Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияны Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүнү сунуш кылды

16 апр 2019, 17:45    bishkek
«Бүгүн кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстанда биргелешкен фито-санитардык жана ветеринардык лабораторияларды түзүүгө чакырам», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Ал баса белгилегендей, азыр Кыргызстан ВСП+ макамын алган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат.
«Биз бул үчүн европалык тарапка ыраазыбыз. Ошого карабастан аталган инструментти толук кандуу колдонуу үчүн мында ары да бизге колдоо керек. Бүгүнү күндө кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү европалык жана дүйнөлүк рынокко продукцияларын чыгаруу үчүн товарлардын сапаты тууралуу сертификатты кымбат баада алууга мажбур болууда. Кыргызстан жаңы типтеги жогорку технологиялуу, ыңгайлуу жана экологиялык таза өнөр-жайга муктаж. Биз жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз», — деп белгиледи Президент.
Кыргызстан үчүн ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү, айрыкча чакан жана орто бизнеске германиялык инвестицияларын тартуу биз үчүн актуалдуу экенин баса белгилеп, Мамлекет башчысы бул максатта Кыргызстанда германиялык экономиканын өкүлчүлүгүн ачуу, стратегиялык кызматташтык боюнча ишкерлер Кеңешин түзүү зарыл экенин билдирди.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив