Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады

10 июн 2019, 12:44    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-июнда, телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы спортчуну жылуу куттуктап, жүз миңдеген кыргызстандыктар, анын ичинде өзү дагы, атактуу жердешибиздин чемпиондук наамды ийгиликтүү коргоп калаарына ишенгенин баса белгиледи.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Бирок Сиз атаандашыңызды оңой эле жеңип алдыңыз. Сиздин даярдыгыңыз алда канча мыкты экени көрүнүп эле турду. Биз Сизге ишенебиз жана болочокто чоң жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк аренада спорттук эң сонун жетишкендиктерге жетише беришиңизге тилектешпиз!», — деп Сооронбай Жээнбеков спортчуга ак жол каалады.

Валентина Шевченко анын спорттук карьерасына көңүл буруп, колдогону жана жылуу куттуктоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан кыргызстандык мекендештерине жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына абдан ыраазы экенин белгиледи. “Мекениме барганда Сиздин кабыл алууңузда болгонумду ар дайым эстейм. Ал жолугушуулар мага күч-кубат берет. Сизге жана бардык мекендештериме рахмат айтам»,- деди В. Шевченко. 
Эске салсак, Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко АКШ спортчусун экинчи раундда башка тээп, нокаутка жыгып эң жеңил салмактагы UFC чемпиону наамын коргоп калды.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив