Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » Кылдан кыйкым издеген жарабайт 

Кылдан кыйкым издеген жарабайт 

11 мар 2019, 09:53    bishkek
Мындан эки апта мурун интернеттеги социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун колу коюлган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына жазылган кат тарап кеткен болчу. Анда бир нече каталар кетип калганы да өзүнчө белгиленген. Анан эле социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары тарабынан ар кандай ашыкча сындоолор орун алды. Тилекке каршы, дагы деле уланууда.
Бул кат коомчулуктун талкуусуна түшүп калганда эле Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул документ боюнча иликтөө иштери аягына чыкканын, тилекке каршы аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алып калганын айтып, ал үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Д. Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдирген. «Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат.
Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы», - деп жазылган ал билдирүүдө.
Андан көп өтпөй эле бул документ боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын экинчи билдирүүсү жарыяланган. «Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Амангелдиевич Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулду.
Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен кат (№6-993/19) боюнча алдын ала иликтөө иштерин жыйынтыктаган. А.Сабырбеков Төраганын кеңешчиси катары анын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопту кызматкер болчу. Аталган кат боюнча иликтөө иштери уланууда», - деп жазылган анда.
Демек, бул одоно ката менен кетип калган кат үчүн жоопкер кызматкер тиешелүү жазасын алды. Эми андай ката кетирүүгө жол берилбей тургандыгына ишене берсек болот. Кыргызда жакшы сөз бар: «Мүдүрүлбөгөн туяк болбойт» деген. Анын сыңары катта кетирилген катачылык үчүн өтө ашыкча сындай берүү жакшы жорук болбосо керек. Анын үстүнө ал катачылыкты моюнга алып, аны оңдоо аракеттери жүрүп аткан кезде.
Айрым өзүнүн кат сабаты толук жоюла элеги деле сындап, сабатсыз деп айтып жатат.Жумабековдордун үй бүлөөсүнүн сабаты кыргызды эмес, кыйланы таң калтырып жүрбөйбү! Бир тууганы Сабыр Жумабеков;  дүйнөдөгү оозго алынган саналуу ак халатчандардын сап алдында. Дастан Жумабеков төрага болуп келгени бир ызы-чуусу чыккан жок. Артында айтылган жаман сөздү уккан жокпуз. Ошондуктан болбогон шылтоону дуу кеп кылып, аны айыптай берүү чекилик. скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив