берсе абал мындай болбойт болчу. Азыр абал курчуп кетти, токтотууга мүмкүн болбой калды. Алмаз Атамбаев жакын аралыкта камалат.
– Депутаттар 9 айып коюшту эле, аны кыскартып 6 айыпка түшүрүштү. Мурунку президентти камоого 6 айып жетиштүү болуп бере алабы?
– Атамбаевди камаганга бир эле айып жетиштүү. Бийликти узурпация кылганын далилдей алса. Депутаттык комиссияга таң калганым, 9 айыпты тандап коюшту. Толгон-токой айып койсо болот. “Датка”, “Кемин” көмөк чордону турат. Андан дагы 150-160 млн долларды жей коюшкан. Көчмөндөр оюндарынан 30-40 млн доллар тоноп кетишкен. Ысык-Көлдөгү ипподром, Тарых музейи, Камбар-Ата-2 ГЭСтин курулуш иши, Батукаевди мыйзамсыз чыгаруу, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Бишкек-Кара-Балта жолу, Балыкчы-Корумду жолу сыяктуу кредит алынган долбоорлордо акчанын жарымын тоноп кетишкен.
– Батукаевди мыйзамсыз чыгаруу иши боюнча мурунку вице-премьер-министр Шамиль Атаханов Атамбаевге каршы түз көрсөтмө бергени расмий айтылбадыбы. Атахановдун көрсөтмөсү менен Башкы прокуратура Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу сунушу менен парламентке кайрыла алабы?
– Бир эле Шамиль Атаханов эмес, ушул ишке аралашкандын баары тергөө менен кызматташып жатат. Атамбаевге Зарылбек Рысалиев, Динара Сагинбаева, чечим чыгарган сот Жапар Эрматов, Шамиль Атахановдор көрсөтмө берүүдө. Бул иш Атахановдун колунан келбейт болчу. Ал күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн. Аны Динара Сагинбаева, сот, прокурор укпайт болчу. Түрмөдө олтурган адам өзүнүн үй-бүлөсүн сактаганга аракет кылат. Камалып жүргөн адам катары муну билем. Ал жерде президент, премьер-министр дегенди ойлобойт. Атахановго, Саляновага Атамбаевдин кереги жок. Өз жанын, үй-бүлөсүн сакташ үчүн тергөө менен кызматташканга барышат. Барбаганга аргасы жок.

– Сиздин версияңыз Атамбаев Батукаевди Түркияда барымтага алынган баласына алмаштырган деген болууда. Атамбаевдин баласы барымтага алынганы боюнча маалыматты кимдер чыгарган?
– Бул маалымат 2013-жылы Түркияда, Россияда чыккан. Ошол маалыматты алып калганга үлгүрүп калгам. Мен муну версия деп айтып жатам. Атамбаев өзү Батукаевден акча алган эмесмин деди. Азиздин чыгарылышында акча чоң роль ойногон деген версия басымдуу болгон. Мындан сырткары, Россиянын президенти жана Чеченстандын жетекчиси Атамбаевге атайын кайрылып, чыгарып жиберүүнү суранышкан деген версия айтылган. Бул чындыкка дал келбейт. Россиянын өзүндө мыйзамдагы уурулар толтура, аларды өлкөдөн чыгара албай күрөш жүргүзүп жатса, Батукаевдин эмне кереги бар? Батукаев кайсыл жерге барса чыр, тополоң болот. Криминалдык топтор бири-бирине согуш жарыялайт. 2013-жылы январда криминалдык топтордун келишпестигинен “Дед Хасан” деп таанылган Аслан Усоян өлтүрүлөт. “Дед Хасан” Россиядагы күчтүү делген криминалдык топтордун биринин жетекчиси болгон. Чечен криминалдык топтордун жетекчилери “сходка” өткөрүп, “Дед Хасандын” ордуна өзүбүздүн адамыбызды коюшубуз керек дешип, Азиз Батукаевди кандай жол болсо да чыгарып кетебиз деген максат коюшкан. Атамбаевдин орун басары Асель Кодуранова “Атамбаев Россиянын президенти В. Путинге Батукаевди кайтарып бергенге жардам бериңиз, бизди алдап чыгып кетиптир деп 5-6 жолу жашыруун кат менен кайрылган” деп айтып жатпайбы. Батукаев бизден апрелде чыгып кетсе, бир айдан кийин Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жараны болгон. 2 ай өтпөй эле курал-жарак менен кармалып, 4 жылга камалат. Түрмөдөн чыккандан кийин машина менен бир аялды сүзүп кетет. Бул иштер атайын жасалган десе да болот. Россиянын жарандыгын алгандан кийин аны бизге өткөрүп бермек беле? Муну Атамбаев деле билген. Бир нерсе болсо кат жазып кайрылгам деп айтып чыгам деген болуш керек.

– Атамбаевдин Түркиядагы баласын чечен криминалдары барымтага алган болуп жатабы?
– Батукаев катардагы кылмышкер эмес, кылмыштуу топтун жетекчиси, мыйзамдагы ууру болуп жатпайбы. 2013-жылдын башында чечен криминалдык топтор Атамбаевдин Түркиядагы баласын барымтага алат. Атамбаевдин Түркияда чоң бизнеси болгонун баары эле жакшы билишет. Ошол бизнесин башкарып жүргөн баласын камап коюшуп, “Балаң бизде, сага бала тирүү керекпи? Бизге Батукаевди тирүү чыгарып бересиң!” деген шарт койгон болуш керек. Кылмышкер түрмөдөн чыккандан кийин аны эч ким кайтарууга албайт да. Батукаевди аэропортко чейин эч кимди жолотпой кайтарып барып жатышпайбы. Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак. Батукаевден өч алууну каалаган бизде дагы криминалдык топтор бар. Аларды тийгизбей аэропорттон узатышкан. Самолёт аэропортто 3 күн турган. Ушул версия чындыкка жакын болууда. Мамлекет башчысы команда бербегенде, сөзсүз бир жерден жаңылышмак. Бул жерде мамлекеттик органдардын баары сааттай иштешкен. Мамлекеттик каттоо кызматы түрмөдө олтурган Батукаевге паспорт берип жатат. Түрмөдө олтуруп чыккан башка адамдарга справка берип, жок дегенде жарым жылдын ичинде паспорт беришет. Сот бүгүндөн баштап күчүнө кирет деген чечим чыгарган. Ушундай кантип болсун? Соттун чечимине 10 күндүн ичинде апелляция берилиши керек. Мамлекеттик айыптоочу тараптан апелляция берилбесе, 10 күндөн кийин кетиши керек эле. Башкы прокурордун ролу ушул жерде ойногон.
– Абакта жаткан депутат Осмонбек Артыкбаев дагы Бишкек ЖЭБге Казакстандан ташылган көмүрдөгү коррупциянын башында Атамбаев турганы тууралуу көрсөтмө бергени айтылды. Сиз ушул иш боюнча эксперт катары көп маалыматты чыгарып жүрөсүз. Бишкек ЖЭБге ташылган көмүр бизнесиндеги коррупцияга президент өзү аралашкыдай ири сумма айланабы?
– Бул аябай чоң коррупциялык иш. 20 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келатам.
Акыркы 6 жылда “”Прогресс компани” ЖЧК жана “Рассвет компани” ЖЧКсы Бишкек ЖЭБге Казакстандан көмүр ташып алып келүүдө мамлекетибизге 100 млн доллардан ашык зыян келтирген.
2014- жылы өзүм тендердик комиссиянын мүчөсү болгом. Ошондуктан, бул иш кандай болгонун ичинен билем. Бишкек ЖЭБге 600 миң тонна марка-Д деген көмүр ташып келүү боюнча тендер жарыяланат. Түндүк тарапта мындай маркадагы көмүр өндүрүлбөйт, түштүктөн ташып келүү аябай кымбатка түшөт. Ошондуктан Казакстандан алууга туура келет. 2 жыл мурун “Прогресс компани” ЖЧКсы көмүр алып келип аткан. Бул ЖЧКнын ээси жана уюштуруучусу Болот Абиров. Бул адам казак олигархтары Александр Машкеевич, Патох Шодиев, Алижан Ибрагимовдор менен түздөн-түз иш кылган. Алижан Ибрагимов менен Александр Машкеевич кыргыз жарандары болсо, Патох Шодиев өзбек жараны. Булар өткөн кылымдын 90-жылдары Казакстанда иш кылышып, аябай байып кетишкен. Бишкек ЖЭБге Шабыркүл көмүрү ташылып келинет. Шабыркүлдүн ээлери ушул 3 олигарх. Ушул үчөө Көчмөндөр оюндарында биздин мурунку президентибиз менен чогуу болушкан, мамлекеттик чоң иш-чаралар болгондо дагы келип жүрүшкөн. Атамбаевдин 60 .жылдыгында үчөө тең ардактуу конок болуп кетишкен. Болот Абиров ээлик кылган “Прогресс компани” ЖЧКсы тендерден утулуп калат. Казакстандын “Жезказган энергосбыт” деген компаниясы 3 долларга арзан бааны сунуштап, тендерди утуп алышат. Атамбаев тополоң салып, министр Осмонбек Артыкбаев менен башкы прокурор Аида Салянованы чакырып, аларга тендерди жокко чыгарып, “Прогресс компани” ЖЧКсын жеңүүчү деп таап, аны менен келишим түзөсүңөр деген буйрук берет. Азыркы маалымат боюнча Осмонбек Артыкбаев, Аида Салянова 2014-жылы Атамбаев “Прогресс компани” ЖЧКсын колдоп буйрук бергени боюнча көрсөтмө берип жатат.
– Аида Салянова менен Алмазбек Атамбаевдин чыры дагы ушул тендерден башталып жатабы?
– Алгач тендерди утуп алган “Жезказган энергосбыт” компаниясы түздөн-түз Аида Салянова менен кызматташып, бул жерде Салянованын тийешеси бар деген көрсөтмө болгон. “Жезказган энергосбытты” колдойсуңар деп “Электр станциялары” ААКнын жетекчилерин, Бишкек ЖЭБдин жетекчилерин, казак компаниянын өкүлдөрүн дагы камайт. Аида Салянованын күйөөсүнө дагы шарттуу түрдө соттогон чечим чыгат. Ушундай жол менен баарын талкалап,“Прогресс компани” ЖЧКсына жол ачып, 2013, 2014, 2015- жылдары көмүр алып келип, 2016-жылдан баштап “Прогресс компани” ЖЧКсын жабышып, “Рассвет компани’’ деген жаңы ЖЧК ачышат. 2016, 2017, 2018-жылы Бишкек ЖЭБге ушул ЖЧК көмүр ташыйт. Мунун да ээси баягы эле Болот Абиров. Атамбаев резиденциядагы үйдү “Досторум куруп берди” деп мактанбады беле. Аны “Рассвет компани” ЖЧКсынын жетекчилери куруп беришкен. 6 жылда 100 млн доллардан ашык пайда көрүп жатышпайбы. “Электр станциялары” ААК Шабыркүлдөн түз көмүрдү алганда 36 доллардан айланмак. Атайын ортомчу компанияны киргизишип, алар 56 доллардан алып келишкен. Ортодогу айырма 20 доллар. Бул акча кайда кетти? Мен 3 жолу комиссиянын мүчөсү болуп, документтердин баары менен таанышкам. “Прогресс компани” ЖЧКсынын чөнтөгүндө болгону 700 миң сом эле болгон. Булар 1,5-2 млрд сомдук ишти кантип кылышты? Түздөн-түз коррупциялык схемалар иштеген. Атамбаев Салянованы “Бизге тоскоолдук кылып жатат” деген себеп менен башкы прокурорлуктан кетирген.
– Салянованын күйөөсү көмүр тендерине аралашканы чынбы?
– Аралашканын сот аныктап, өкүм чыгарып жатпайбы. Мен 2013,2014,2015-жылы Салянова менен тыгыз иштегем. Эксперттик топтун мүчөсү болгондугумдан, экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. “Жезказган энергосбыттын” өкүлдөрү мага “Сиздин Салянова менен мамилеңиз жакшы экен. Бизди ошол адам менен тааныштырып коюңуз” деп суранышкан. Андай ишке барбайм деп баш тарткам. Алар Салянованын күйөөсүнө чыгышыптыр. Мыйзамсыз көмүр алып келүүнү ишке ашырышкан. Муну Атамбаев билип калып Артыкбаев менен Салянованы жумуштан айдап, калгандарын камап, “Жезказган энергосбыттын” өкүлдөрү качып кетишет. Болот Абировдун компаниясына даңгыр жол ачылат.
– “Датка”, “Кемин” боюнча дагы ишти караш керек, бул долбоордон дагы 150 млн долларды тоноп кетишкен деп жатасыз. Буга кандай далилдер бар?
– Бул биринчи курулуш эмес да. Дүйнө жүзүндө 10 миңдеген ушундай курулуштар болуп жатат. Долбоордун орто баасы деген бар. “Датка”, “Кемин” коррупциялык иштердин эң биринчи булагы болгон. “Датка”, “Кемин” көмөк чордону, аларды байланыштырган 420 км ЛЭП-500 курулган.
“Датка” көмөк чордонунун баасы 204 млн доллар, “Кемин” жана ЛЭП-500 396 млн долларга бааланган. Жалпы 600 млн доллар. ЛЭП-500 курулганда бир чакырымы 1 млн доллардан айланат. Орто баа менен эсептегенде ашып кетсе 500-600 миң доллар болмок. Бул долбоордун баасы дагы 40 пайызга көтөрүлгөн. Долбоордун сметасы, ТЭО, долбоордун өзү болгон эмес, жөн эле куруп салышкан. “Датка”, “Кеминден” 150-160 млн долларды жеп коюшканда деле эч ким унчукпаган соң Бишкек ЖЭБди модернизация кылабыз дешти да. Мында дагы баягы эле кытайлык ТВЕА компаниясы, кытайлык Эксимбанк катышты. Бул долбоордон 111 млн доллар жеп коюшканы аныкталып жатат.
– Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча Атамбаевди неге күнөөлөп жатасыз? Бул курулуш Бакиев учурунда болбоду беле?
– Мен 2008-2009-жылдардагы ишти айткан жокмун. 2010-жылы 7-апрелден кийинки Убактылуу Өкмөттүн чечими боюнча сөз кылып жатам. 2010-жыл 10-майда Убактылуу Өкмөттүн токтомунун негизинде Камбар-Ата-2 ГЭСтин биринчи агрегатынын курулушуна 1 млрд 230 млн сом мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт.
– Кимдин колу менен бөлүнөт?
– Роза Отунбаева токтомго кол койгон. Каржы министрлигине “Электр станциялары” ААКга ошол акчаны бөлүп берүү тапшырма берилген. Акча каражат бөлүнгөн. Тилекке каршы, ал акча дагы уурдалып-тонолуп кеткен. “Электр станциялары” ААК менен “Нарын гидрострой” келишим түзүп, акча “Нарын гидростройго” берилет. Бул иш боюнча сот болуп, күнөөлүү жетекчилер камалган эмес. Сот адам укугун коргоо декларациясына 20 жыл деп аларга амнистия берип жиберген. Болгону “Электр станциялары” ААКнын юридикалык бөлүм башчысынын орун басары Асел Топчубаевага 1 жыл шарттуу түрдө соттолуп, 5 миң сом айып салынган. 2010-жылы бул ишти аткаруучу Осмонбек Артыкбаев болуп, Атамбаевдин тапшырмасы менен иш кылган. Бул каражат КСДПнын шайлоодогу кассасына кеткен. Бул теманы 2011-жылы эле ачык айтып чыккам. Туура эмес болсо мени камап жибермек да.

Маектешкен: Н.Асанбаев
Булак: «Жаңы Ордо»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив