Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Муфтияттын өкүлү элчи менен байланышкан окуяга түшүндүрмө берди

Муфтияттын өкүлү элчи менен байланышкан окуяга түшүндүрмө берди

13 май 2019, 15:53    bishkek


Муфтият Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратка байланыштуу жагдайга түшүндүрмө берди. Басма сөз катчы Максат Атабаев элчинин ооз ачардан нааразы болуп, кетип калганын «Азаттыкка» тастыктады.
Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видео 12-майда Интернетке тарады. Ал мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган Орхан Инанды менен чогуу ооз ачарга чакырганы үчүн муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар» деп, ресторандан кетип калган. Дипломат Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да бетке кармаган.

«Ифтарга адамдарды эч ким бөлүп чакырбайт да. Баары чакырылган. Ошол жакта өз ара келишпестик болуп, анан абал жөнгө салыныптыр. Азыр баары жакшы», - деди муфтияттын басма сөз катчысы.

Окуя 8-майда болгон. Түрк элчилигинен бул маселе туурасында комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.
Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда ишмердигин 1992-жылы баштаган. Түзүүчүсү - диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив