Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”

11 дек 2018, 14:14    bishkek
0 комментарий   
Экс-президент А.Атамбаевдин кечээ (10.12.18) кечинде "Апрель" телеканалына берген маегине терең маани берип укуктук, мыйзам тилинде туруп караган адамга өзүнүн күнөлөрүнүн көбүн өзү далилдеп ачып берди. 24- ноябрдагы өткөн курултайда Э. Каптагаевдин А.Атамбаев 6 жыл президенттик кылган мезгилге баа барган баяндамасынын негизинде курултай төмөндөгүдөй чечим кабыл алган

"...Кыргыз Республикасынын мурдагы Пезиденти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2011-2017-жылдар аралыгында мамлекеттик бийлик узурпацияланган, өлкөдө мыйзамсыз жеке авторитардык жана кландык башкаруу орунотулган-деп табылсын..."
Бул чечимдин туптуура экенин А.Атамбаев өзү далилдеди. Кыргызстандагы болгон кыймылдын бары А.Атамбаев аркылуу гана жүргүзүлчү экен. Өкмөт баш болгон башка мамлекеттик органдар А.Атамбаевдин оозун карап гана отурушчу экен. "аткар"- десе аткарып, "аткарба"- десе аткарбай. Өкүмөт эч иш кылбаптыр. Экономикадагы, маданияттагы бүт жасалган иштерди А.Атамбаев өзү башында туруп жасатыптыр. Бүт камоолор, каралоолор А.Атамбаевдин буйругу менен болчу экен. Ө.Бабановго да "Эки элдин ынтымагынын ортосуна от жакканы үчүн.."- деген шылтоо менен А.Атамбаевдин буйругу менен иш козголуптур. Кызматтан кетсе да үйүнө күч органдарынын башчыларын башкы прокурор менен УКМКнын төрагасын чакырып алып буйрук берүүчү экен.
Президент С.Жээнбековду эл шайлабай эле өзү шайлап коюптур. Эми өкүнөт экен. Бирок "али кеч эмес катачылыгымды оңдоп кайра башканы шайлайм" деген тариздеги оюн да кылтыйты. Көрсө кыргыз элин өзү айтып жүргөндөй "койдой" эле көрүп калыптыр. Каалаган жагына айдайт экен.
Өкүнүчтүүсү бир гана нерсени али түшүнбөптүр. Эл А.Атамбаевди эчак жээрип четке сүрүп салганын, өзү түгүл ар бир айткан сөзүнө жиркеничтүү караарын. Анын шыркыратып айткан калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр. Балким реалдуу дүйнөдөн бөлүнүп калгандыктан реялдуу жашоону түшүнбөй аткандыр.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;