Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Жусупжан Жээнбеков: «Атамбаев “Нах…й мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан»

Жусупжан Жээнбеков: «Атамбаев “Нах…й мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан»

03 май 2019, 12:15    bishkek
— Жусупжан Амражанович, жаз келгени саясатка дагы жан кирип жатат. Сиз саясий майдандан көрүнбөй кеттиңиз. Эмнелерди ойлоп жүрөсүз? Тиреши күчөп бараткан мурунку санаалаштарыңыздын кимисине жан тартып жатасыз?

— Мен эки дос эмне болот экен деп карап олтурганым жок. Өлкөнүн экономикасы кандай өнүгүүдө, кандай жаңы кадамдар болууда, инвестициялык климат кайсыл нукта, канча ишкана курулду, канча адам жумуш менен камсыз болду деген ойлор эки достун тирешинен жогору болууда. Саясий аренаны кайсыл саясатчылар булгап жатканына назар салуудамын. Мен саясий майдандан кеткеним жок. Чындык үчүн күрөшкөнгө кудурет жетет. Досумбу, куда-сөөгүмбү баарын бетине айтам. Буга чейин да ушул позицияда болгом, мындан кийин да айта берем. Алмаз Атамбаевге 2009-жылы “Форумда” КСДПнын съездинде “Урматтуу коллегалар, жасакерликти токтотолу! Айга-күнгө теңеп жатып Алмаздан “культ личность” жасабайлы! Алмаз Шаршенович, сиз дагы мактагандардын көбүнө ишене бербеңиз. Кийин өзүңүздү Сталиндей болуп “культ личность” сезип албаңыз. Эл менен болуңуз, ошондо аброюңуз көтөрүлөт…” деп айткам. Мактап, көкөлөткөндөрдүн “жардамы” менен мен айткан абалга келди. Кийин Жалал-Абаддагы окуядан кийин экөөбүздүн мамилебиз салкындап кеткенин билесиң да. Ошондон кийин бул менин алдымда башкалар сыяктуу бөйпөңдөбөйт деген тыянак чыгарган болсо керек. Эки достун тиреши мага кызыксыз. Экөөсү башта шилекейлешкен айрылгыс дос болуп жүрүшкөн. Эми болсо бири-биринин далысына бычак уруп жаткандарын көрүп туруп, буларды түбөлүктүү дос болушкан эмес окшойт деп ойлоп жатам. Кечээ күнү “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймыл өткөргөн съездге конок катары катыштым. Ошол жерден дагы көп нерсени сездим. Көбүнчө жамандамай. Мындай болбойт да. Коомубуз аябай бузулуп калды. Күнүмдүк менен жашаганга өттүк. Бүгүн бийликтин көзү түз болгон партияга кандай болсо дагы кошулайын, ошол менен креслого жетейин деген максат негизги орунга чыкты. Креслого жеткенден соң “Көчүгүмдү бөрү жесин” дегендей болуп, башкача оюнду салып жатышат. Туруктуу көз карашы бар, Кыргызстан үчүн жан дили менен күйгөн кадрлардын азайып бара жатышы көп ойго салат.

— Мурунку досуңуз Алмаз Атамбаев жанында жүрүп оң колуна айлангандар коррупция менен айыпталып камалгандан кийин өзүн сактап калуу үчүн саясий оюндардын башында туруп, акыркы амалын жасап жаткандай туюлат. Абакта олтурган жаш балдардын тизгинин тартпай, каалаганын кылдырган Атамбаевдин өзүндө болсо керек чоң күнөө?

— Экөөбүз жолугуп, өткөн-кеткен тууралуу кеп козгогондо эле Атамбаевди “досуңуз” деп айтасың. Мен ал менен шилекей алышып, кучакташып дос болуп, ошонун арты менен кайсыл бир кызматка жеткен эмесмин. Акыркы жолу Жалал-Абадга губернатор болуп барганымда, Жантөрө Сатыбалдиев өзү чакырып “Жалал-Абадга барып ошол жерди тартпасаң болбойт” дегенде, кайра-кайра эле губернатор болуп бара береминби?- десем, “Сен барбасаң болбойт” деп көндүрүп жиберген. 6 айдан кийин Атамбаев “Сени Текебаев жамандап жатат” деп Текебаевдин колу менен кызматтан алган. Азыр Атамбаевдин саясатта жасап жаткан аракеттери коргонуу гана. Инстинк баардык жаныбарларда бар. Баканы басып алсаң деле “бак” деп үн чыгарат. Алмаздын биринчи туура эмес иши, жаш балдарды күйгүздү. Арканды алыс таштап, кийин пианина ойноп, ыр жазам деген адам азыр абакта олтурган балдарга “Тарткыла тизгинди, 6 жылда жетчү жерге жеттиңер! Эми таза иштеп бергиле. Мындан кийин да жашоо бар. Мен үйдө тынч олтурайын” деген жок. Тескерисинче, жаш балдарды жардан түртүп салбадыбы. Азыр ошол балдар көргөзмөнү башкача бере баштаганы айтылып баштаганда жан сактоого болгон аракетин жумшоодо. Бул боло турган көрүнүш.
— Атамбаевди жакшы билесиз да. Жеңил-желпи “жан” бербесе керек?

— Алмаз саясаттагы куулугу боюнча алдыңкы адамдардын бири, оңой эле “жан” бербейт. Муну эки дос тиреше баштаганда эле айткам. Түрктөрдүн Сулайман султан тууралуу “Даңазалуу доор” сериалы бар эмеспи. Бул тиреш дагы ошол сыяктуу улана берет деген ойдомун. Бүгүн Алмаздын ичи өрттөнүп жатса керек. Өзү тарбиялаган балдар өзүнө каршы чыгып жатса.

— Өзү тарбиялаган балдар жөнү жок эле каршы чыгып жатпаса керек? Сооронбай Жээнбековду куурчак катары пайдаланып, “аталык” сыяктуу өлкөнү өзүм башкара берем деген кыялы ишке ашпай калды деп айтылып жүрбөйбү?

— Алмаздын кандай ою болгонун ичине кирип билбеген соң айтуу кыйын. Бирок, ар бир адам өзүнүн келечегин ойлошу керек. Сооронбай Жээнбековду президент кылып алып келгенден кийин, балдарынын тизгинин тартып, жарга такабастан, мамлекеттин ишине кийлигишпей тынч олтурса деле жетмек. 50 жыл иштеген дарыгер 5–6 миң сом менен пенсияга чыгат. Алмаз болсо 100 миң сомдон ашык акча алат ай сайын. Үйдү болсо ата-бабамдын жери деп заңгыратып салды. Ошондон кийин жаба турган жерин жаап, кыса турган жерин кысып олтурбайбы. Адам дегендин көзү тоюш керек. Тойбой эле жулуна бергендин арты жаман менен бүтөт. Алмаз өзү “Апрель” телеканалынан чыгып алып “Мен Сооронбайды чакырып алып аны айттым. УКМКнын төрагасын чакырып алып тигиге тийбе дегем… Муну бекер эле каматыптырмын…” деп айтып жатпайбы. Кеттиңби, өзүңдүн ордуңду билип тынч олтурган жакшы. Экөөсүнүн ортосундагы талаш-тартыштын зыяны элге тийип жатат. Коомчулукту түндүк-түштүк эмес, кокту-колотко бөлүп салууга алып баратат. Атамбаев болсо элдин алдына чыгып алып эмне деген гана сөздөрдү айтып жатат. Экөөсү тең 60 жаштан ашты. Токтош керек, уят. Экөөсү ээн жерге чыгып алып эркекче сөгүшүп, маселесине чекит коюп алышпайбы.

— “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылдын съездине катышыптырсыз. Ошол жерде КСДПнын лидерлигинен Атамбаевди оодарып түшүп, жаңы лидерди шайлашты. Бул канчалың деңгээлде мыйзамдуу болгонун юристтер баа беришсин. Атамбаевден партияны тартып алып, партиясыз калтыруу мүмкүнбү?

— Мен КСДПдан кантип мүчөлүктөн чыгып кеткенимди жакшы билесиң. Съездди уюштуруучулар мага телефон чалып, конок катары келип берүүмдү суранды эле, Оштон келдим. Атайын чакырып жатса келбей койсоң болбойт да. Партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып салса болот. Партияны тартып алам, өзүбүз жетектейбиз дегендин мыйзамдуу жолун таба албадым. Съездди партиянын саясий кеңеши чакырышкан дейт. Муну да такташ керек. Уюштуруучулар партия тууралуу тасма тартышыптыр. Ошол жерде партиянын негиздөөчүлөрү кимдер болгону көрсөтүлүптүр. КСДП алгач бийликтин партиясы болуптур да. А. Эркебаев, А. Тагаев, Ж. Ибраимов, И. Кадырбековдор башында туруп, губернатор, акимдер менен чогуу Акаевдин уруксаты менен түзүшүптүр. Бул партия ошол кезде “ЭрК” партиясына каршы түзүлгөн. Топчубек Тургуналиев, Сатыбалды Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Мелис Эшимканов, Жыпар Жекшеевдер каршы коюлуптур. Текебаев дагы алгач “ЭрК” партиясында болгон, кийин “Ата-Мекенди” түзүп ошол жакка өтүп кетти. Ошондо эле Атамбаев бийликтин партиясы болгон КСДПнын мүчөсү болуптур. Башында ээрге олтурганда кыйшык олтурушуптур булар. Эч кандай оппозициялык маанайда болушкан эмес. Биринчи жолу Жалал-Абадга губернатор болгондо бул партиянын мүчөсү эмес болчумун. Эми кечээки съездде бир тараптуу, шыбаганы эле Атамбаев. Партиянын жасаган ишин айтайын деп баткенчи бирөө чыкты эле, аны ышкырык менен токтотушту. Жанымда олтургандарга ушунча болуп калды “меньшевик”, “большевик” болуп бөлүнүп албайсыңарбы дедим. Менин оюм боюнча булардын демөөрчүлөрү өз максатына жетишти. Чөгүп бараткан кемеден качкан келемиштей болуп, съездди башташты да өздөрү келбей коюшту. 2020-жылдагы шайлоодо 2 КСДП каттала турган болсо, мына ошол күлкү башталат. Алмаз акыркы жанын үрөп болсо дагы КСДП деп каттатат. Кечээ жаралган КСДПнын каржы маселеси чектелүү болуп калды. Алмазда каражат жетиштүү.

— Иса Өмүркулов уюштуруучулардын бири эмес беле. Келбей койду деп ошону айтып жатасыз да. Сиздин божомолуңузда кандай негиз менен катышпай койду?

— Иса өзү теледен чыгып, съездди саясий кеңеш чакырды деген. Менин божомолум боюнча, алар тилегине жетти. КСДПны көчүп жаткан дарыянын жээгине алып келип коюп койду. Эми өздөрү башка партия түзөбүз десе, жасакерленип бийликтин түбүнө жетишет. Капчыктуулар ошол тарапка суу аккандай агып келет. Эгер ушундай болсо, үч жарым жылдан кийин бүгүнкүдөн дагы жаман болот. Азыр парламенттеги коалиция факт түрүндө жок. Негизги сөөк КСДП болчу. Булар бөлүнүп-жарылып кетти. “Республика- Ата Журт” фракциясы дагы бөлүнгөн. “Кыргызстан” башынан эле бирдиктүү эмес. Булардын лидерлерине көпчүлүк депутаттар баш ийбейт. Ушул жагы дагы түшүнүксүз абалга кептелди.
— Сөзүңүзгө караганда Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөнгө даяр окшойсуз?
— Мен эч кимден коркпойм. Жолугам деген киши менен жолугуп сүйлөшөм. Алмаз дагы жолугам десе жолугушуудан качпайм. Болгону анын менчик кабинетинде эмес. Нейтралдуу жерде жолугууга даярмын. Ал бүгүнкү күндү өз башына өзү алып келди.
Эмне эксе, ошонун түшүмүн жыйнап жатат. Бул үчүн Жараткандын, элдин алдында өзү жооп берсин. Мен анын ишине аралашкан эмесмин. Аралашып калганымда мен дагы чогуу жооп бермекмин да. Жолукканда дагы келечек үчүн “Тарт тизгинди, урушсаң эл жок жерге барып маселеңди чечип ал! Элди бузбай тынч койгула!” деп айтмакмын.

— “Досуңуз” өзү 10 граммдык стакан менен кызылынан ичип коём деп айтпадыбы. Сиз аны менен стакан кагышып калган адамсыз. Атамбаев ар дайым эле 10 граммдап согуп койчу беле?
— Атамбаев мени менен чогуу ичип жүргөн кезде агынан эле 10 грамм эмес, 50 граммдан урчу. Чагымда адашып калды окшойт. 10 грамм дегенди ичпейт, сайынат да. 63 жашка келип 10 граммдык стаканды көрө элекмин. Андроповдун заманында арак тартыш болгондо, пивону бөтөлкөсүнүн капкасына куюп алып кызыш үчүн шимигенбиз деп айтып жүрүшөт. Алмаздын айтканы болбогон сөз да.

— Азыркы президент менен деле губернатор болуп кесиптеш катары иштешип калдыңыз. Муну дагы жакшы билесиз. Анын сабырдуулугу, токтоолугу, Атамбаевге окшоп ар кандай сөздөрдү урдура бербегени ал үчүн ийгилик болуп жатабы?
— Сооронбайдын жеке өзү ар кандай сөздөрдү айтып чыкканын укканым жок. Аны менен чогуу иштедик. Токтоо, сабырдуу, оор-басырыктуу жигит. Экөөбүздүн саламыбыз деле түз. Жок жерден каралай турган адатым да жок. Сооронбай Жээнбековдун сабырдуу болуп жатканы өзүнө плюс болуп жатат. Жанында жүргөндөрдү дагы “Сүйлөй берсин, силер көңүл бурбай иштей бергиле” деп койгондо, Алмаз андан бетер күйөт болчу. Мен билген Сооронбай Атамбаевдей болуп жаман катынча айтышууга барбайт. Анын мүнөзү ошондой. Азыр анын мойнунда эл берген ишенимди актоо турат. Шайлоо учурунда айткан убадаларын ишке ашырышы керек. Аларды ишке ашырбаса кыйын болот. Өткөн жылы аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады эле, Өкмөт бул боюнча жарытылуу иш алып барбады. Улак чаптык, ыр кесе өткөрдүк, топ тептик, ошону менен бүттү. Жаңы жылдын биринчи кварталы бүттү, Өкмөт бир жолу отчёт берген жок.
— Отчёт бербей күн өткөргөн системаны Атамбаев баштабады беле. Өкмөт башчы, андан кийин президент болуп бир да жолу отчёт бербей кетпедиби?
— Алмаз Атамбаевдин бир мүнөзү бар экен да. 7 жыл Акаев менен Бакиевди жамандап жүрүп убакыт өткөрдү. Эми Жээнбековду жамандай баштады. Адат калбай турган нерсе да.
— Жусупжан аке, тарыхты бурмалай албайбыз да. Эми Алмаз досуңуз экөөңүздөр чогуу болгон тарыхый учур тууралуу сөз козгосок, ошол учурга кайрылып тактоочу жерлерди өз оозуңуздан уксак. Азимбек Бекназаров өзүнүн “Мен-Кыргызмын” деген китебинин биринчи томунда 2009-жылдагы президенттик шайлоо мезгилинде Алмазбек Атамбаев менен сиздин Жалал-Абад шаарында сөгүшкөн окуяны жазган эле. Ошол окуя тууралуу катышуучу катары өз оозуңуздан угалычы. Сөгүшүү эмне себептен чыккан эле?
— Бул окуя болгондон кийин көп өтпөй эле сага айтып бергем. Бирок, баарын эмес. Мен Азимбектин китебин толук окуганым жок. Азыр ошол окуя тууралуу жазганын көрүп жатам. Азимбек “ Атамбаев Жусупту оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди” деп жазыптыр. Мени Алмаз сөгө албайт болчу. Ошондо дагы сөккөн эмес. Бул жери калп.
— Бекназаров өзүнүн чындыгын жазып жатат да. Сиздин чындык кандай?
— Мен ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем. Мыйзам боюнча үгүт иштерине катышпашым керек болчу. Атамбаев “Менин жанымда жүрөсүң, Токтогулга барасың” дегенде барбайм деп болбой койгом. Кийин Жалал-Абадка дегенде макул болуп баргам. Атамбаев, Бекназаровдор Аксыдан келди. Мен Базар-Коргондон тосуп алдым. Кечинде мейманканага барганда сөгүнө баштады. “Мага жакшы мейманкана алып койбодуң” деп. Барган мейманканабыз Жалал-Абаддагы эң жакшы мейманканалардын бири болчу. Ички жан дүйнөсүндө мени менен урушайын деген ниети бар окшойт же партиясынан мени кетирүүнүн жолун ойлоп жатканбы, аны билбейм. Ошол жерден айтышып кеттик. Ага чын эле Азимбек Бекназаров күбө. Чынын айтайын, Алмазбек Атамбаев ошондо көп ичип алган болчу. Мен Азимбектин көзүнчө “Азимбек оң кулак, сол кулагың менен уккунуң. Жалал-Абаддын элине Атамбаев ыраазы болсо болот болчу. Жалал-Абаддыктар премьер-министр кылды. Бирок, бул жалалабаддыктарга бир жолу ырахматын айтып койгон жок. Кайра Жалал-Абаддын элин сөгүп жатат. Мунусу сени да, мени да сөккөндүгү. Эми буга окшогон адам менен бир жерде олтурбайм, саясатта жүрбөйм дедим да чыгып кеттим. Эртеси депутаттык мандатты тапшыргам.
— Эмне деп сөккөнүн билсек болобу?
— Атамбаев “Нах…й мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан. Мас болчу деп айтпадымбы. Уялбай туруп эртеси Акманга келбедиби төрт жагына балдарды тизип, сууну көтөрүп алып. Ууландырып койду деп жатпайбы. Мунусу болбогон калп сөз.
— Бакиев өзүнүн адамдарын Атамбаевдин жанынан сууруп чыгып кетиш үчүн Жээнбековду конфликтке түрткөн деген сөз болбоду беле?
— Ал жалган сөз. Атамбаев балам жөнүндө жаман сөз айткандан кийин экөөбүздүн конфликт башталган.
— Атамбаев “Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!” деп айтканбы?
— “Балаң хулиган, бандит болгон. Менин кызымы деле бычактады, мен унчукпай эле жүрөм” — деген. Мен ошондо чыдабай кеттим да, сенин кызың тирүү, менин балам жок десем, “Сенин балаң өлгөн. Ал криминал” — дейт. Ал кезде балам тууралуу эч кандай маалымат жок болчу”. Сен менин баламдын криминал экенин, анын өлгөнүн кайдан билесиң? Ким өлтүргөнүн сен билесиң? Балким, өлтүргөндөр менен соучастник болгонсуңбу?! Ошон үчүн айтып жатасың десем, “Бийликтегилер өлтүргөн” деп жооп берген. “Бакиевдер өлтүргөн” деп айталган эмес. “Кайсыл бийликтегилер, айт азыр, бүгүн түнү барып атып салам!”- дегем. Тигинтип айтканымдан кийин сөздү башка жакка буруу үчүн жалалабаддыктарды сөгүп кирди. Жанагыдай сөздөрдөн кийин кетип калдым. Мас болчу, кечирим сурайт болуш керек деп эртеси саат сегизде келсем, Азимбек сыртта басып жүрүптүр. “Кирсем турбай жатат” деди. Сен эмне кылып жүрөсүң, тургузбайсыңбы, ошончо эл күтүп турабы дедим. Себеби, саат ондо жолугушуусу бар болчу. Акмандагы эл менен ондо деген жолугушуусуна он эки жарымда барыптыр. Кандай абалда барганын жакшы билесиңер.
— Жеке бир адамга же Бакиев менен Жээнбековго таарынса болот. Бүтүндөй жалалабаддыктарга таарынат деген акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Бүтүндөй жалалабаддыктарды сөгүп жатканда Азимбек Бекназаров эмне деди? Ал деле жалалабаддык эмеспи.
— Азимбек Атамбаевге карап “Сен туура эмес сүйлөп койдуң?” демиш болуп койду. Атамбаевдин Жалал-Абадда кудасы бар деп айтышкан. Ошол кудасы да жолугуп, учурашып койгонго да жараган эмес.
— Ошол жерде Атамбаев “Бийликти кан төгүү менен болсо да алабыз” деп айтканы чындыкпы?
— Алмаз Атамбаев “Шайлоонун эртеси күнү аянтка БШКга миңдеген адам менен барабыз дагы шайлоо комиссиясына санатабыз. Кан төгүлсө дагы санатабыз” деп айткан сөзү бар. Мен ошондо, сен эмне элди граждандык согушка түртүп жатасыңбы? Муну токтоткунуң! Утулсак утулдук, утсак уттук дешибиз керек дегем. Ал түнү саат сегизден он экиге чейин талаш-тартыш болгон. Эртеси Алмаз туралбай жатканда, КСДПнын Жалал-Абаддагы координатору келип, “Биз эмне кылабыз?” деп сурап калды. Акманга барып жолугушууну уюштургула деп айттым. Өзүм Топурак-Белге келип күтүп олтурдум. Ушул жерге келсе сүйлөшөйүн деп. Азимбекке чалсам “Туалетке кирип кетип чыкпай жатат” деп койду. Саат онго жакындап калганда дагы Азимбекке чалса “Өзүнө келбей жатат, азыр чыгабыз” деди. Чыдамым кетип Бишкекке баса бердим. Сосновкага келип координаторго чалсам, “Баары ит болду. Атамбаев Акманга барып тилин жутуп алды. Мас экени билинип калды. Азыр Жалал-Абадда манты жеп олтурабыз. Жусупка катуу тийип койдуңуз десем, “Мен ичип алып сүйлөбөсөм, Жусупка эч нерсе дей албайт болчумун” деп айтты” деген. Мен катышкан окуянын чындыгы ушул. Бул тарых болуп калды. Эч кимибиз тана албайбыз.
Маектешкен Темирлан Токтоболотов
 
…Кечинде Жалал-Абадга келдик. Жалал-Абад шаарынын стадионунун жанындагы менчик мейманканадан орун алып койгон экен. Ошол жерге токтодук. Жусуп Жээнбеков Атамбаевди тосуп жүргөн экен, ал эртеңки жолугушууга катыша албастыгын, Сузакта, Жалал-Абадда эл топтой албастыгын айтты, себеби эртеси Бакиев Жалал-Абад стадионунда эл менен жолугарын билдирди. Атамбаевдин ачуусу келип кетти. Ал: «Эл топтой албасаң эмне депутат болуп жүрөсүң?! Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдердин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!»- деп жана башка оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен Атамбаевдин мындай сөгүнчөөктүгүн ошондо биринчи жолу көрдүм. Экөөнүн ортосундагы кайым айтышуу күчөп баратканынан, партиялаштар чечишип алгыла, анан келем — деп, чыгып кеттим.
Атамбаевдин ачууланганын да түшүнсө болот эле. КСДПдан депутат Кодуранова деген айым түбү токтогулдук болгону үчүн, Токтогулда эч кимди тааныбаса да, Токтогулга келип, анча-мынча тааныган туугандарын жолугушууга үндөп жүргөн. Ага салыштырмалуу Жалал-Абадда губернатор болгон, Жалал-Абад, Сузактын эли эмес, итине чейин тааныган Жусупжандын: «Мен элди топтоп бере албайм» дегени туура эмес эле. Бакиев сузактык болсо, Жээнбеков да сузактык депутат, митингге эл топтоп жаткан жок да, мыйзамдуу Президенттикке талапкер болуп катталган талапкердин жолугушуусу да, Жээнбеков эмнеге Бакиевдерден ушунчалык коркот, — деп мен да Жусуптун жоругун жактырган жокмун. Бирок ошол эле учурда Атамбаевдин да Жээнбековду көчөдөгү «бомждой» кылып, анын жоголгон баласына чейин айтып, уят сөздөр менен сөккөнү да жаккан жок.
Эртеси таң атпай стадиондон куудул Абдылданын үнү жаңырып, Президент Бакиевди көкөлөтө мактап, элди үндөп жатты. Мен мейманканадан чыгып, стадион тарапка басып барып куудулдардын сөзүн угуп турсам Ж. Жээнбеков балдары менен келип калды, кызуу экен. Ал мага арыз-муңун айтып кйрди. «Сузакта, Жалал-Абадда Атамбаевге эл чыкпайт, Бакиевдерди колдойт да, эмне менин баламды айтат, эгерде аны Бакиевдер жок кылганын билсе, ачыгын айтпайбы, кайда экенин?!»- деп күпүлдөдү. Мен ага: — Жусуп, ал силердин партиянын лидери, сени депутат кылган адам, 200–300 адамды чогултуп, жок дегенде бир жерге жолугушуу уюштуруп койбойсуңбу, душман көзүнө болсо да, сеники да туура эмес. Албетте, Алмаз дагы кызууланып сени сөккөнү аша чапкандык, — дедим.
Аңгыча бир аял кыйкырып: «Чыгаргыла тезинен, чыгаргыла?- деп жаңжал чыгара баштады. С. Момбеков келип: «Азике, биз Кыргызстанда жүрөбүзбү? Кыргызбызбы? Тигил аял кеткиле, чыккыла деп тополоң салып жатат, гостиницанын ээси имиш» — деди. Мен Жээнбековго карап: — Кой деп койбойсуңбу — дедим. Анын бир адамы барганда тигил аял: «Мен бала-чака багышым керек, тынч оокат кылышым керек, чыгып кетсин акчасын кайтарып берет»- деп кыйкырды. Көрсө, аларды Бакиевдин туугандары келип: «Эмнеге Атамбаевди жаткырасың, азыр чыгып кетишсин»- деп кыйнап жатыптыр, алардын ою боюнча биз стадионго кирип сүйлөп жиберишибиз мүмкүн деп коркушса керек.
Биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун «Акман» айылында саат Юдо эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, — дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип: «Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр» — деди. Мен барып такылдатып, чык десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө «Путинка» деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, бул эмне?- десем: «Түндө Жээнбеков экөө ичкен» — деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты. Мен бул соо эмес ко, арак менен кошо уулантып салган эмеспи, силер эмнени карап жүрдүңөр, — деп анын жардамчы, жан сакчы, врачтарына кыйкырдым. Алар: «Жок ууланган эмес, көбүрөөк ичип алыптыр, байке бизди угат беле, кечинде өзүңүз көрдүңүз го» — дешти. Мен аларга эгер мас болсо тезинен соолуктургула, жолугушуу эмне болот, — деп жатканда, эшиктен жанагы аял үч- төрт адам менен дагы келип: «Тезинен чыгып кеткиле, болгула»- деп туруп алышты. Жиним келип, тигил аялга бир тийдим. — Өлүп баратасыңарбы?! Азыр чыгабыз, эшикке чыгып тургула! — дедим.
Илмияновго: — Кеттик, башка жерден соолугат, алып чыккыла, бирок мунун абалын эч ким көрбөсүн, — дедим. Өзүм эшикке чыгып Жээнбековду издесем, жок. Оюма ар нерсе кетти. Эгерде Ж. Жээнбеков экөө арак ичип мас болду дейин десем, Жээнбеков сыртта өзү басып жүрөт. Бирөөлөр уулантып койгон жокпу деген ой башымда айланып туруп алды. Алмаздын мындай абалда, өзүн билбей калганын мурда көргөн эмесмин. Эми жолугушуу эмне болот? Бул абалында элге кантип барат деп, тынчым кетип турганда аны тигилер көтөрүп чыгышып, машинага салышты. Аларга менин артыман айдагыла деп,
Базар-Коргондогу суу сактагычтын жээгине келдик. Чыдабай врачынан: — Сообу, — деп сурадым. Ал: «Өтө көп ичип алган» — деди. — Соолуктур, укол бер, элге барышыбыз керек, — десем: «Жок, баралбайт, эми көпкө өзүнө келбейт» — деди. Мен Алмазга келип: — Эй досум, кандай акывал? — десем, «Жакшы, жакшы, не дождетесь»- деп бир нерселерди булдуруктады.
Убакыт саат ондон өтүп баратат. Болотко: — Силер ушул жерде калгыла, муну соолуктургула, иши кылып эртеңки жолугушууга даяр болсун, бүгүнкү жолугушууну эптеп бүтүрөмүн, — деп Акманга кеттим. Жолдо ар шылтоону издедим. Кечигип жатат дейин десем, биздин кечээ эле келгенибизди эл билет эле. Акыры ооруп калып, врачтар карап жатат, келалбайт дегенге токтодум. Эл менен жолугушуп ошентип айттым. Ошол учурда артыман Атамбаевдин машинасы келип калды. Мен телефондон: — Эмне келдиңер, — деп Болотко чалсам: «Байке болбой коюп, айдатып келди» — деди. Анда эл билбесин тегеректеп курчап алып келгиле, эл шек албасын, — дедим.
Мен элге: — Мына ооруп, сүйлөөгө дарамети болбосо да, силерди сыйлап келиптир, — дедим. Эл ага да макул болду. Ошол учурда Д. Садырбаевдин эжеси трибунага чыгып: «Атайын биздин элге, жерге келсе, жок дегенде кыргыздын салтын кылып калпак менен чепкен кийгизип коёюн»- деп, кой дегенге болбой, өзүм кийгизем деп, артта далдаада турган Атамбаевге кийгизди. Ошол учурда ал эжеге, элге рахмат айтам деп, балдардын колунан суурулуп чыгып микрофонго өтүп кетти… Анан сүйлөдү дейсиң… Бийликтин агенттери сүрөткө, видеого тартып алганга жетишти. Мен балдарга, артка алгыла деп, аны көп сүйлөтпөй микрофонду алганга аракет жасадым. Бирок бийликке эптеп кичине сүрөткө тартып алса жетиштүү эле. Жарым саат өтпөй туш тараптан: «Атамбаев мас болуп жүрөт дейт, чынбы?» — деген суроолор жаай баштады. Мен элге айткан сөзүмдү бардык сурагандарга айтып, мүмкүн уулантып же окутуп коюшу мүмкүн дегенди коштум. Чындыгында эле, мен ал бир гана арак ичип мас болгон эмес, кандайдыр бир жол, же нерсе менен ууланган болуш керек деген ойдо элем. Жыйындан кийин бара турган жер жок, Жалал-Абадга кире бергендеги атактуу мантыханалардын бир бөлмөсүн алып, эч кимди киргизбей аны эсине келтирүүгө аракет жасадык.
Азимбек Бекназаров, 
«Мен – Кыргызмын», 
Бишкек-2016, «Турар» басмасы, 1-том, 212-214-беттерскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив