Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"

Мирлан Дүйшөмбиев, журналист: "Президентибиз Германияда эне тилибизде сүйлөгөнү үчүн айрымдар тарабынан сынга алынып жатат"

16 апр 2019, 09:43    bishkek
Президентке РАХМАТ!

Деги бизге, кыргыздарга эмне жагат? Туура нерсени туура эмес дейбиз, туура эмести туура деп колдоп, жактап чыгабыз. Качан жакшыны жакшы кабыл алганга, жакшыны жамандан ылгап алып, конструктивдүү, негиздүү сын айтканга үйрөнөбүз? Бөөнү төө кылуу, бөйрөктөн шыйрак чыгаруу, жакшыдан жамандык издөө жагынан алдыбызга ат салдырбай калдык окшойт...

Жаңы эле Фейсбук мейкиндигинен айрымдардын Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга барган иш сапары учурунда ал жактагылар менен кыргыз тилинде сүйлөшүп, баарлашып жатканын сынга алып жаткандыктары катуу өкүндүрдү. Ага сүйүнүп, ал үчүн президентке ыраазы болуунун ордуна “орусча билбесе, кыргызча сүйлөйт да” деп “тепкиге” алып жаткандарына жол болсун! Болбосо, буга чейин чет жердеги жолугушуулар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилде жүрбөй тургандыктарын айтып, жазып, ал үчүн расмийлерди “сөгүп” келчү эмес белек?!

Албетте, кээ бирлердин президенттин орус тилди билбейт дегендери былжырак кептер. Эң сонун билет. Бирок аркы тарап орус тилин түшүнбөгөндөр болсо, ортодо котормочу президенттин айткан, дегендерин дал өзүндөй жеткирип турса, эне тилибиз – кыргыз тилинде саламдашып, баарлашканга неге болбосун??? Же бизде чет өлкө жетекчилери менен орус тилинде гана сүйлөшүп, кыргыз тилинде баарлашканга болбойт деген тыюу барбы? Чет мамлекеттеги иш сапарларда кыргыз тилинде колдонууга болбойт деген чектөө барбы? Россия жергесинде, же орус тилин жакшы билгендер менен жолугушуулар болсо, анда кеп башка эле...

Эмнеге эне тилибизге мындай мамиле жасайбыз? Эмне үчүн президентибиздин Германияда кыргыз тилинде сүйлөшүп жатканын кубаттап, алкагандын ордуна тилибиз үчүн уялгандай мамиле жасайбыз? Эне тилибиз үчүн кубанууга жарабайбыз, анан кайсы арыбызга кыргыз тили өнүкпөй жатат деп наалыйбыз? Башкасынан саясат жасасак да, эне тилибизден саясат жасабай эле койсок болбойт беле? Өлкө башчынын немец жергесинде кыргыз тилинде сүйлөгөнүнө “уялгандар” биринчи кезекте кыргыздарды, кыргыз тилин, түбү келип өзүн жээрип жаткандыктарын аңдашабы? Муну улутка карата нигилизм, маңкуртизмдин заманбап көрүнүшү, жалпак тил менен айтканда, түркөйлүк, маңыроолук катары гана баалайм. Аман эле болгула...

Жеке өзүм Президентке РАХМАТ айтып, дайыма эне тилибизге болгон ушундай мамилесинен жазбашын каалайм!скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив