Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»

Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»

14 июн 2019, 11:49    bishkek
--Урматтуу депутаттар! Мамлекетке кыянаттык кылган чиновниктердин ордун кɵрсɵттүк, муну эл билет. Экс-премьер-министрлер камалды, экс-министрлерден сурак алынып жатат. Эмне үчүн биз чимкирик болушуз керек? «Тɵрага баш болуп бүжүңдɵп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле ɵткɵн жок. Ал тойго быйыл эле тɵрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн. Сиздин убакта премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргɵн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлɵнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сɵздɵрүн айтты. А бүгүн биз барып койсок «чимкирик депутаттар, бɵжɵңдɵп тɵрага жүрɵт» дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, ɵзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?
Мен дагы бир нерсени айтып койоюн, 2018-жылы март айында ушул саясий оюндар башталганда Атамбаевге жолуктум, барып, сүйлɵшүп, оюмду билдирдим. Мен үчүн маанилүүсү эл дедим. Ошол жерде Атамбаев: «Мен кааласам 10 миң киши чогултуп ак үйдɵн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет» деди. Мен жакамды кармадым. Кошула албайм дедим.
«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив