Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»

Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»

21 июн 2019, 13:11    bishkek
--Нариман мырза, үч күн мурун экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгɵн депутаттык комиссиянын жыйынында Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо маалында сизден 500 миң АКШ долларын алганы айтылды. Бул 2009-жылдагы президенттик шалоодобу же 2011-жылдагы шайлоодобу?
--2011-жылдагы президенттик шайлоо жɵнүндɵ сɵз болуп жатат. Алмазбек Атамбаевдин шайлоодо акча алганын кечээ эле айта калган жокмун. Анын менден акча алганын мурдатан эле айтып келе жатам. Ыңгайы келип депутаттык комиссияда каралып жаткандан кийин мен да кайталап айттым. Ал менден эле эмес президенттик шайлоого бир топ саясатчылардан акча алганын уккам. Айрымдарын министр, спикер, депутат кылып кутулса айрымдарына берген деле жок го…

--Мына ушундай алыш-бериш кылган, болгондо дагы ортоңордо жарым миллион долларлык аласа-бересе кылып жүргɵн киши менен душман болуп калганыңыз бизге кызык болуп турат?
--Балекеттин баары ушундан башталып атат да. Мен Алмазбек Атамбаевге 500 миң доллар бергенге чейин эле бир топ каражат берип жүрчүмүн. Ал раматылык атамды да жакшы таанычу. Кийин менден дагы атама кɵрбɵгɵндү кɵргɵзбɵдүбү! Шайлоо маалында сɵз болуп жаткан акчаны карызга деп алган. Анан шайлоо бүткɵндɵн кийин унчукпайт, анан сурадым. Мен ошол акчаны сурагандан баштап мага куугунтукту баштады. Алгач ал акчаны бербестин кыязы кылып ар кайсы министрликтерди сунуштады, ошол «кресло» менен чегерип карыздан кутулгусу келди. Мен баарынан баш тарттым. Кийин аягында траспорт министрлигин сунуштаганда дагы баш тарттым. Анан түшүндү окшойт жанында жүргɵн сары Болот менен «шоопуру» карыз алган акчаны алып келген. Ошондон бир ай ɵтпɵй эле мага иш козгоп, куугунтук баштап кийин камап салды. Мүлктɵрүмдү күчкɵ салып тартып алды. Буга эл күбɵ. Буюрса чындык орноп келе жатат деп ишенип турам. Баары ачыкка чыгып, акыйкаттык орнойт деп ойлом.

--Мүлктɵрүңүздү сиз камалып чыккандан кийин алышты го?
--Ооба, мен олтуруп чыккандан кийин, башкача айтканда мага кылмыш иши козголгондон 4 жыл ɵткɵндɵн кийин гана алышты. Булар 4 жыл бою соодалашты. Бишкектин чок ортосунда жакшы жерде жайгашкан менин жериме, имаратыма кызыгып, ошону кайра-кайра сурап, мен таптакыр бербей койгондон кийин менин башка мүлктɵрүмдү кїч менен тартып алышпадыбы. Мүлктɵрдү кантип тартып алганы боюнча Атамбаевдин Ленин райондук сотунда «бɵрк ал десе баш алган» Сариев Аманбек деген «желдети» бар эле. Ошол эргулду таап сурасаңар так жооп аласыңар. Мени соттоп жатканда 3 барак токтомду окуп туруп чечим чыгарган Сариев кийин бизге үч эмес, 90 барактан турган токтомду берген ошол итибай. Башкы прокуратура Сариевден жакшылап сураса эле ким, качан, кантип буйрук бергенин, кимдерди анын колу менен «жайлаганын» сайрап берет. Буюрса Аманбек Сариев, Жаныбек Салиевдердин да жооп бере турган күн келээрине ишенем…

--Кайсы Жаныбек Салиевди айтып жатасыз?
--Алмазбек Атамбаевдин президент, Аида Салянованын Башкы прокурор кезинде сот, прокуратура тармагынын ашмалтайын чыгаргандардын башында так ушул Жаныбек Салиев деген турган. Азыр үйүндɵ жатат аялынын этегине жашынып, эртерээк ушул кырдаал ɵтүп кетсе экен, менин кылган былыктарым билинбей калса экен деп күнї-түнї Кудйадан тиленип. Атым аталбаса экен деп жашынып жатпайбы! Жаныбек Салиев учурунда Урманаевдин үйүн тоногон, марадерлук кылган деп айыпталганын коомчулук унута элек. Кийин ал иштеринин баары табышмактуу жабылып, Жаныбек кылмышка тартылмак түгүл кызматтан-кызматка секирик жасаган. Болбосо соттолуп кетмек. Табышмактуу иштеринин жабылган себеби, кийин ачыкталбадыбы. Бул Аида Салянованын классташы экен, анан аны кызматка коюп туруп далайдын баарын ушунун колу менен жасабадыбы! Мени соттоп жатканда да билимсиз Жаныбек Салиев күйгүзгɵн. Себеби, мени мамлекетке 70 миллион сом чыгым келтирди деп ушул эсептеп айткан. «70 миллион чыгым келди деп кандай жолдор менен, кандай фактылар менен эсептедиң?» деген суроомо: «Мен ɵзүм эле мындай болжолдоп эсептеп койдум» деген айбан ушул да. Ушул Жаныбек Салиев, Аманбек Сариевдердин жооп берээр учуру жакындап калды…

--Сиз экс-президентке бир эмес, бир нече ирет каражат бергениңизди айтып атасыз. Ал киши илгери эле мультимиллионер болгонун, Акаевден биринчи мерседес айдаганын кɵп айтат го?
--Калп айтат. Алмазбек Атамбаев 2010-жылдан кийин эбегейсиз байлыкка ээ болду. Ɵзүң ойлоп кɵрбɵйсүңбү мультимиллонер киши президент болом деп турганда шайлоого акча сурайбы?

--Алмазбек Атамбаевге акыркы жолу качан жоолуктуңуз?
--Баягы Москвага чогуу учканда кɵргɵм. Ошо боюнча кɵрɵ элекмин. Алмаз Шаршеновичтин бүгүнкү абалын абдан жакшы түшүнүп турам. 6 жыл президенттик мɵɵнтүндɵ кандай иштерди жасаган болсо ошонун «жемишин» кɵрүп атат. Жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок. Ишенген командасы камакта жатат. Аларды чыгарыш үчүн мамлекетке келген зыянды тɵлɵш керек болот. Айтор, Атамбаевге кадимкидей боорум ооруп турат. Бирок, ал учурдагы абалын ɵз колу менен жасап алды.
--Аида Салянованы камабай эле сураса болмок, аял кишини анан да жаш баласын эске алса болмок деген пикирлер айтылууда. Сиз кошуласызбы?
--Мыйзам баардык жарандар үчүн бирдей болуш керек. Мыйзамды сыйласа Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда мыйзамсыз иштерди кылбаш керек болчу. Аида ɵзү бир учурда мыйзамсыз жасаган иштердин курмандыгы болду десем жаңылышпайм.
--Аида Салянованын камалышына Нариман Түлеев кызыкдар болду деген бар?..
--Ыя, айланайын азыр мен каякта, Салянова каякта? Анын камалганын интернеттен окудум. Мына менин Бишкектен чыгып кеткениме эки ай болду. Кызматсыз жүрсɵм, эч бир органга сɵзүм ɵтпɵсɵ кантип мен тиешелүү болом? Анын кандай иштин негизинде камалганын баарыбыз кɵрдүк го. Мен Батукаев чыккан маалда камакта болчумун. Ал жакта баары угулуп турат да, кимдин канча алып, кантип чыгарганын бүт эле угуп турганбыз.
Нургазы Айтмырзаев
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив