Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Ош шаарынын мэри согуш ардагерлеринен кабар алды 

Ош шаарынын мэри согуш ардагерлеринен кабар алды 

07 май 2019, 11:56    bishkek
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун 95 жаштагы ардагери Жолдошбай Адаев менен 94 жаштагы Салахидин Токтобаевдин үйлөрүнө барып, Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады. Ардагерлерден кабар алган калаа башчысы ар бир ардагерге 10 миң сомдон акчалай сыйлыктарын жана майрамдык белектерин тапшырды.
“Сиздер Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баатырларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин унуттурбай, жаштарды эрдикке шыктандырып, мекенчилдик сезимдерин ойготуп келесиздер. Ал эми биздин ыйык милдетибиз –ардагерлерибизди урмат-сыйга бөлөп, ар-тараптан камкордук көрүү. Ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо, аманчылык каалайм! Кан-жаныңарды аябай, сактап калган тынчтык үчүн, Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип, таазим кылабыз!”,-деди Т.Сарыбашов. Өз кезегинде ардагер шаар жетекчисине аларга көрсөтүлгөн камкордуктар үчүн ыраазычылыгын билдирип,өлкөдө түбөлүк тынчтык жана бейпилдик болушун каалашты.
Айта кетсек, быйыл Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон, ооруктун каармандарына 5 миң сомдон бөлүнгөн. Учурда Ош шаарында жалпысынан 7 согуштун ардагери, 19 ооруктун каарманы жашайт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив