Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » «Кокуйлаган» Кодуранованын айтканында канчалык деңгээлде чындык бар?

«Кокуйлаган» Кодуранованын айтканында канчалык деңгээлде чындык бар?

03 июн 2019, 12:26    bishkek
Жогорку Кеңештин депутаты, Атамбаев тараптагы КСДП партиясынын жетекчиси Асел Кодуранова 28-майда «Азаттык» радиосунун «Эки-бир» телеберүүсүнɵ конок болуп, экс-президентти ай-күнгɵ теңеп актаганга, бүгүнкү бийликти жерге киргизе тепкилеп жек кɵрсɵткɵнгɵ далалаттаныптыр. Чай ташыган кызматы үчүн адегенде депутат, андан кийин вице-спикер болгон айымдын аша чапкан айрым сɵздɵрүн тараза салалы дедик.

А.Кодуранова сɵзүнүнүн башында эле Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу коркунучта болуп жатканын, физикалык жактан жок кылуу мүмкүнчүлүгү бардыгын, ага чейин «прослушка» табылган, анын баары видеого түшүрүлгɵнүн билдирди.
Бул билдирүүнү экс-президенттин тарапташтары атайын таратып, элдин кɵңүлүн ɵздɵрүнɵ буруу, саясий упай топтоо максатында айтып жатканын байкасак болот. Ал эми иш жүзүндɵ экс-ажо мамлекеттин кайтаруусунда турат. УКМК тарабынан жан сакчы берилген.
А.Кодуранова мыйзамга ɵзгɵртүү киргизилгенин, ал жактагы пункттарга ылайык Атамбаев партия лидерлигин ɵткɵрүп бергенин, ɵзү убактылуу милдетин аткарып жатканын, курултайда тɵраганы бекитерин билдирди. Президенттин кепилдиктери боюнча мыйзамга ɵзгɵртүү киргизилгендигине байланыштуу А.Атамбаев КСДПнын лидерлигинен кеткенге аргасыз болду. Бул саясаттан кетти дегенге барабар. Албетте, сырттан башкарканга аракеттениши мүмкүн, бирок ал оң жыйынтык бербейт. Президентти сырттан башкарам деген ишиндей ирип кетет.
А.Кодуранова Атамбаев 93-жылдан бери партиянын тɵрагасы болуп келгенин, партияны жɵндɵн-жɵн берип койбостугун, анын уставы, күбɵлүгү, мɵɵрү турганын, нормалар боюнча Конституциялык сот карарын билдирди. Партиянын талашы бир топко барышы мүмкүн. Чыр барган сайын күчɵй берсе шайлоого да катыша албай калышы ыктымал. Негизи, эми чырдашкан тараптар ынтымакка келсе болот. Себеби, Атамбаев кетти. Бɵлүнгɵн тараптар «Атамбаевсиз КСДП» деген ураан кɵтɵргɵн, ал талап аткарылды.
А.Кодуранова фракциябыз пассивдүү болуп жатканын, партиянын абалын анализдеп, келечекте мындай болбошко аракет жасарын, шайлоого катышарын, бирок канча депутат ɵтɵрүнɵ күмɵн санарын билдирди. КСДП ɵз бийиктигине жетип, ким экенин тастыктады. Элдин кɵңүлү үч кɵчкɵн журттай калды. Эмки шайлоодо фракциядагы салмактуу саясатчылардын бири да КСДПга басып келбейт. Самандай кылып акчасын сапырса да элдин шайлашы чындап күмɵн. Соцдем 10 жылдын ичинде ɵзүнɵ ɵзүнɵ кɵр казып алды десек болот.
А.Кодуранова Атамбаев айкɵл киши экенин, ошонусун кɵбү пайдаланып кеткенин, ал президент болуп турганда аны менен жеке кɵрүшүүгɵ, кирүүгɵ аракет кылып чуркап жүргɵндɵр азыр башка жээкке ɵтүп кеткенин, Атамбаев ɵзү да кадрдан жаңылдым дегенин билдирди. Саясатта жакшы же жаман киши деп бааланбайт, мамлекет үчүн жасаган иши менен таразаланат. Шопурун, чай ташыгычын, жан сакчысын, жардамчысын алып келип ɵлкɵнүн кадырын кемитип, карызга батырды. Эми ошондой адамды айкɵл деп акташтын ɵзү туурабы?
А.Кодуранова Атамбаев кɵп нерсени жасаганын, энергетикалык кɵз карандысыздыкка жеткиргенин, С.Жээнбеков 2 жыл аракет кылса да азыр токтоп калганын, бирдеме салалы десе акча жок, артка кетип жатканын билдирди. Энергетикалык кɵз карандысыздыкты чоң кɵлɵмдɵ алынган кредит ишке ашырды. Анын дагы ашыкча сарпталышы жакында чукулуп чыгат. 2 жылдан бери иш жүрүп, мектептер салынып жатат. Эгер артка кеткендигибиз чын болсо, анда ал алты жыл башкарган Атамбаевдин үзүрү. Жээнбеков жасаган иштин жемиши эми келет. Шалдыратып таштаган экономиканы калыбына келтирүү бир нече жылды алат.

А.Кодуранова ЖЭБ боюнча конкреттүү күнɵɵ кое албай жатышканын, акча алган болсо берген киши ким экени далилсиз калганын билдирди. Шашылыштын кажети жок, сот эми гана башталды, айыптар коюлуп жатат. 387 миллион доллар кредит алынганы, бир аттиштин баасы 600 долларга бааланганы тастыкталган. Ɵлкɵнүн мойнуна миллиарддаган карыз илингени факт. Атайын эксперттик топ ЖЭБтеги жемкорлукта 111 миллион доллар уурдалганын аныктап чыккан. Булар ɵз баасын алыш керек. Жегендер кусушу зарыл.
А.Кодуранова: «Эки киши (экс жана азыркы президент) бир сɵзгɵ келишсе болот эле, ортодо биз дагы кыйналып кеттик. Экɵɵнүн ортосунда эмне болгонун биз деле билбейбиз, экɵɵнү сүйлɵштүрүүгɵ аракет кылдык. Мадеминов менен кирип чыкканбыз, жолугуп сүйлɵшкүлɵ деп, ал жактан бизге жооп келген жок. Сооронбай Шарипович мейли жолугайын деген мага, бирок болгон жок. Пресс-катчысы болбойт деп айтты, ошону менен үмүтүбүздү үздүк» дептир. Аргасы кеткендеги кайпактаган ойду билдириптир. Президент бекем туруп эми элдешпеши керек.
А.Кодуранова А.Атамбаев президент болуп турганда орус президенти В.Путинге кримтɵбɵл Азиз Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылганын, «кайра бергиле бизди алдап кетиптир» деп кат жазганын, жеке сүйлɵшүп атканда дагы айтылганын, Батукаевдин түрмɵдɵн чыгып кетишине Атамбаевдин тиешеси жоктугун билдириптир. Эми бул түштɵн кийинки актануу да. Эгер тиешеси жок болсо эмне себептен дароо чара кɵрүп, ɵлкɵдɵн чыгаргандарды мамлекет башчысы катары жазалаган эмес. Тескерисинче калкалап отурбады беле.
А.Кодуранова учурда кадрдык коллапс болуп жатканын, Атамбаевдин убагында башталган жумуштар токтоп калганын, жылдын башынан бери бир да чакырым жол салынганбагандыгын билдирди. Муну митайымдык катары карасак болот. Эл ɵкүлү катары минтип сүйлɵгɵнү туура эмес. Факты менен тизип берсек, жыл башынан бери 24,5 чакырым жол салынды. 10у бюджеттик каражат, 14,5и инвестициялык проект менен курулду. Түндүк-Түштүк 2 км, Бишкек-Кара-Балта 5 км, Ош-Баткен-Исфана-Худжант 1,5 км, Ош-Баткен-Исфана 6 км салынды.

Жыл аягына чейин жалпы 363,4 чакырым жол салуу пландалган. Бюджеттен 126,6 км салынат, ичинде Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун 7 км бар, капиталдык салымдан 179,9 км салынат, ичинде Кɵк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават жолдору бар, инвестициялык проекти менен 75,5 км жол салынат, ичинде Түндүк-Түштүк 40 км, Бишкек-Кара-Балта 10 км, Ош-Баткен-Исфана-Худжант 5,5 км, Ош-Баткен-Исфана 20 км бар. Кодуранова муну кɵрүп турса да кɵрмɵксɵнгɵ салып, 1 чакырым жол салынбады дегени Кудайга жагабы?
А.Кодуранова кадр тандоо жагы президенттик аппаратта жүрүп жатканын, бул абал күчɵгɵнүн, эртең суракка алат, камайт деп тендерге эч ким кол койбойт жатканын билдириптир. Биринчиси, кадр тандоонун саясаты президенттик аппаратта жүрүп жаткан болсо, ал Атамбаевден калган мурас. Баардыгын Икрам чечип калбады беле. Ошол маалда эмнеге айткан эмес? Экинчиси, тендерлер ɵтүп, иш жылып жатат. Филармония оңдолуп бүттү. Тарых музейиндей ызы-чуу болгон жок. Кырдрам менен орусдрама театрларына жарыяланды.
Албетте, тендерди «кормушкага» айландыргандар жазаланыш керек. Кекиртеги бузуктар коркуп турушу зарыл. Так ушул тендер боюнча Атамбаевдин мезгилинде эмне деген иштер катталды. Бир эле мисалды алсак, Мамкаттоодогу чырлар далай жетекчинин башын жебеди беле. Ошол маалда каалагандай жеп-ичип кɵнгɵн коррупцияонерлер азыр бир чекеден камалып жатат, бул эң туура. Эл колдоп жатат муну. Жылыш деп мына ушуну айтыш керек.

А.Кодуранова «Дача СУ» боюнча да пикирин билдирип, ошол кезде комиссия иштегенин, жүк Кыргызстанга түшмɵк эместигин, ал заправка үчүн конгонун, АШАга тиешеси жоктугун айтыптыр. «Ууру тойгончо жеп, ɵлгɵнчɵ карганат» деп кыргыз бекер айткан эмес. Бул иш боюнча тергɵɵ жаңы гана башталды, жакынкы күндɵрү чындык ачыкка чыгат. Ага чейин күтɵ туралык. Шашылыштын кажети жок. Кыскасы, Кодуранованын пикири экс-президенттин шаштысы кетип, «агонияга» түшкɵнүн ачып бериптир...

Памир Манас
"Де-Факто"
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив