Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”

Бакыт ОРУНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясый илимдердин кандидаты: “Мелис Мырзакматов “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири”

10 апр 2019, 14:51    bishkek

--Бакыт мырза, Мелис Мырзакматовго карата коомчулуктун “чарбачыл жетекчи, күчтүү менеджер” – деген өңдүү мыкты сапаттарын белгилеп, байма-бай баа беришкени бар. Саясат талдоочу катары дал ушул инсанга карата сиздин пикириңиз кандай?


--Менин эл уулу Мелис Мырзакматов боюнча пикирим оң, ага карата көз карашым түз. Ал азыркы кыргыз саясатындагы таасирдүү, бараандуу саясый фигуралардын бири. Аны бараандуу деп айтканымдын себеби, Мелистин саясый кадамдарына, көз-караштары менен саясый багыттарын колдогон калың массага ээ электораты бар. Бул жагын баса белгилеп айтып коюш керек. Ар бир саясатчынын социалдык катмары, калың колдоочулары болгон күндө гана ал саясатчы күчтүү боло алат. Мындай шарттан алганда Мелис Мырзакматовду “чоң калибрдеги” саясатчылардын бири десем болот. Анын “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы дагы буга чейинки жергиликтүү жана өзгөчө Ош шаардык кеңешинин шайлоосунда өзүнүн таасирин көрсөткөн. Бул жагы да өзгөчө баса белгилөөчү көрсөткүч деп ойлойм. Кыргызстанды куруп, өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча Мелис Мырзакматовдун эч кимге окшобогон, эч кимди туурабаган саясый көз-караштары, багыттары бар. Ал жердигинен, табиятынан лидер, уюштургуч сапаттарга ээ мыкты менеджер катары дагы өзүн кыска убакыттын ичинде эле көрсөтө алган инсан деп эсептейм.

--Бир жылдан соң парламенттик шайлоо болмокчу. Бул шайлоодо Мелис Мырзакматов башында турган “Улуттар Биримдиги” партиясы ат салышса жеңишти камсыз кыла алат деп ойлойсузбу? 

--Ар бир партиянын шайлоого катышып, жарышка аттанууга укугу бар. Азырынча мен алдыдагы бир жылдык мөөнөткө көзү ачыктык кыла албайм. Анткени, биз эч бир партияны утат деп айта албайбыз. Партиялардын бул убакка чейинки жасаган кадамдары, шайлоого чейинки жана шайлоонун жүрүшүндөгү кадамдары жеңишти камсыз кылууга таасирин тийгизет. Бүгүнкү баамдоо боюнча “Улуттар Биримдиги” партиясынын шайлоочулар арасында кадыр-баркы бар, аты карапайым калың калктын оозунан түшпөй келе жаткан көпчүлүк шайлоочулар билген партиялардын бири. Мен акыркы убактарда интернеттен, социалдык түйүндөрдөн “Улуттар Биримдиги” партиясынын кайрылууларын окуп калып жүрөм. Партиянын кайрылууларын карапайым шайлоочулар окуп, бул жагын да таразалап, талдап жатышса керек. Демек, алдыда “Улуттар Биримдиги” партиясынын парламенттик жарышка катышуу максаттары болсо, анда келечекте жеңишти багындырышат деген ойдомун. 

Элдияр АКМАТОВ.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив