Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда Атамбаевдей көпкөн, жалганчы президентти көрө албадым”
Тимур Саралаев: "Президент менен жолугушууда трайбализм темасын көтөрдүм, ал "кимдер экенин билем" деп жооп берди..."
Когда слова не расходятся с делом
Албек Ибраимов камакка алынды: 200 кыймылсыз мүлк объектиси бар, анын көбүнө 2010-жылдан кийин ээлик кылган
Пока есть жизнь, есть надежда
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө башчылары баштаган кадыр-барктуу коноктор келиши күтүлүүдө 
Таалайбек Сарыбашев: Мы изменим Ош к лучшему за 2 года
За последние 8 лет Албек Ибраимов стал владельцем порядка 150 объектов недвижимости
Албек Ибраимов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жалпысынан 150 кыймылсыз мүлк обьектисине ээлик кылып калган
Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Атамбаевдин хан сарайын бүткөрүү үчүн жүргүзүлгөнбү?
Памирдеги кыргыздардын башчысы болуп Ажыбуту Абдилгани шайланышы мүмкүн
Албек Ибраимов айылдаштарынын 33 гектар жерин тосуп алып, өзүнө үй салып жатат - ФОТО
Издөө
» » КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди

КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын кысымы –журналист Чынара Токонованы инсультка жеткирди

16 май 2018, 22:53    bishkek
2 комментарий   
КТРКнын директорунун орун басары Жылдыз Жумабекова журналист Чынара Токоновога жеке кызыкчылыгына байланышкан маселе үчүн кысым кылып, аны кызматтан кетирүүгө мажбурлаган. Оор басынтууга кабылган Чынара Токонова инсульт алып, учурда оор абалда жатат. Чынара Токонованын апасы болгон окуя тууралуу атайын билдирүү таратты:

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго

Кайрылуу

Урматтуу уулум Илим!

Менин кызым журналист Чынара Токонова буга чейин ушул эле КТРКдан өсүп такшалып , кийин “5-канал”, “Интерньюс”, “НТС” сыяктуу каналдарда эмгектенип, өзүнүн күчтүү журналист экендигин көрсөтуп элге таанылып, оозго алынып калган.
Мындан 3-4 ай мурун өзүң жетектеген КТРКнын  “Ала-Тоо 24” каналына ишке алдың эле.

Өзүң деле Чынаранын жакшы адис экенинен кабарың болгон үчүн ишке алган чыгарсың. Ошондон бери берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кынтыксыз иштеп жаткан . Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп, “Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгардың”- деген күнөө коюп кызымды аябай кысмакка алган.Өзү ишке тың, чыйрак, акыл-парасаты жогору, эч ким менен акыйлашпаган мүнөзү уяң кызым, жаңы келген орун басардын койгон талаптарына, жөнү жок асылганына ыза болгон экен, кечинде жумуштан жаман болуп келип “ апа мени Жылдыз иштетпейт окшойт, болбогон кунөөлөрдү коюп жатат, кыздар дагы айтышты Жылдыз сени аябай үстүңөн түшүп текшерип жатат дешти”,- деп айтты .Ошон үчүн “иштен кетүү жөнүндөгү” арызымды жазганга аргасыз болдум деген.

3-май күнү аябай бушайман болуп, “Ала Тоо 24” каналында иштешкен курбуларына барып жолугуп келем деп кеткен. Арыз жазгандан бери бушайман болуп, улам-улам капачылыгын айтып, көнүп калган коллективден кеткиси келбегендигин айтып жатты. Кыздар менен жолугушкан жерден кан басымы көтөрүлүп, 200гө чыгып жыгылган . Кыздар тез жардам чакырышып, Республикалык орукананын Неврология бөлүмүнө “Геморрагический инсульт” болуп жыгылды ( мед. Заключение бар ). Кызым азыркы тапта “Республикалык экинчи Неврология бөлүмүнүн реанимациясында жатканына он күндөн ашты. Көз жашымды төгүп оорукананы күзөтүп, он күндөн ашык отурганым отурган.Тепкичте ыйлап отурсам кыздар “Жылдыз келди “-дешти , жүзүнө тик багып карагым келген жок, буркурап ыйлап көз жаштан күчүмду чыгардым. Ызага буулугуп, кан басымы 200дү тээп турганда “Өз арызым менен иштен бошотуп коюӊуз” деп арыз жазган экен, Неге териштирбей туруп арызын кабыл алып, дароо жумуштан бошотуп койдуӊ, уулум Илим !

Сюитанын материалын менин кызым Чынара эфирге чагылдырбаса , башка бирөө деле бермек да, бул жерде эмне аябай ат көтөргүс арман бар беле? Же каналда көрсөткөнгө тыйуу салган кишилер барбы? Болсо байкуш кызым аны билбесе керек. Сураштырсам орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы айтор ошол өчүн менин кызымдан алыптыр. Жаңы эле кызматка келип, кыргын сүргүн баштаган бул орун басарыңдын кылган иши Кудайга да жакпаган иш. Алчу өчүн башкача албайбы? Кызыма карата кылган бул мамилеси тууралуу “Ала тоо 24” жамааты баары кабардар , бирок ар ким өз кызматынан, өз ордунан коркуп мага айткандарын ачык эч убакта айта алышпайт.

Бул иштин терең иликтенишинен деле күмөнүм чоң, бирок ошондой болсо дагы өзүңө коомчулук аркылуу кайрылууну туура таптым! Эч убакта ушинтип кат жазып калам деп ойлогон эмесмин. Бирок, мен азыр жүрөгү тилинип жаткан энемин! Жакшынакай жүгүрүп чуркап иштеп жүргөн кызым инсульттун оор түрүнө кабылып төшөктөн турбай жатса, эмне арга кылам?! Жылдыз Жумабекованын кызымды жыгып коюп, азыр ар кимден “путевка алып берем, антем, минтем” деп ортомчу салып, ар кимден айттырганынын кимге кереги бар?! Менин кызымдын ден соолугун эми ким кайрып берет, кадимки абалына кайтат деп ким кепил болот?!

Мен кызымды ушундай абалга алып келген адамгерчилиги жок ушул жетекчининин жазаланышын жана кызымдын ден-соолугу үчүн жооп беришин талап кылам! Азыр Кудайдан, кызымдын сакайышын тилеп отурам, бирок, эч ким, дарыгерлер баш болуп, толук калыбына келээрине кепилдик берген жок! Мен мыйзам чегинде дагы, бул маселенин чечилишине бутум үзүлгөнчө чуркайм! Азыр кызымды сыйлаган ар канал, гезит-журналдарда иштеген бардык журналист кесиптештери колдой турганын билгизип, учурда моралдык дагы, материалдык дагы жардам көрсөтуп келишүүдө. Баарына ыраазычылык билдирем! Жылдыз Жумабекова кызымдын азыркы ахывалына жооп берсин! Чара көрүлбөсө Жогорку кеңешке, Президентке кайрылууга аргасыз болом!

Батма Абдыразакова, Ч.Токонованын апасыскачать dle 12.0

Maalymat.kg



КТРК жаныланбаса болвой калды. Бир адамдын кырчындай омуру коркунучка кептелди ким жооп берет.ИЛим көзнүн ачып жазала. болбосо кудай сени да жазалайт.
Dataregdor от 25 мая 2018 20:04
Приветствую! Вы хотите узнать подробнее о бизнес-идеи – первое, что ищут начинающие предприниматели. Ведь пока нет идеи для бизнеса, не может быть и самого бизнеса. Но задача найти подходящие ... топливные карты с мойками для юридических лиц новые идеи малого бизнеса, идеи создания бизнеса, оригинальные бизнес идеи малого домашнего бизнеса.
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;