Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Сапар Исаковдон 40 “провал”

Сапар Исаковдон 40 “провал”

17 апр 2018, 12:55    bishkek
“Жаш өкмөт” деп аталган Сапар Исаков башында турган өкмөт адеп ишке киришкенде “Өнүгүүгө кырк кадам жасайбыз” деп катуу келген. “Буйруса кадамдарыбыз конкреттүү такталып калган турбайбы” деп кол чаап, сүйүндүк эле. Бирок, 8 айдай убакыт өткөнүнө карабастан, али бир да кадам алдыга жасамак турсун, арканы көздөй кетенчиктеп баратканыбыз өкүнүчтүү болуп турат.

Ошондон улам биз Сапар Жумакадырович кандай кырк кадамды айтканын бир талдап көрүүнү чечтик. Талдап көрүп, ал кадамдардын көпчүлүгү жөн эле 40 деген санга жеткирүү үчүн жел менен үйлөтүлгөндөй эле программа болуп калганын байкадык.



Биринчи кадам - Санариптик трансформациялоонун программасы деп аталат. Мына ушуну уялбастан туруп өзүнүн программасынын башына киргизип алганына таң каласың. Бул багыттагы аракет тээ 2008-жылдан бери карай жасалып келатканын эл да жакшы билет. Анан ал өткөн жылы жай айларында эле толугу менен жүзөгө ашкан. Ал мезгилде С. Исаков өкмөт башчылыгына келе элек болчу. Бул программаны учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган маалында ишке ашырган.
Экинчи кадам - мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо деп турат. Эгерде С. Исаков өзү түзгөн өкмөттүн туруктуулугун сактай алган болсо, өзү ишенип алып келген кадрлары ишеничти актаган болсо, анда ушул программасы ишке ашаарына ишенет элек. Өзү менен кошо вице-премьерликке алып келген Т. Абдыгулов, Д. Зилалиев, А. Шадиевдер азыр кайда? Бири өкмөттүк трассага бомба коюлган деп жалган айтып жүргөн болсо, бири коррупцияга шектелип кызматтан кетти. Азыркы министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү бир эле күндө чогуусу менен премьер-министрдин сөгүшүн алышты. Айтор, иштей алышпай атат. Анан кантип С. Исаков мамлекеттик башкаруу системасын реформалайт?
Үчүнчү кадам - Шайлоо процессин реформалоо. Акыйкаттык үчүн айтканда бул процессти реформалоо экс-президент А. Атамбаевдин убагында эле башталган. Өткөн 2017-жылы өткөн президенттик шайлоо дал ошол шайлоо процессин реформалоонун үлгүсү болуп калды. Шайлоо таза жана акыйкат өттү. Бирок, ошол шайлоонун алдында өкмөт башында турган С. Исаков кайсы бир региондо эл менен жолугушуу учурунда «Кайсар Абылкасымов машинесинин багажында 25 млн доллар менен кармалыптыр, бул талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы» деп айткан болчу. Бул маалымат жалган экени, К. Абылкасымов эч жерде кармалбастан эле, үйүндө тынч отурганы ошол замат такталган. Мамлекеттик жогорку кызматтардын биринде туруп жалган айтканы үчүн Сапар мырза эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Анан ал кантип шайлоо процессин реформалайт? Жалган айтуу мененби?
Төртүнчү кадам - Жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү. Кантип деген суроо туулат. Элнура Алканова аттуу журналист Бакиевдерге тиешелүү вип-шаарчалардын сатылып кеткени боюнча атайын материал даярдады эле, аны С. Исаков сотко берип койду. Кийинчерээк мына ушул иш боюнча Маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков орун басары менен чогуу кармалды. Демек, журналист чындыкты айтып чыккан экен. Ага С. Исаковдун да тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги да айтылууда. Анан чындыкты айткандарды сотко берүү менен жарандык коомдун институттарын өнүктүрөбү?
Бешинчи кадам -  Мыкты мектеп. “Жерүй” алтын кени аукционго коюлуп сатылганда, ал үчүн берилген 100 млн долларга 100 мектеп курула турган болгон. Бирок, ал акчаны С. Исаков Дүйнөдүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн курулган ат майданына сарптап койду, дүңүнөн эле. Ал убакта С. Исаков КР президентинин аппаратында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болчу. Ошентип мектепке деген акчаны башка жакка сарптап жиберип, эми кантип мыкты мектеп программасын жүзөгө ашырганы жатат?
Алтынчы кадам – Бел болчу билим, жетинчиси – из калтыруучу илим. Угулушу абдан жакшы. Бирок, кантип бул программаларды ишке ашырат? Ө1лкөбүздөгү ЖОЖдордо коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жаатында конкреттүү иш-аракеттер жүрбөсө, мектеп программаларында башаламан окуу китептери колдонулуп атса, жадакалса мектеп формасын да бирдиктүү бир тартипке сала албай жатышса, бул программалар тууралуу ооз ачканга болобу?
Сегизинчи кадам - Чакан жана орто ишкердикти колдоо. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алдында ат майданын (Ипподром) оңдоп-түзөө иштерин жасаган компаниянын акчасын төлөбөй коюшканын, ал компаниянын өкүлү айтып чыккан. Ошондо аны С. Исаков каматтырып жиберди. Мына ушундай кадам менен чакан жана орто ишкердикти колдошобу?
Тогузунчу кадам - Кыргызстанга инвестиция сал! Жакында эле Тогуз-Торо районунда жергиликтүү калк “Джи Эл Макмал Девелопинг” алтын өндүрүүчү компаниясынын фабрикасын өрттөп жиберишти. Андан инвесторлор 5 млн доллардан ашуун зыян тартышканы да белгилүү болду. Инвесторлорго ушундай мамиле жасалса, анан кантип “Кыргызстанга инвестиция сал!” деп кыйкыра алабыз? Анан дагы ТЭЦти модернизациялоодо базарда ашып кетсе 100 сом турган кычкачтын баасы 640 долларга сатылып алынганын уккандан кийин, бийлик менен инвесторлордун сүйлөшүүлөрүнө эл ишене алабы? Мына ушундай маселелерди чечпестен туруп, инвесторлорду тартуу өтө оордук кылат.
Онунчу кадам – Жеткиликтүү кредит. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезинде айыл-чарбасы үчүн, дыйкандар үчүн берилүүчү кредиттин пайызы 7-8%ка түшкөн. С. Исаков андан төмөн пайыздагы кредит берелек.
Он биринчи кадам – Экспортту колдоо. Биздин товарлар, азык-түлүктөр сыртка чыгып аткнада ар кандай тоскоолдуктарга кабылууда. Бул багытта али күнчө жеткиликтүү шарттар түзүлө элек.
Он экинчи кадам – Кыргыз Республикасындагы энергетика. Энергетика тармагына кандай көңүл бурулганын Бишкек ТЭЦинин абалынан эле жакшы билип калдык. Эми “Датка-Кеминдин” былыктары чыкса, дагы кененирээк билип калабыз.
Он үчүнчү кадам – Шаардык инфраструктура. Учурдагы калаа башчысы А. Ибраимов шаарыбыздагы тал-теректерди кыйдыртып, башаламан эле курулуштардын курулушуна жол берип атканын көрүп атабыз. Ушул кантип инфраструктураны өнүктүрүү болсун?
Он төртүнчү кадам – Транспорттук-жол инфраструктурасы. Борбор калаабызда жаңыдан курулган жолдордун бир кыштан чыкпай эле бузулуп калып атканын көрүп атабыз. Депутат Р. Момбеков айткандай жолдор кар менен кошо эле ээрип калууда. Демек, сапат деген нөл. Азыркы тапта да шаардын көптөгөн көчөлөрү тосулуп турганын көрүп турабыз. Бирок, эмнегедир оңдоо иштеринен кабар жок.
Он бешинчи кадам - Таяныч шаарлардын базасында региондорду өнүктүрүү. Биринчи негизги шаарларды жакшылап өнүктүрүп алып, анан таяныч шаарлар тууралуу кеп кылсак туура болмок.
Он алтынчы кадам – Таза суу. Бул президент С. Жээнбековдун президенттикке аттанып аткандагы программасында бар болчу. Андыктан даяр программаны көчүрүп алуунун кажети деле жок болчу.
Он жетинчи кадам - Коопсуздукту жана экономикалык ишти камсыз кылуу – тышкы саясаттын негизги милдети. С. Исаковдун өзүнүн дайындаган кадрлары бизнесмендерди кысып же калкалап жүрүшкөн болсо, бул программа кайдан ишке ашат? Ачык мисал, жакында эле контрабанданы калкалап жүргөнү билинип калып УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматынан кеткен Б. Сүйүмбаевди С. Исаков Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындап салды.
Он сегизинчи кадам - «Мекен-карт» улуттук демилгеси. Буга ким түшүндү? С. Исаков өзү эле түшүнбөсө, карапайым кыргызстандыктар түшүнгөн жок.
Он тогузунчу кадам - Укук коргоо системасын трансформациялоо. Кантип трансформациялайт? Эгерде ал өзү Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындаган Б. Сүйүмбаев сыяктуулар Казакстанда контрабанда менен кармалган Асылбек уулу Дамирбек сыяктууларды калкалап жүрүшсө.
Жыйырманчы кадам - Комплекстүү күрөшүү жана коррупцияны алдын-алуу. Кантип күрөшөт? Эгерде анын ишенимдүү кадрлары А. Калиев орун басарлары менен, А. Шадиев коррупция боюнча шектелип атышса?
Жыйырма биринчи кадам - Региондук кооперативдик агроөнөр жай комплекстерин түзүү. С. Исаковдун ушул күнгө чейин бир кооперативдик чарбага барганын ким көрдү? Жөн эле программага жазып койгон менен, ал ишке ашпайт эмеспи.
Жыйырма экинчи кадам - Ирригацияны өнүктүрүү. С. Исаков ушул күнгө чейин айдоо аянттарын кыдырып, дыйкандар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн уктубу? Анткен жок.
Жыйырма үчүнчү кадам - Туруктуу туризм. Бизде туризмди өнүктүрүүгө шарттар жок. Ысык-Көлдү көздөй кетип бараткан жолдо жадакалса бир маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн таза даараткана таба албайбыз. Андыктан кагазга жазып койгон менен туруктуу туризм эч качан болбойт.
Жыйырма төртүнчү кадам - Өнөр жай өндүрүшүн кайра жандандыруу. Бир дагы өнөр жай өндүрүшү боюнча ишкана ачылган жок. Ал эми өнөр жайдын талкаланышына анын “шефи” А. Атамбаев да күнөөлүү. Иштеп аткан завод-фабрикаларды арзан баада менчиктештирип алып, анын тетиктерин сатуу менен байыган.
Жыйырма бешинчи кадам - Кластерлерди жана жеңил өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү. Бул деле 24-кадамдын кайталанмасы.
Жыйырма алтынчы кадам – Саламаттыкка инвестициялар. Сергек жашоо образы. Саламаттыкты сактоо боюнча ушул күнгө чейин кайсыл инвестор келди? Өлкөбүздүн баардык ооруканаларына барсаң, кезек күткөн эле адамдарды көрөсүң. Тейлоо деген өтө начар.
Жыйырма жетинчи кадам - Саламаттык сактоонун инфраструктурасын модернизациялоо. Бул деле жыйырма алтынчы кадамдын кайталанмасы.
Жыйырма сегизинчи кадам - Тең мүмкүнчүлүктөр – коомду өнүктүрүүнүн негизи. Эмне боюнча тең мүмкүнчүлүктөр? Конкреттештирбейби? Же өзү түшүнсө эле болдубу?
Жыйырма тогузунчу кадам - Татыктуу эмгек жана карылык. Бул багытта эмне иш жасады? С. Жээнбеков премьер-министр кезинде кары-картаңдардын пенсиясын 15%ка көбөйтүү чечимин кабыл алган. Ал эми С. Исаков бул багытта эч кандай иш жасаган жок.
Отузунчу кадам - Маданият аймагы. С. Исаков кайсыл маданият үйүн жаңылады? Маданият жаатына кандай камкордук көрдү?
Отуз биринчи кадам - Алтай цивилизациясынын мурасы. Бул дагы экс-президент А. Атамбаевге таандык программа. Аны өзүмдүк кылып көчүрүп алуунун зарылчылыгы жок болчу.
Отуз экинчи кадам - Чек ара коопсуздугу. Жакында эле өзбек чек арачысы Кыргызстандын бир жаранын атып өлтүрүп койду. Демек, чек ара коопсуздугун сактай албай атат. Негизи эле чек ара маселесин президент чечүүдө. С. Исаков чет өлкөгө жасаган сапарларынын биринде Казак лидери Н. Назарбаев менен катар баса коюп эле, «Мен кыргыз-казак чек ара маселеси боюнча Назарбаев менен сүйлөштүм, чече турган болду» деп “балп” эттирип алган. Бирок, андай сүйлөшүү болбогонун казак тарап билдирген. Андан кийин гана президент С. Жээнбековдун Минскиден Н. Назарбаев менен жолугушуусунда гана бул маселе чечилгенин билебиз.
Отуз үчүнчү кадам - Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү. Мындай күрөштү УКМК жүргүзөт. УКМК президенттин карамагында. Демек, С. Исаков өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен.
Отуз төртүнчү кадам – Киберкоопсуздук. Интернет коопсуздугу боюнча конкреттүү иш алып бара турган мекеме барбы? Жок. Анда бул кадамды кантип жасайт?
Отуз бешинчи кадам - Аскердик коопсуздук. Бул багытта жэмне иш жасады? Кайсыл аскердик техника жаңыланды?
Отуз алтынчы кадам - Мамлекеттик тил саясаты. Бул жаатта кандай иш жасады? Эч кандай иш жасалган жок.
Отуз жетинчи кадам - «Кыргыз жараны». Паспортко мындай жазуу Атамбаевдин убагында кирген. Андыктан кечеги жасалган ишти да өз программасына киргизип алуу болбогон иш.
Отуз сегизинчи кадам – Экологиялык коопсуздук жана климатты адаптациялоо. С. Исаков Кыргызстандын «Кумтөргө» койгон 2 млрд доллар доо арызын кечти. Бул доо арыз дал ушул экологиялык коопсуздук боюнча берилген болчу. Бирок, Сапар мырза ага каршы чыкты. Эми кантип бул кадамды жасаганы турат?
Отуз тогузунчу кадам – Экологиялык туруктуулук. Бул отуз сегизинчи кадамдан эмнеси менен айырмаланат?
Кыркынчы кадам - Тоо-Токой. Бул деле экология тармагына кирет эмеспи?
Айтор, мына ушул кырк кадамды жакшылап карап отурсаң, С. Исаков эптеп эле 40 деген санга жеткирүүнү көздөгөнү көрүнүп турат. Анан дагы ошол кырк кадамынын бир кадамын да жасай электигин билебизскачать dle 12.0
Гость Jeakage от 5 февраля 2019 22:05
Cialis Compara Prezzi Buy Viagra Dapoxetine Online Acquistare Caen Gel Kamagra viagra prescription Clomid 50 Mg Acheter Priligy Mexico 2011 Cialis Che Cos'E Definicionpatente De Propecia Cialis Sin Prescripcion viagra online Motilium Without Prescription Amoxicillin Dental Use For Pain Cialis Cheapest Jelly Kamagra Paypal cialis Buy Keyword Viagra Propecia Hormones Male Pattern Baldness Order 120 Mg Alli Pills Generic Prevacid Online cialis 20mg price at walmart Pepfiz Fish Flex Cephalexin Information About Priligy Aacifemine Clomid Je viagra online prescription Pfizer Viagra From Canada
Гость Jeakage от 13 марта 2019 11:20
Amoxil Package Insert Comprar Cialis En Farmacia De Andorra Acheter Priligy En Ligne levitra in canada discount code Dove Acquistare Cialis Originale
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив