Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”

23 май 2019, 14:49    bishkek
--Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы жаңы, түптөлгөнүнө аз убакыт өтсө да кадыр-баркы бар саясый партиялардын бири. Партлидер Мелис Мырзакматовду мурдагы бийлик түккө турбаган шылтоолор менен аны жумуштан алып, буга да ыраазы болушпай акылга сыйбаган кандайдыр бир кылмыш иштерин токушуп, камап салууга жандалбасташкан. Мындай шартта анын өлкөдөн чыгып кеткенден башка аргасы калган эместир да, бул албетте өкүндүрөт. 

Кыргызстанда Атамбаевдин башкаруу доорунда ушундай бир система калыптанып калган. Өзүнүн атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, камап, Өмүрбек Текебаев баштаган ондогон жигиттерибиз камалышып, алардын айрымдары эми-эми чыга башташты. Алсыз бийлик дайым өзүнүн күчтүү оппоненттеринен коркот. Эгерде мамлекеттин күчтүү жетекчиси болсо эч качан өз элиндеги тыңчыкма, өсүп келе жаткан кыраан лидерлерден коркпойт. Аларды дайым командасына тартып, керек болсо мамлекетти өнүктүрүү үчүн кызматташууга кам көрөт. 
Карагандалык Ермухамед Ертысбаев аттуу өтө чоң окумуштуу бийликке келишкис оппонент болгон. Ал азыр да бар. Кезегинде казактын парламентинин депутаты болчу. Ошондо Назарбаев “Ермухамед, мен сенин жазгандарыңды, китептериңди окуп жүрөм. Сен мага кел, чогуу иштешели, казактардын арабасын биргеликте тарталы” – деп айтканы бар. Ошондо Ертысбаев “Нурсултан Абишевич, мен өмүр бою оппозицияда келе атам, сиздин айткан пикирлериңизге туура эмес ойлорум бар” – десе Назарбаев “мага келип ошол ойлоруңду айт, сенин пикирлериң мага да жагат” деп көндүрүп, акыры аны президенттик аппарат жетекчисинин орун басары баштаган бир катар кызматтарды ыроологон. Кийин Ертысбаев “Казакстан и Назарбаев: логика перемен” – деген фундаменталдуу китеп жазган. Эмне үчүн мен муну баса белгилеп айтып жатам. Улуттук деңгээлдеги лидер күчтүү кадрлардан эч убакта коркпойт. Тескерисинче, күчтүү кадрларды өзүнүн тегерегине алса, өзүнүн өлкөдө жүргүзгөн саясаты да күчтүү болот.Ушундай эле ыкманы ар дайым В.Путин колдонуп келүүдө. Мисалы, ал шайлоодон кийин атаандаш болгондорду кызматка чакырганы буга күбө. Ал эми бизде болсо Атамбаевдин заманында кыйын жигиттер талаалап кетишти. Карагылачы, азыр чет элде Мырзакматов, Бабанов баштаган кыргыздын саясатындагы алтын фондуларында калчу төбөсү көрүнгөн жигиттер биздин өлкөгө кире албай жүрүшөт. Мен Мырзакматов менен саламдан башка жеке мамилем деле жок. Бирок, анын “Мен издеген чындык” деген китебин окуп чыгып, андагы бир топ жерлерди өзүмө документ катары пайдаланып жүрөмүн. Бул жагынан да Мелис Мырзакматовду сыйлап калганмын. Мелистей жигиттерибиздин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт. Азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович ушул маселени тереңирээк карап көрөт деген ойдомун. Анткени, Мелистей жигиттер өлкөбүздүн душмандары эмес. Тескерисинче, колунан келишинче инвестиция же чарбачылыкта болобу ак кызматтарын көрсөтүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө бийик тажрыйбасын арнамак.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив