Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду

Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду

21 июн 2019, 13:20    bishkek
«Ɵлɵр эчки койчунун таягына сүйкɵнɵт» дегендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл башынан бери Жогорку Кеңешти бир нече ирет «чимкирик» деп шылдыңдаганы маалым. Намысы ойгонгон парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 13-июнда комиссия түзүп, анын курамына Ɵмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

​Депутаттык комиссия бир жуманын ичинде ишин жыйынтыктап, экс-президентке койгон айыбын аныкташы керек эле. Алар аптанын башында маселени эки күн талкуулап, ага Атамбаевдин бийлигинин тушунда соттолуп чыккан саясатчыларга чейин катышып, ой-пикирин билдирди. Эң орчундуу нерсени күч түзүмдɵрү айтты. Маселен, Ички иштер министрлигинин Иликтɵɵ кызматынын башкармалыгынын орун басары Мырзалы Жумаев Батукаевдин ишинде Атамбаевдин катышы бар экенин билдирди: «Тергɵɵ учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар. Тапшырма берилген» деп кɵрсɵтүп жатат» деди.
​Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Иликтɵɵ башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы бардыгы боюнча маселени ачыкка чыгарды. Сагынбек Самидин уулу: «Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергɵɵнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жɵнɵтүлгɵн. Жазык кодексинин 319-беренеси «Коррупцияга» экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бɵлүнүп, Башкы прокуратурага жɵнɵтүлгɵн» деди.
​Мындан сырткары, УКМКнын тергɵɵ башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Саймидин уулу Улуттук тарых музейин оңдоп-түзɵɵ боюнча коррупцияга айыпталып жаткан шектүүлɵрдүн арасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы дагы бар экенин ачыкка чыгарды. Сагынбек Саймидин уулу: «Массалык маалымат каражаттарына маалымат бергендей иш тергелип, тиешелүү адамдарга айыбы угузулуп, азыркы күндɵ сотто каралууда. Калган материалдар бɵлүнгɵн, алардын ичинде экс-президент да бар, тергелүүдɵ» деди.
​Ошондой эле, комиссиянын жүрүшүндɵ Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ЖЭКке ташылып келген кɵмүр коррупциясы боюнча экс-ажо Алмазбек Атамбаевге каршы кɵрсɵтмɵ бергени ачыкка чыкты. Камакта отурган Осмонбек Артыкбаев Бишкек ТЭЦине кɵмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар экенин айтканын парламенттин тармактык комитетинде депутат Каныбек Иманалиев билдирди.
​Эске сала кетсек, экс-генпрокурор Аида Салянова парламент трибунасынан Алмазбек Атамбаев президент кезинде Бишкек ТЭЦине кɵмүр ташыган «Прогресс компаниясы» башкаларга караганда кɵмүрдү 1 миллион долларга кымбат сунуш кылса да колдоп, ал компанияны жеңүүчү кылдырганын билдирген. Бул факты эл арасында кеңири айтылганы менен тийиштүү органдар тарабынан кулминациялык чекитине жеткирилген эмес. Анткени, барына белгилүү болгондой жогорку жактан бут тосуулар болушу ыктымал.
​Комиссия жыйынына Турсунбек Акун киргизилген жок, эл ɵкүлдɵрү Батукаевден акча алганы айтылып жаткан адам бирɵɵнү күнɵɵлɵгɵнү туура болбойт деп чечишти. Жыйында Кеңешбек Дүйшɵбаев орчундуу айыптын чекесин чыгарып, аймак аралык кастыкты козутуунун кесепетинен кыргыз экономикасына ири кɵлɵмдɵ зыян келгенин белгиледи. «Билесиздер Нарын элин эмне деп мазактаганын, Талас элин «эл эмессиңер, Абыке-Кɵбɵштүн тукумдарысыңар, керек болсо силерди Казакстанга ɵткɵрүп бериш керек» деген ыплас сɵздɵрдү айтып, элибиздин ынтымагына доо кетирген. Буга укуктук да, саясий да баа беришибиз керек. Казакстанга айтылган сɵзү, эксперттердин эсеби боюнча экономикага 250 миллиондон 300 миллион зыян келтирилген» деди.
​Шейшемби күнү, 18-июнда комиссия ɵз ишин жыйынтыктап, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге алты бɵлүмдɵн турган оор айыптарды койду. Алар тɵмɵндɵгүчɵ: 1-си, Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун жүрүшүндɵгү коррупциялык жосундар, 2-си, Тарых музейин оңдоодогу мыйзам бузуулар, 3-сү, Кримтɵбɵл Азиз Батукаевдин түрмɵдɵн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, 4-сү, ЖЭБке кɵмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, 5-си, Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди "Фрунзе Резорт" компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун ɵзү пайдаланышы, 6-сы, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси кирди.
​Комиссия бул айыптар Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот деп тапкан соң Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрɵшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди. Кечээ, 20-июнь күнү «Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамдан ажыратуу жана ага күнɵɵ коюу жɵнүндɵ» токтом долбоору сессиянын күн тартибине киргизилип, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу маселе жалпы жыйында талкууланды. Кызыл чеке суроо-жооп, кызуу талкуудан кийин токтом долбоору тараза ташка коюлуп, катталган 105 депутаттын 100ү «макул», 5и «каршы» деген добуш берди.
​Эми Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, жети күндүн ичинде кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтɵн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамы алынмакчы. Кечээки добуш берүүдɵн байкалгандай, 3/2 добуш топтолобу деген түйшүктүн жоктугу тастыкталды. Экс-президенттин жоопкерчиликке тартылышына парламенттин 95%ы макул экени ачык билинди. Демек, Башкыпрокуратура качан алып келсе, тагдыры дароо чечилмекчи.
​Эске салсак, жакында «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жɵнүндɵ» мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене толугу менен ɵзгɵртүлгɵн. Ал ɵзгɵртүүлɵргɵ ылайык, «экс-президент кызматта турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт» деген бɵлүгү толугу менен алынып салынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Баш прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу жүзɵгɵ ашырылат деген жобо киргизилген.
Каныбек Иманалиев, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн түзүлгɵн комиссиясынын тɵрагасы:
​--Эми генералдык прокуратуранын саясий эркин күтɵбүз. Жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктап чыгышы керек. Эгер андай негиз бар болсо Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланат. Ал маселе добушка коюлуп, 80 добуш алалбай калса, анда парламент таркоого туура келет. Себеби, алар ɵздɵрү демилгелеген маселени аягына чыга албай калат. Комиссиянын иши боюнча айтсам, биздин кɵзүбүз жетти жана ишендик, экс-президент Атамбаев кызматын аткарып турганда маалда ɵз укугун кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого жана камсыз кылууга эмес, ɵзүнүн жеке баюсуна, саясий оппоненттеринен ɵч алууга пайдаланган.

Алмаз Токторов, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн түзүлгɵн комиссиясынын мүчɵсү:
--Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында түзүлгɵн комиссияга 7 күндүк мɵɵнɵт менен бекитип берген, ошол мɵɵнɵттɵ иликтеп, чечим чыгарып бердик. Комитет карады, жалпы жыйында талкууланып, Башкы прокуратурага жɵнɵтүлдү. Алар үч айга чейинки аралыкта иликтейт. Мүмкүн үч күндɵ кайра алып келиши ыктымал, минималдык мɵɵнɵтү каралган эмес. Ошондо негизги маселе чечилет. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн 80 депутаттын добушу керек болот.

Зулпукаар Сапанов
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив