Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Жакынкы 5–6 күндүн ичинде Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн

Жакынкы 5–6 күндүн ичинде Атамбаевге кылмыш иши козголушу мүмкүн

03 май 2019, 10:34    bishkek
Мындай маалыматты саясатчы Бектур Асанов «Жаны Ордо» гезитине берген маегинде айткан. Ал, “Жакынкы 5–6 күндүн ичинде Атамбаевге кылмыш иши козголот, ал сөзсүз камалыш керек”,-деп эсептейт.


— Бектур мырза, 3 жылга жакын абакта жатып чыкканыңызга 2 айдын жүзү болуп баратат. Бул аралыкта эл менен сүйлөшүп, өлкөнүн көп жеринде болдуңуз. Мурунку абал менен салыштырмалуу өзгөрүү болгону байкалдыбы?
— Өлкөдөгү абалды 3 жыл мурунку абалга салыштырганда, мурунку саясий чыңалуу жок экени байкалды. Мурун Атамбаевдин кутурган мезгили эле. Эмне кааласа ошону жасап, өз оюн эркин айткан саясатчыларды камап, депутат болчу талапкерлердин тизмелерин өзү дыкат карап чыгып, парламенттик шайлоону өзү каалагандай өткөзгөн. Бүгүн ошол кездегидей чыңалуу жок, өлкөдөгү саясий атмосфера бир топ жакшы.
— Б. Талгарбеков мурунку президентти моралдык зыян келтирдиң деп 17 млн сомго доо коюп, сотко арыз менен кайрылып жатат. Сизде Атамбаев менен соттошуу максатыңыз жокпу?
— Менде моралдык жактан зыян тарттым деп Атамбаевди сотко берем деген ой жок. Атамбаев өтө чоң мамлекеттик кылмыштарды жасады. Менин позициям ошол кылмыштары үчүн жооп бериши керек. Анын жасаган кылмыш иштерине саясатчыларды мыйзамсыз камаганы да кирет.
— Атамбаев камалыш керек деген ойдо турбайсызбы?
— Ал сөзсүз түрдө камалыш керек. Жасаган иши үчүн мыйзам алдында жооп бериши шарт. Аны камоодо бизге карата иштеген кампания кайра кайталанбай, тергөө дыкат иштеп, сот ачык өтүп, күнөөсүн мойнуна коюп, эл ишене тургандай кылып соттоо керек.
— Сиз Атамбаевдин бийлигине оппозиция болуп камакка алындыңыз. Азыр Атамбаев өзү бийликке оппозиция болуп чыгып жатат. Эки оппозициялык күчтүн айырмасы эмнеде болуп жатат?
— Айырма асман менен жердей. Бизди бийлик эч качан коррупция менен айыптай алган эмес. Себеби, биз бул жагынан таза болчубуз. Атамбаевдики таптакыр башка. Эгер анын тегерегиндегилердин коррупциялык иштери ачыкталып камалбаганда, ал адам өзүн оппозициямын деп жарыялай алмак эмес. Анын оппозициямын деп жарыялаганы өзүн-өзү сактоо, коргоо амалы.
— “Жээнбековду президент кылып алып келгеним эң чоң катачылыгым. Бул үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм. Ошол катачылыгымды оңдойм” деп айтты. Ушул сөздү кандай түшүндүңүз?
— Жээнбековду бийликке өзүм алып келдим, эми аны кетирем деген сөзү деп түшүнүш керек. Атамбаевди жакшы билебиз, анда өтө чоң акча дагы бар. Жээнбековду кетириш үчүн ар кандай жолдор менен колунан келген аракеттерди жасайт. Менин оюм боюнча коомчулук, прогрессивдүү күчтөр Атамбаевди ээрчибейт. Себеби, кылган кылыгын бүт эл билип калбадыбы. Анткен менен ар кандай жаманчылыктарга барышы мүмкүн. Андайга өтө маш адам.
— Кечээ күнү Курултайдын аткаруу комитети өткөргөн жыйынга катыштыңыз. Жыйында Атамбаевге чукул арада кылмыш иши козголушу керек деген чечим чыкты. Сиз дагы ушул чечимге макул болдуңузбу?
— Мен дагы ошол чечимди колдодум. 10 күндүн ичинде Атамбаевге карата кылмыш иш козголушу керек дегенге макул болдум. Ал кишиге буга чейин эле кылмыш иш козголушу керек болчу. Биз март айында камалардын алдында Башкы прокуратурага Атамбаевге кылмыш иш козгоо боюнча арыз менен кайрылганбыз. 24-мартта бир топ саясий күчтөр Ошто курултай өткөзөбүз деп пландаганбыз. Ал киши Ошко барып эл менен жолукканда, президент экенине карабай “Эл бузарларды таш бараңга алгыла” деп айткан. Бул чакырыгы Кылмыз-Жаза Кодексинин 299-беренесине дал келет. Талгарбековдорду ошол берене менен камаган. Биздин арызыбыз 3 жылдан ашык убакыттан бери Башкы прокуратурада жатат. Жооп дагы беришкен жок. Кубанычбек Кадыров экөөбүздүн арызыбызды Башкы прокуратура кайрадан карап чыгышын талап кылабыз.
— Атамбаев камалат деген сөздөр бир жылдан бери айтылып келет. Ал адамды жоопко тартуу үчүн бийлик тараптан эч кандай аракет байкалган жок. Сиздер койгон талап бийлик тараптан аткарылбаса багытыңар кандай болуп өзгөрөт?
— Баардык иш мыйзамдын чегинде болууга тийиш. Жакында эле парламентте экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам кабыл алынды. Эми президент кол койсо күчүнө кирет. Менин оюмча Атамбаевди камоого мыйзамдар даярдалып жатат. Экс-президент тууралуу жетиштүү фактылар дагы чогулуп жатса керек. Жакынкы 5–6 күндүн ичинде Атамбаевге кылмыш иши козголот деп ойлоп жатам.
— 10 күндүн ичинде кылмыш иш козголбосо талапты өзгөртөсүңөрбү?
— Кечээ күнү кабыл алынган резолюцияда экс-президентке кылмыш иш козгой албаса башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун аракетине юридикалык баа берилсин, президент, парламент тарабынан чара көрүлсүн деген пункт бар.
— Сиз мурун Атамбаев менен жакшы мамиледе болуп келбедиңиз беле. Ал киши качан, кайсыл окуядан кийин сизге өчөшүп калган?
— Атамбаев экөөбүздүн ортобузда эч кандай уруш-талаш жок. Саясий көз карашыбыз дал келген эмес. Мен Атамбаевди 1996-жылдан бери жакшы билем. Убактылуу бийлик менен иштешип, бул киши бийликке келгенде кызматты тапшырып кеткеним да ошондон улам. Анын кантип байыганын, заводдорду кантип алганын, ал заводдорду кандай талкалаганын да жакшы билем. Ошондуктан бул адам менен иштешүүнү туура көргөнүм жок. Атамбаев өзү бир топ кызматтарды сунуш кылды, бир топ жолу чакырды. Анда дагы макул болгон эмесмин. 2013-жылдан баштап бийликтин баарын өз колуна чогултуп кутура баштаганда, буга радикалдуу оппозиция керек экенин байкап, сынга ала баштаганбыз. Бизди аңдыды, коркутуп да көрүштү. Мындай аракетинен натыйжа чыкпаган соң камашты. Булар түрмөдө сынат деп ойлогон болуш керек. 2 жылга жакын түрмөдө дагы сындырууга ар кандай аракетин кылып көрүштү. Биз ал аракеттерге моюн сунган жокпуз. Атамбаев камалгандардын бирин дагы сындыра алган жок. Бүгүнкү бийлик дагы ойлонушу керек. Камоо менен эч кимди сындыра албайт.

Наралы Асанбаев, «Жаны Ордо» гезитискачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив