Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Бектур Асанов: «Сепаратист Кадыржан Батыровдор Атамбаевге таянып алышып бийликти укпай коюшкан»

Бектур Асанов: «Сепаратист Кадыржан Батыровдор Атамбаевге таянып алышып бийликти укпай коюшкан»

03 май 2019, 10:23    bishkek
— 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Жалал-Абад облусунда губернатор болуп турбадыңызбы. Өмүрбек Текебаев камалардын алдында өткөзгөн маалымат жыйынында “Алмазбек Атамбаев Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнө айтпастан түштүктү кыдырып келген…” деп айтты эле. Атамбаевдин эч кимге айтпай, жашыруун түштүккө барганын билесизби? Сиз менен жолукканбы?
— Атамбаевдин жашыруун түштүккө барганын кийин билдим. Ал киши бизге эч качан ишенген эмес. Ишенбегенин биз дагы билчүбүз. Убактылуу Өкмөттүн эң чоң кемчилиги – мүчөлөрүнүн бири-бирине ишенбөөчүлүгү. Жең ичинен башка күчтөр менен сүйлөшүп, орто жолдо бизди жаманатты кылган учурлар болду. Менин же Текебаевдин ошол кездеги сүйлөгөн сөздөрүн карасаңыз, Атамбаев же Отунбаева тууралуу жаман сөздөр айтылган эмес. Атамбаев болсо президенттик шайлоодо мага атаандаш болот деген ойдо Текебаевди жамандата баштаган. Мага ачык эле “Текебаевден алыс болсоң сен тууралуу жаман сөздөр айтылбайт” деп айтышкан. Мен Текебаев менен партиялаш да эмесмин. Болгону, баарыбыз оор учурда ынтымакта болушубуз керек деген позицияны бекем карманып, Атамбаевдин командасы айткан сөздү укпай койгом. Алардын максаты Текебаевди ошондо эле жаман көрсөтүү болгон. Ким Текебаев менен болсо аны да жамандап, ага кошулбагандарга сөз тийгизген эмес.
— Атамбаев түштүккө жашыруун барган кезде Жалал-Абадда өзбек сепаратист лидерлери менен жолугушуу өткөзгөнбү?
— Сөзсүз түрдө. Алар менен жолугушуу өткөзгөн. Сепаратист Кадыржан Батыровдор акыркы убактарда бийликти укпай калышкан. Себеби, Атамбаевге ишенип алышып ошондойго барышкан.
— Губернатор болуп турган кезиңизде кайсыл маселелер боюнча Атамбаев менен пикир келишпестиктер жаралган?
— Убактылуу Өкмөт учурунда Атамбаев менен “Кыргызнефтегаз”, Чаткалдагы алтын кендер, Майлы-Суудагы лампа завод боюнча бир топ пикир келишпестиктер жаралган. Бажы, аэропорт, энергетика, транспорт сыяктуу акчалуу жерлердин баарын 2010-жылы эле Атамбаев ээлеп калган. Жалал-Абаддагы алтын кендер, “Кыргызнефтегаз” бизге иштеши керек, биздин көзөмөлдө болушу шарт деген аракеттер болгон. Бул киши менен иштешүүнү каалабаганымдын бир себеби да ушул. Ошондо эле бул адамдын келечеги жакшы болбой турганын түшүнгөм. Акыр аягы кандай болгонун көрүп жатабыз. Кыргызстанды болушунча талап-тоногон. Фарид Ниязов Атамбаев 1,8 млрд доллар кредит алып келген деп мактанып жатпайбы. Атамбаев ошончо кредитти бир гана максат менен алып келген. ТЭО жок долбоорлорго кредитти алып, акчанын жарымын өзү кыркып алууну көздөгөн. Бүгүн баары далилденип жатпайбы.
— Түштүктөгү окуя парламентте каралып жаткан учурда “бомба” жарам дедиңиз эле. Ошол бойдон “бомбаңыз жарылбай кала берди. Кандай “бомба” болчу?
— Ошол маалда дагы Текебаев экөөбүзгө стрелканы буруп коюшпадыбы. 1–2 маалыматты айтам, кылгылыкты өзүңөр кылгансыңар дегем. Кадыржан Батыровду ушулар көптүргөн. Мен колумдан келген аракетти жасагам. Өзбекстан менен бир гана мен сүйлөшкөм. Муну парламенттик, эл аралык комиссия дагы айткан эмес. Тышкы иштер министрлиги дээрлик болбой калган. Мен Өзбекстанга кирип, премьер-министри (азыркы президенти) Мирзиёев менен сүйлөшүп, референдумга чейин качкындардын баарын кайтарганбыз. Бул ишти бир дагы комиссия айта алган эмес. Себеби, алар Атамбаевдин буйругу менен барган комиссиялар. Атамбаевди болушунча жаап-жашырышып, калгандарын шыбашкан.
— Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүн Кадыржан Батыров, Асылбек Текебаев баштаган атамекенчилер барып өрттөгөн деген сөздөр айтылат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Бул жалган сөз. Тейиттин бир топ кишилери менен сүйлөшсөңөр да болот. Бакиевдин Тейиттеги ордосун өрттөгүлө деп Убактылуу Өкмөттүн арасындагы кишилердин бирөөсүнөн команда болгон. Бул тууралуу комиссияга айткам. Мен каршы болгом. Андан кийин башка адамдарга команда берген. Бакиевдин жеке душмандары, Бакиев бизди өлтүрдү деген кишилердин туугандары өрттөгөн. Ак үйдөн команда болгонун билген Кадыржан Батыров бара калып “Мен жасадым” деп Убактылуу Өкмөткө жагынууну көздөгөн. “Ата-Мекен” партиясынын бул ишке эч кандай тийешеси жок. Ал учурда чоң оюндар жүргөн. Бакиевдин ордосу ошол жер болгондуктан, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү тарабынан өрттөп салгыла деген сөздөр болгон.
— Убактылуу Өкмөттүн токтому боюнча өлкөдөгү коопсуздукка Атамбаев жоопкер болгон. Түштүктөгү коогалаң чыгып кеткенден кийин Атамбаевдин үнүн качан уктуңуз?
— Атамбаев жоголуп кеткен. Анын үнүн 29-июнь күнү уккам. УКМКнын СИЗОсунда жатканымда, түштүктөгү коогалаң боюнча бир иш козголуп, мени 2 иш менен сындырганга аракет кылышты. Жергиликтүү бийлик шалаакылыкка жол берген деп айыпташты. Ооба, ошол учурда өлкөдөгү коопсуздукка Атамбаев жоопкер болуп, өз мойнуна алган. Бул боюнча Убактылуу Өкмөттүн документи да бар. 10-июнда Атамбаевди таппай калдык, жоголуп кетти. Түштүктөгү кандуу окуяга Атамбаевди жоопкерчиликке тартыш керек деп айтканымдан кийин тергөөчү экинчи жолу кайтып келген жок. Ошондон кийин экинчи ишти жаап коюшту.
— Курманбек Бакиев Тейитте жүргөндө сиз менен сүйлөшүүгө макул болуп, адамдарын жөнөткөн экен. Сүйлөшүүгө эмне себептен каршы болдуңуз?
— Бакиев менен 8-апрелде жолугушуп сүйлөшкөм. Туугандарына каршылык көрсөтпөш керек экенин, андан эч кандай майнап чыкпасын айткам.
— Эмне үчүн өзү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөдүңүз?
— Апрелде жолукканда Курманбек Бакиев эч нерсени чечпей турганын, аны Жаныш менен Ахмат Бакиевдер каалагандай жетелеп алганын көргөм. Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүнүн кажети жок экенин түшүнгөм. Жаныш, Ахмат Бакиевдер менен сүйлөшсө болот болчу. Алардын көз карашы сүйлөшө турган эмес эле.

Булак: «Жаны Ордо»
Маектешкен Наралы Асанбаевскачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив