Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”

Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”

24 май 2019, 16:14    bishkek
Кайсыл гана шаарды башкарбасын эң чоң түйшүк мэрлерге түшөт. Ал эми мамлекеттин эң чоң шаарларынын бири Ош шаарын жөнгө салуу абдан көп убакытты талап кылат. Биз сөз кылып жаткан Ош шаарында жакында эле чоң маданий иш-чара болуп өттү. Аны уюштуруу, өткөрүү баардыгы мэриянын мойнуна жүктөлдү. Мындан сырткары шаарда жарыктандыруу иштери, спорттук жайлардын оңдолушу мактоого алаарлык нерсе. Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов күн тынымын, түн уйкусун коюп жумуш жасап жатканын байкабай коюуга болбойт. Биз маектешүүгө барганда мэр шаарды оңдоп-түзөөгө чоң салым кошкону үчүн ишкерлерге сыйлык ыйгарып, ыраазычылык билдирип жатыптыр.

--Таалайбек Насирбекович, бүгүн бир нече ишкер ардак грамотага ээ болуптур. Эмне себептен булар сыйлыкка ээ болушту, айта кетсеңиз?
--2019-жыл Ош шаары түрк маданий дүйнөсүнүн ордосу болуп эсептелинип, бир нече чоң кичине иш чаралар өттү. 2018-жылдын 18-20-декабрында Түркияга барып эстафетаны алып келгенбиз. Андан бери “эми маданий мааракени жакшы өткөрүп алсак экен” деген ой жүрөгүмдү өйүп атты. Өкмөттүн алдындагы атайын комиссия түзүлүп, вице премьер-министр Алтынай Сейитбековна Төрайымдык кылды. Тең төрагасы маданият министри өзү болуп, иш чаранын программасын иштеп чыктык. Ош шаарынын мэри катары майрамды өткөргөн жерди кандай кылып жасалгалайбыз деген маселени көбүрөөк ойлонуп жаттым. Түрксойдун маданий мааракесин өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 миллион сом бөлүндү. Муну атайын шаарыбыздын бюджетин карап жатканда кабыл алганбыз. Негизги иш чара өтө турган стадионубуз 1960-жылы курулган бойдон реконструциядан өтө элек болчу. Ош шаарынын 3 миң жылдыгында бир аз оңдоп түздөшүптүр. Ал акыбал боюнча конокторду тосо албайт болчубуз. “Стадиондун кандай кылып оңдойбуз” деген ойду көпкө ойлондук. Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоо менен баарыбыз сыймыктанабыз. ЮНЕСКОнун тизмесинде 3 эле тоо болсо, бирөө биздин Сулмайман-Тообуз экени баарына маалым. Сулайман-Тоодо иш чара өткөрөлү деп катуу даярдандык. Мындай маселелерди чечүүдө сөзсүз каражатка келип такалат да. Анан ишкерлерге биздин көйгөйдү чечүүдө жардам берүүсүн өтүндүм. Аларга ырахмат, көпчүлүгү жок дебестен, дароо макулдук беришип, колдоо көрсөтүштү. Ишкерлерден акчаны колубузга албай “биз бөлүп берген жерлерди жасап бергиле” дегенбиз. Баардыгы биз ойлогондой кылып ишти бүтүрүштү. Баш аягыбызды жыйып алган соң мэриянын атынан ардак грамоталарды тапшырып, ыраазычылыгымды дагы бир жолу билдирдим.

--Каржылык колдоо көрсөткөн фирмалардын аттарын атап койбойсузбу?
--“Ихлас”, “Эмаком” сыяктуу курулуш компаниялары көбүрөөк салым кошушту. Жергиликтүү ишканалар дагы оорубузду колдон алып жардам беришти. Шаардыктар дагы бул аракетибизди туура көрүштү. Жолдун боюндагы үйлөрдү актап, сырдаганга дагы туура көрүштү. Чыгымдардын жарымын биз, жарымын жашоочулар өздөрү көтөрүштү. Түрксойдун өтүүсү үчүн шаарды бир топ оңдоп түздөп алдык. Бул иштер азыр дагы улантылып жатат. Мындай жакшы колдоону көңүл сыртында калтырып койсок туура эмес болуп калат. Ошондуктан ишкерлерди чакырып ардак грамота менен сыйлап, жакшы сөздөрүбүздү айттык. Мындан ары дагы шаарыбыздын өнүгүшүнө алардын салымы чоң болот деп ишенем.

--Стадион канча каражатка оңдоп-түзөөдөн өттү?
--Бул спорттук жайды оңдоого өкмөт тарабынан 10 миллион сом акча бөлүндү. Анын 4 миллион сомуна түнкү жарыктандыруу жабдыктарын Россиядан атайын буйрутма берип алдырдык. 3 миллион сомго чуркоого ылайыкталган килемче сатып алдык. Калган майда-чүйдөлөрүнө да акча кетти. Өкмөт берген акча бир топ берекелүү болуп, көп иштерди бүтүрүп берди.

--Түрксойдунишчарасынөткөрүүдөкыйынчылыктаркөпболсокерек...
--Үйгө бирөөнү конокко чакырсак деле камданабыз да. Эл аралык маданий майрам болуп аткандыктан, даярданууда өтө чоң мээнетти короттук. Албетте, баарын мен кыйраттым дебейм. Шаардын элинин жардамы, ишкерлердин колдоосу, маданият кызматкерлеринин талантынын негизинде жакшы өттү. Акыркы эки айда таптакыр уйку дегенди унутуп, “келгендерге уят болбосок экен” деген тилегибиз акыры ишке ашты. Келген коноктор, журналисттер, Түрксойдун башчысы Усен Касенов өзү жакшы баасын берди. Калганына тарых баа берет. Мурунку мамлекеттерде Түрксойдун иш чарасы кандай өткөнүн көрүп келген эмесмин. Бирок барып келгендер биздин уюштуруу мыкты болгонун айтышты.

--25-майда акыркы коңгурооаземиндеакчачогултулбасын, кечелер болбосундегенминистрдинбуйругучыкты. Мунукөзөмөлгөалыпжатаcыздарбы?
--Бул маселени тартипке салууну тапшырган өкмөт башчынын буйругун алдык. Атайын шаардык билим берүү башкармалыгы, укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барабыз. Быйыл ата-энелерге “балдарга кымбат баалуу машиналарды бербегиле, акча чогултпагыла” деп түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өткөн жылдары бүтүрүүчүлөр көчөгө унаалар менен чыгып, кырсык катталган. Кара-Суу районунун аймагында 5 окуучу автокырсыктан каза тапкан. Быйыл мектептин короосунда иш-чаралар күндүз гана өтсүн дедик. Акча чогултулбайт, бул буйрук аткарылат деп ишенем.

--Шаардын сейил бактары, көчөлөрүкадимкидейжарыкболупкалганыбайкалууда. Бул көпубакыттыананкаражаттыталапкылдыбы?
--Ош республикалык маанидеги экинчи чоң шаар болгондуктан жакшы иштерди жасабасак болбойт. Бизде 55 жарыктандыруучу жай болсо баардыгынын түнкү жарыктарын оңдоп атабыз. Негизги чоң көчөлөрүбүзгө атайын каражат бөлүп, Россиянын фирмалары чыгарган жабдыктар орнотулганын көрүп жатасыздар. Толук бүтө элек, жакын арада аяктайт. Шаардын коноктору жана тургундары үчүн иш аягына чыкса көчөдө коопсуз басууда, сейилдөөдө кыйынчылык болбойт деп ойлойм.

--Токтогул сейил багын мэрия өзүнүнкаражатынаоңдодубуже сырттан инвестициятарттыңыздарбы?
--Ал сейил бакты былтыртан бери жасап жатабыз. Жалпысынан 30 миллион сомдон ашык акча мэриянын бюджетинен коротулду. Кээ бир учурларда донорлор да жардам берип жатышат. Мисалы түнкү видео көзөмөлдөөчү жабдыктарды орнотууда чет өлкөлүк уюмдар каражат бөлүп берди.

--Мунципиалдык ишканаларга быйыл канча сомго техника сатып бересиздер?
--Шаар болгондуктан тазалык башкы маселе экени маалым. Буга чейин жергиликтүү бюджеттен тазалык ишканасына акча бөлүнбөптүр. Быйыл 30 миллион сом акча каратып, 12 техника сатып алалы деп жатабыз. Мурда тендер жарыяласак документтери туура келбей калыптыр. Жаңы тендер жарыялап, керектүү техникаларды сатып алабыз. Шаардык суу каналына, жашылдандыруу ишканасына атайын техникаларды алуудан акча аябайбыз. Биздин максатыбыз баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү.

--Жаңы конуштарга да асфальт төшөпжатыптырсыздар, дагыканчачакырымжолоңдолот?
--Борбодук базарга түшө турган Мамажанов көчөсү бар. Ал көчө 300 метрди түзүп, эл абдан көп жүрөт. Көчөнү толугу менен оңдотуп бердик. Бир гана асфальт төшөп койбой, жарыктандырып да койдук. Жапалак айылында дагы 2 чакырым көчөгө асфальт бастырдык. Шаардагы тыгындарды азайтуу максатында Шакиров көчөсүнүн 3 чакырым жолун жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтип, ырастап жатабыз. Шакиров кең көчөсүнүн 12 миллион сомдон турган проектиси даяр. Быйыл толугу менен реконструкция жасалат. Шаарыбыз боюнча 520 чакырым жолубуз болсо, 40 чакырымы транспорт министрлигининин балансында турат. 5 чакырым жол Кара-Суу районуна карайт. Дээрлик жолдорубуздун 85%ы таптакыр талапка жооп бербейт. Бул маселени жоюу үчүн жетекчилер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Ош шаарына дагы Бишкектегидей акчаларды бөлүп берсеңиздер жакшы болот эле, негизги көчөлөргө коммуникациялардын баарын кошуп оңдойлу” деген сунуштарды бердик. Менимче бул өтүнүч жерде калбайт деп ишенем.

--Бишкектегидей «коопсуз шаар» качан ишке ашат?
--Коопсуз шаар программасынын биринчи этабы Бишкекте өттү. Экинчи этабы Ошто өткөрүлүп, 39 жерге видео камера коюу күтүлүп жатат. Биз дагы бул боюнча тиешелүү иштерди жасап жатабыз. Бизде буга чейин коопсуздук їчїн өзүбүздөн каражат бөлүнїп 200 жерде видео көзөмөл коюлган. Бүгүнкү күндө ушул 200 көзөмөл камераны Ош шаардык ички иштер башкармалыгы карап турат. 39 камера орнотулса аларды да башкармалыктын көзөмөлүнө туташтырып беребиз. Бул боюнча адистер менен сүйлөшүү жүрүүдө.

--Бала бакча куруу маселеси курч бойдон экенин көпайтасыз, көйгөйдүчечүүнүнжолдорубарбы?
--Ош шаарында бала бакча менен элди камсыздоо 44%ды түзөт экен. Бул абдан жетишсиз болууда. Ички мигранттар көп болгондуктан балдар көбөйүп, маселени чечүү татаалдашып кетти. Быйыл өзүбүздүн бюджеттен каржылап, Амир Темир жана Курманжан Датка райондоруна бала бакча курулуш иштери башталды. Аксакалдардын суранычы менен Актилек районуна 100 орундуу бакча куруу планыбызда бар. Мурдагы бала бакчалар ооруканалардын имараты катары колдонулуп кетиптир. Аларды атайын тараптардын чечими менен бошоттуруп алып жатабыз. 4 бала бакча бизге өткөндөн кийин аны оңдоп-түздөп пайдаланууга беребиз.

--Шаардын кєркї дагы биринчи орунда эмеспи, ар кандай башаламан илинген, каалаган тилде жазылган кєрнєк-жарнактарды бир калыпка салуу боюнча иш аракеттер жүрүпжатабы?
--Андай маселе жок деп айтпайм. Кайсыл гана имарат болбосун ичи-сырты баары жарнама болуп, кєзгє ирээтесиз кєрїнгєндєрї дагы бар. Аларды ирээтке келтире албай бир топ убара болдук. Көчөдө илинген сансыз башаламан жарнактар дагы сырттан келген адамга жагымсыз көрүнөт. Алдыда атайын буйруктун негизинде баардык илинген жарнамаларды алдырып заманбап электрондук тартипке өткөрөлү деген планыбыз бар. Шаар деген шаардай болуш керек. Ар ким каалаган жарнамасын чыгарып, каалаган жерге иле салганга акысы жок. Тартипке салабыз, буюрса.

Баян Кулова
Де-Фактоскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив