Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды

АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды

26 мар 2019, 15:23    bishkek
АКШ президенти Доналд Трамп 25-мартта Израилдин талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө ээлигин тааныган документке кол койду.Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышып, Трампка ыраазычылык билдирди. Ал документти Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү аскердик жеңишин дипломатиялык утушка айландырган "чечкиндүү кадам" деп атады.
Кол койгондон кийин Доналд Трамп АКШ мындай чечимди "ондогон жыл мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты.
Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары таануу – Жакынкы Чыгышта чыңалуунун көбөйтө турганын билдирди.
Израиль жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган. Ага чейин ал Сириянын бир бөлүгү болгон. Тел-Авив аталган аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес. БУУ Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп атап, Израилди аймакты Сирияга кайтарып берүүгө үндөгөн.
Сириядагы жарандык согуштун жүрүшүндө, 2018-жылга чейин Голан дөңсөөлөрүнүн Сирияга таандык бөлүгү козголоңчулар тарабынан көзөмөлдөнгөн. Бирок азыр ал аймакты Сирия армиясы ээледи. Бул Израиль бийлигин өтө тынчсыздандырууда.
АКШда бийликке Трамп келгенден бери Израилди жактаган саясат жүрүүдө. 2018-жылы майда Вашингтон Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүргөн. Мындай жол менен ал бул шаарды Израилдин борбору катары тааныган. БУУга мүчө 128 өлкө шаардын макамы талаштуу болгондуктан, бул чечимге каршы чыккан, бирок АКШ бийлиги көз карашын өзгөрткөн эмес.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив