Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: «Экс-президент жɵн жаталбай, мамлекетти дүрбɵлɵңгɵ салып, 3-революция кылганга аракет кылып жатат»
Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевдин коррпуциялык иштеринин зыяны мамлекетке 111 миллион долларлык зыянды түздү, буга 111 мектеп курсак болмок»
Экс-ажо тузакка ɵзү түшкɵнү калдыбы?
Депутат Төрөбай Зулпукаров көпүрө көйгөйүн жеке булактары аркылуу чечип, курулуш иши башталды
Экс-глава ГКНБ Идрис Кадыркуов: Слова Алмазбека Атамбаева можно расценивать как дестабилизирующий фактор
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

11 фев 2019, 12:09    bishkek
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды.
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.
«Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында боло турчу кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык аракеттенишүү маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Россия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз», — деп белгиледи Россиянын Президенти.
Ал башка талкууланган маселелердин бардыгы боюнча бир жарым айдын ичинде кеңири иштер жүргүзүлүп, Кыргызстандагы марттын аягында боло турчу жолугушууларда алардын жыйынтыкталарына үмүтүн билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.
«Кыргызстан чыдамсыздык менен Сиздин биздин өлкөгө келишиңизди күтүп жатат. Бул биз үчүн абдан маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Биз ар дайым Сизди Кыргызстанда тосууга кубанычтабыз, Сиз менен болгон жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери чечилет. Эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин оң чечилишин колдонгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көп жылдан берки тарыхый достугубуз жогору баалайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив