Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Издөө
» » Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 

Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 

11 янв 2019, 18:10    bishkek
Кыргызстанда акыркы кездери кытайларга каршы маанай курчуй баштады. Соцтармактардагы айрым активисттер кытайларды Кыргызстандан депортация кылууга чакырып, жарандарды митингге чыгууга үндөп жатат. Жакында мындай иш-чараны уюштуруп жиберүүгө да жетишти. Капыстан эле элдин чогулганы, жаштардын кытайларга каршы ураан чакырышы кайсы бир күчтөрдүн башкаруусунда болуп жатканы, алардын уюштуруучулары бар экени айтпаса да белгилүү болуп калды. Ал эми мындай иштин артында кимдердин турганы башка маселе. Кытайларга каршы чакырык эң алгач 2018-жылдын 2-ноябрында башталган. Дал ушул күнү “Азаттык” үналгысына “Кытайдагы этникалык кыргыздардын, казак менен уйгурлардын абалы” талкууланган. Аталган материал “СУАРда кармалган казактарга алардын балдары тынчсызданууда” деген темада эфирге чыккан. Бул берүүдө Кытайдагы кыргыздардын абалы да кеп болуп, “антикытай” маанай тутана баштаган. Андан соң “Азаттык” үналгысы такталбаган, божомолдонгон бул багыттагы кыргыздардын канын кызыткан материалдардын серияларын даярдай баштады. Эң кызыгы кытайларга каршы маанайды Батышты жактаган, ошол жактын камчысын чапкан активисттер курчутуп, коомчулукту “кытайлардын экспансиясы күч алды” деген маалыматка суугарууда. 2018-жылдын 24-ноябрында Алматы шаарында маалымат жыйын өтүп, анда “Ата-Журт – жаш ыктыярчылары” аттуу казакстандык уюм бүтүндөй Чыгышты кытайлар басып жатканын билдирген. Ошол жерден Кытайдагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын, Казакстандын бийлигине жана дүйнө коомчулугуна кармалгандарды бошотуу боюнча жардам сурап кайрылган. Казакстанда башталган бул маанай акырындык менен Кыргызстанда кулачын жайды. Сырткы күчтөр кандайдыр бир нерсеге каршылык кылуу менен коштолуп кетүүчү өлкөдө антикытай кампаниясы күч алып кетишине болушунча аракет кылышы мүмкүн. Ар кайсы өлкөлөрдө көптөгөн кайгылуу окуялар менен аяктаган улутчулдук кагылышуусун айрым биздин активистер акырындап жандандырып жатат. Жалпылап айтканда Казакстандын Аламаты шаарында өткөн маалымат жыйынынан кийин Кыргызстанда Кытайдагы этникалык кыргыздарды коргоо комитети аталышындагы уюм түзүлдү. Бул жаңы уюмдун түзүүчүсү чуулгандуу коомдук ишмер, батышчыл бир саясатчы. "Кытайдагы этникалык кыргыз комитетинин коргоо" лидерлери Төлөмүш уулу Марат менен Максатбек Asanbekov дайындалышкан (Америка Кошмо Штаттарынан курулуш материалдарын ишке ашыруу үчүн компаниянын БААУнун бүтүрүүчүсү ээси, суюк изолятор). Бул дискурска кыргызстандык "батышчыл" саясатчы да кошулду. Акыркы түзүлгөн комитет белгилүү бир уюштуруу жана каржы ресурстарына ээ болуусу ыктымал. Кытайдагы кыргыздардын кысымы жокко чыгарылбастан максималдуу маалымат таратылаарын күтсө болот. Синофобиянын өсүшүн, башкача айтканда Кытай мамлекетин, элин жек көрүүнү күчөтүүнү мындан ары да күчөтөт. Кыргызстандык саясатчы Батыштын арыгын чаап, алардын арам иштерин аткарып келген Евгений Бунин менен активдүү кызматташып жатканы далилдеп турат. Буниндин Батыштан башкарып турган агенттик тармагы башка өлкөлөрдө да Кытайга каршы маанайды козутууда. Алар бул ишин Кыргызстанда да күчөттү. Максаты Кыргызстан менен Кытайдын мамилесин бузуу, АКШ-Кытай тирешине Чыгыштан туруп салым кошуу. Мындай бузукулуктун алдын албаса эртең кеч болуп калат. Эл да кыраакы болуп чагымга алдырбашы керек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив