Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду

23 май 2019, 14:56    bishkek
Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын алкагында депутатар тобу тарабынан иштелип чыккан конституциялык мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоо  улантылды.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, “КР айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору бир пакет менен талкууга сунушталган.
Талкууда депутат Умбеталы Кыдыралиев чет өлкөлөрдө мекендештердин шайлоого катышуусун камсыздоо максатында алар көп  жашаган шаарларга консулдуктарды ачуу керектигин белгиледи. Депутат Руслан Казакбаевдин айтымында, шайлоолордо эл аралык, жергиликтүү байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү канчалык көп болсо, шайлоонун ачык-айкындуулугу, таза өтүшү ошончолук жакшы болоорун айтып, демилгечилерди мыйзам долбоорунда бул жагдайды эске алууга чакырды. Ошондой эле эл өкүлү шайлоочулардын тизмеси добуш берүүгө бир ай калганда өзгөрбөшү керектигин белгиледи.

Депутат Төрөбай Зулпукаров шайлоолордогу добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, Т.Зулпукаров гендер түшүнүгүнүн башка дагы түрлөрү бар экенин чечмелеп, мыйзамдарга аял менен эрекектин теӊ укуктуулугу деген так, даана, жөнөкөй терминди пайдалануу керек деген пикирин ортого салды.

Сунушталган мыйзам долбоорлоруна карата депутат Бакыт Төрөбаев долбоорлордо олуттуу өзгөртүүлөр дээрлик жок, киргизилген түзөтүүлөр техникалык мүнөзгө гана ээ деп баа берди. Б.Төрөбаев аталган мыйзам долбоорунун демилгечилерине башка депутаттар тарабынан иштелип чыккан альтернативдүү долбоорлорду дагы карап чыгып, андагы олуттуу түзөтүүлөрдү эске алууга чакырды.
Жыйынтыгында аталган бир пакет менен киргизилген мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Эргешов А.М., Алимбеков Н.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Самаев У.О., Примов У.Б., Токторов А.С., Икрамов Т.И., Мамытов Т.Т., Жоробеков Т.У., Төрөкулов Д.Г., Нурбаев А.М., Исмаилова А.Ж., Райымкулов Б.К., Алтыбаева А.Т., Рыспаев К.Ж., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Касымалиева А.К., Өмүркулов И.Ш., Баатырбеков А.Б., Мавлянова М.Э., Алтынбеков А., Бакиров Ө.М., Турускулов Ж.К.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив