Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»

14 июн 2019, 11:26    bishkek
--Урматтуу депутаттар, 8-июнда «Форумда» ɵткɵн митингде бизди экинчи ирет экс-президент Алмаз Атамбаев парламенттин аброюна шек келтирип, ыплас сɵздɵр менен атап, парламентти экиге бɵлүп сындады. Анын ою боюнча парламент экиге бɵлүнɵт экен, мурдун тарталбаган «чимкириктер» жана Атамбаевди колдогон «алтындар». Бул сɵзүнɵ биз терикпейбиз, анткени белгилүү эл акыны Б.Сарногоев «Ал мени итсиң деди итмин дедим, тек гана күлүмсүрɵп күлүп туруп. Не кылам ырылдашып-чырылдашып, мен анын ит экенин билип туруп» деген. Биз теңелбей келдик. Бирок чындыкты айтпасак болбойт окшойт. Алмаз Атамбаев парламентти, тɵрагасын жана президентти эмнеге сындап жатканын элге түшүндүрбɵсɵк болбойт. Эгер биз Атамбаевдин коррпуциялык иштерин коргосок, иштерин жаап жашырсак, кол тийбестигин албай калтырсак, анда биз Атамбаев атаган алтын тизменин арасында болмокпуз. Биз андай кадамга баралбайбыз. Анткени бир эле ЖЭБтен келтирилген зыян 111 миллион долларды түздү. Бул Кыргызстандагы 111 мектептин долбоору. Эл азыр балдарын мектепке, балабакчага киргизе албай турганда булар бир проектиден 111 миллин жеген. Мындан сырткары Датка-Кемин турат, 1 чакырымын миллион доллардан салган. Түндүк-Түштүк альтернативлык жолу турат, муну текшере элекпиз. Кредитти ким жесе, ошолор ɵздɵрү кайтарышы керек. Атамбаев Батукаев боюнча сɵз кылып, «Мен Батукаевден акча алмак белем, аны Жээнбеков алат» деп айтты. Калпты чындай айтып коюш бул адам үчүн эч кеп эмес экен. Эгер сен ак болсоң урматтуу Атамбаев эмне үчүн учурунда ɵзүң карап, Батукаевди чыгарган адамдарга чара кɵрбɵдүң? Бүгүн камакта отургандар Атамбаевдин буйругу жана макулдугу менен чыгарган.

«Де-Факто»скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив