Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”

21 июн 2019, 13:23    bishkek
– Алмамбет мырза, экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу убактысы жакындап келатат. Иш процедура боюнча жүрүп жатабы?
– Атамбаевге алгач 9 пункт боюнча күнөө коюшкан. Комиссия аны карап, анын ичинен үчөө ал кишинин премьер-министр болуп турган убагындагы кылган жоруктары экен, ошондукган аларды алып салды да, алтоону калтырды. Алты кылмышынын ичинде «узурпация», «журналисттерди, ММКларды куугунтуктоо, миллиондоп доого жыгуу», «саясатчыларды куугунтуктоо» деген жагдайлар бар. Булар көңүл буруучу биринчи маселелер деп ойлойм. «Экс-президентти өтө оор кылмышы үчүн гана жоопко тартууга болот» деп турбайбы. Бул маселе анын кол тийбестигин алып коюу менен чечилет. Иш процедураны сактоо менен жүрүп жатат. Атамбаевдин кол тийбестигин алып койгондон кийин башкы прокуратура анын баардык кылмыштары боюнча иш козгой алат. Премьер-министр болуп тургандагы иштери боюнча да, ал тургай өзгөчө оор эмес кылмыштары үчүн да иш козгой ала турган болот.
– Эл билбеген дагы кандай кылмыштары кошулуп калышы мүмкүн?
– Кол тийбестик алынгандан кийин күч органдарынан тергөө тобу түзүлөт. Алар ийне-жибине чейин иликтейт. Кандай кылмыштары болсо, баары чыгат.
– «Ата Мекен» партиясы да Атамбаевдин кылмыштарын иликтегенсиздер. Ал документтер бүгүнкү депутаттык комиссиянын ишинде колдонулабы?
– Биздин партия Атамбаевге койгон негизги айып – бул узурпация болгон. Атамбаевдин эң чоң кылмышы да ушул. Бийликти кыянаттык менен пайдаланып, узурпациялап, ал аркылуу сотторго кийлигишкен, коррупция жасаган, оюна эмне келсе, ошонун баарын кылган. Узурпацияны аныктаган 2016-жылдагы документтерибизди комиссияга бердик.
– Төрага экс-президент Атамбаев 5 миңдей адам чогултуп жатканын айтты. «Абал курчуп жатат» дегенге негиз барбы?
– Мен ойлойм, эгер баары процедуралык жол менен өтсө, ага эч кандай негиз болбойт. Анткени, эл баарын түшүнүп турат. Бул – элдин талабы. Бул мындан ары сабак болуп, келген президенттер эч качан мыйзамды бузбай иштесин, качып кетпесин, өз элинде калсын, жүзү жарык болсун (!) дегенге алып бараткан жол. Эгер биз ошондой күчтүү, таза, мыйзамды сыйлаган коомду куралы десек, анда тарыхый окуяларда өзүбүздүн бааны, парламент, эл өз баасын туура бериш керек. Азыркы кетип жаткан процедуралардын баары туура болууда. Ошол процедуралар менен биз чечимдерди кабыл алабыз. Ал эми иш козгоо же козгобоо маселеси прокуратуранын иши. Парламент тергөөчү боло албайт. Биз саясый баа берип, кол тийбестигин гана алып, прокуратурага жиберебиз. Алар иликтеп, «кылмыш бар», же «жок» дейт. Андыктан, мындан аркы кадамдар прокуратураныкы. Бирок, демилгечи топ алып чыккан тогуз айыптын «алтоосунда шектенүүгө негиз бар» деди.
– А негизи Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу, андан кийин аны жоопко тартуу, же камоо менен саясый абал өзгөрүшү мүмкүнбү?
– Мен ага кошулбайм. Өлкөдө саясый абал эч өзгөрбөйт.

Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив