Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»

Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»

04 янв 2019, 15:19    bishkek
Кыргызстандын мусулмандарынын экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусу: 
Урматтуу Алмазбек мырза! Сиз 2015-жылдын баш ченинде Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы өзүңүзгө караштуу жер тилкесине 2010-жылдагы апрель окуясында шейит кеткендердин урматына мечит курдуруп берүүнү убада кылган элеңиз. Ал жер тилкеси сизге 1990-жылдардан бери таандык экенин жана ал жерге курула турган мечитти да өзүңүз каржылай турганыңызды айттыңыз эле. Албетте, бул абдан кубанычтуу жана колдоого ала турган кабар болгон. Себеби, мечит – бул Кудайдын жердеги үйү деп аталат. Тилекке каршы, андан бери карай төрт жылга чукул убакыт өттү. Бирок, сиз убада кылган мечит али бүтө элек. Биз, Кыргызстандын мусулмандары сиздин берген убадаңыздын узакка созулуп атканына тынчсызданып турабыз. Алты жыл мамлекет башында турган адамдын сөзү аткарылбай калбашы керек эле. Тынчсызданып жатканыбыздын жөнү мындай – Сиз ошол мечитти куруп берүүнү убада кылгандан кийин, кыска убакыт аралыгында эле Кой-Таштагы 2,7 гектар жерге 1 млрд. сом коротуп заңгыраган хансарай салып алдыңыз. Андан тышкары «Ала-Арча» резиденциясына 90 миллион сомго дача салдыртканыңызды да өзүңүз айткансыз. Демек, кыска убакыт аралыгында ушундай эки үйдү салууга жетиштиңиз, бирок Кудайдын жердеги үйү аталган (өзүңүз убада кылган) мечиттин курулушун бүтүрүүгө негедир шашпай жатасыз. Биринчи кезекте, ошол убада кылган мечитти куруп бүтүп, андан кийин жогоруда айтылган кымбат баалуу үйлөрүңүздүн бирин курсаңыз кандай болот эле? Сиз мамлекет башында турган кезиңизде да «Мен 1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер элем» деп көп айтып келгенсиз. Бийликтен кеткенден кийин деле айтып жүрөсүз. Жакында эле «Апрель» телеканалына маек куруп, анда да өзүңүздүн байлыгыңыз тууралуу айттыңыз. Сиздин сөзүңүзгө караганда азыр деле жылына жүздөгөн миллион киреше табат экенсиз. Эгерде ушул «1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер болчумун» деген сөзүңүз чын болсо, анда өзүңүз убада кылган мечитти эртерээк бүтүрүп берет деген үмүттө кайрылуу жазууга аргасыз болдук. Балким, биздин кайрылуубуз мечиттин курулушунун тезирээк аякташына себепкер болуп калар. Ишиңизге ийгилик каалайбыз, кирешеңиз арта берсин.скачать dle 12.0
Гость Jeakage от 24 февраля 2019 07:31
Priligy Dapoxetine kamagra gi Macrobid Niftran Bacterial Infections Zithromax For Pregnant Women
Гость Jeakage от 13 марта 2019 09:34
Buy Vardenafil 40 Mg Malaysia Zanaflex my alli canada Worldwide Clobetasol Lichen Planus Cod Internet Store Express Delivery Newcastle
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив