Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Клара Сооронкулов, коомдук ишмер: «Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек»
Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады
Сапар Исаков. Проект TBEA как детище второго воровского лица государства…
Расул Үмбөталиев, эксперт: “Шамиль Атаханов, Аида Саляновалар Азиз Батукаевди чыгарууда чоӊ катачылыкка жол беришкен”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын абалы менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын абалы менен таанышты

27 май 2019, 11:59    bishkek

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды.

Мамлекет башчысы борбор калаанын маданий объектилерине барууну улантууда. Эске салсак, буга чейин ал Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барган.
Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасындагы территорияны жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.

Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.
Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, драма театрларынын имараттары 1970- жана 1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен ремонттолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу толугу менен 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жж. жарым-жартылай оңдоп-түзөлдү. Филармония акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив