Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"

Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү"

11 апр 2019, 11:23    bishkek
11-апрелде мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда сөз сүйлөп, акыркы мезгилдерде өлкөбүздөгү стабилдүүлүккө доо кетирүү багытында айрым саясий күчтөрдүн жасап аткан аракеттерине катуу сын айтты. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иштерге тоскоолдуктар аз эмес болуп атканын, коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болуп жатканын белгиледи. 


"Уюшкан кылмыштуу кландын коррупциялык иштери биздин мамлекетке чоң зыян алып келди. Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Баса белгилеп айтып кетейин, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Баары мыйзам жолу менен чечилет. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат", - деди мамлекет башчысы. 

Анан дагы президент Сооронбай Жээнбеков бир ууч топтун, алардын кызыкчылыгын коргоп жана уурулуктарын жашырам деп убада бербегенин кошумчалады. «Мен бир ууч топтун кызыкчылыгын коргоп, уурулуктарын жашырам деп убада берген эмесмин. Мен мамлекетиме, элиме кызмат кылам, андан башка менин жашоомдун маңызы жок», - деди ал. 
Туура, биздин өлкө үчүн эң ириде тынчтык, стабилдүүлүк, биримдик керек. Ал эми бийликте туруп, баарын кыңк эттирбей башкарып көнүп алган экстер эми кайрадан бийликке келгиси келип, ошондо да өздөрүнүн коррупциялык иштерин жаап-жашыруу үчүн, аны дагы улантуу үчүн келүү максатында элди көчөгө алып чыгам дегендерине эми эч качан жол бербешибиз керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив