Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “ЕАЭБ алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек”

Сооронбай Жээнбеков, КР президенти: “ЕАЭБ алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек”

15 май 2018, 10:51    bishkek
0 комментарий   


Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Россия Федерациясынын Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. Өлкө башчысы Сочи шаарына иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын жаңы шайланган премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
Владимир Путин: “Экономикалык уюм бизге ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүк берет”

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусунда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун келечеги, ошондой эле ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи. Ал өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгына токтолуп, биргелешкен долбоорлордун катарында «Кыргыз-Россия» өнүктүрүү фондунун ишин белгиледи. “Өлкөлөрүбүздүн ортосунда эки тараптуу форматта талкуулоо үчүн жалпы, салттуу темалар бар. Бүгүн биз Евразиялык экономикалык бирликте кызматташуубуздун маселелерин кеңири курамда талкуулайбыз. Экономикалык уюм бизге ар тараптуу кызматташууга мүмкүнчүлүк берет”, -деп баса белгиледи Россиянын президенти Владимир Путин.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди расмий түрдө Россия Федерациясынын президентинин кызматына кириши менен куттуктады. “Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин дагы бир ирет талкуулоого жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Россия мындан дагы зор ийгиликтерге жетет деп ишенем. Жыл башынан бери биздин кызматташтыктын дээрлик бардык баскычтарында диалог активдештирилгендигин канааттануу менен белгилейм», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. «Кыргызстандын негизги өнөктөшү - Россия менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча багытыбыз кыйшаюусуз сакталат деп дагы бир ирет ырастайм», - деп сөзүн жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков. Ал жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн Россиянын президентине ыраазычылык билдирди.

Армения менен достук мамиле бекемделет жана өнүгөт

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен да жолугушту. Өлкө башчысы Никол Пашинянды Армения Республикасынын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. «Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер бекемделип жана өнүгө берет деп ишенем», - белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян таанышканына кубанычта экенин жана куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ЕАЭБдин алкагында гана эмес, эки тараптуу тартипте дагы конструктивдүү иштешүүгө белсенип турабыз. Кыргызстан менен салттуу достук мамилелер бекемделе берет», - деди ал.

Евразиялык интеграция Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыты

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин тар жана кеңири курамдагы отурумуна катышты. Өлкө башчысы анда Евразиялык интеграция Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыты болорун белгилеп, жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн, салтка айланган жылуу жана жаркын маанайда кабыл алуусу үчүн Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. «Учурдан пайдаланып, өзүмдүн атымдан жана бардык кыргызстандыктардын атынан Владимир Владимировичти президенттик шайлоодогу жеңиши жана кызматка киришүүсү менен чын ниеттен куттуктайм жана бул жооптуу кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалап кетким келет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстандын Бирликке катышуусунун оң натыйжаларынын бири катары эмгек рыногунун либералдашын жана эмгек мигранттарынын абалынын жакшырышын баса белгиледи. «Ошол эле учурда, позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, бирликтик Келишиминин жоболорун өркүндөтүү жолу менен биз көп маселелерди чечишибиз керек. Биздин интеграциялык бирикмебизде мигрант-эмгекчилердин тең укуктуулугун жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга умтулушубуз керек. Биз төрагалык кылган мезгилде Бирликтин алкагында ийгиликтүү бизнес жүргүзүү жана соодадагы ички карама-каршылыктарды четтетүү үчүн көп иштерди жасадык. 2017-жылы Бирликке мүчө өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмү 26 пайызга өсүшү биздин биргелешкен аракеттердин позитивдүү жыйынтыктарынын ачык-айкын мисалы болуп саналат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, анын ичинде товарларды жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган санариптик күн тартибинин алкагында коюлган милдеттерди өз убагында чечүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

«Бул иште ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларды маркировкалоо жана көз салуу боюнча санариптик технологияларды киргизүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто бизнеске түшкөн оорчулукту эске алуу менен товарларга көз салуу механизмдери синхрондолушу жана алар баскыч баскычы менен киргизилиши керек», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков: “Эл аралык деңгээлде биргелешип аракеттенишибиз керек”

Жыйында президент дүйнөдө соода согушу деп аталган неменин айыгышкан мүнөзгө ээ болуп бара жатканына жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду. «Геосаясаттык чыңалуунун өсүшү евразиялык интеграциянын алкагында биз жетишкен натыйжаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. – Биз ички өз ара атаандаштык күрөштөн кайтып, эл аралык деңгээлде биргелешип аракеттенишибиз керек. Биздин интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү менен гана өлкөлөрүбүздүн бүт экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ача алабыз».
Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен, анын ичинде Кытай, Индия жана Сингапур менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен иш стратегиялык мааниге ээ болооруна ишеним билдирди.

«Туроператорлорду жана турагентчиликтерди кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногуна кошуу Бирликтин алкагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү чоң кадам болду. Кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун түзүү ишин улантуу маанилүү. Өлкөлөр ортосундагы кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн регионалдык өндүрүш тизмегин түзүүчү долбоорлорду иштеп чыгуу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Ушундай долбоорлорду каржылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынын ишмердигин күчөтүү керек.
Бизде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган реалдуу иш алып баруучу ЕАЭБ финансылык өнүктүрүү институтунун болушу зарыл», - деди мамлекет башчысы.

Президент алга жылуу керек экендигин, бирок Кыргыз Республикасы Бирликке кошулган күндөн бери чечилбей келе жаткан маселелер бар экенин баса белгиледи. Ошондой эле өлкө башчысы Бирликтин органдарындагы бюрократташтыруу маселесине көңүл бурду жана Бирликтин алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек деп белгиледи. Процесс бардыгы үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиянын колдоосуна муктаж бизнес үчүн да ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу зарыл. «Комиссия талаш туудурган маселелерди натыйжалуу чечиши керек жана тийиштүү милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого тийиш. Бул багытта ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгып, биздин карообузга алып чыгууну Комиссияга тапшырууну сунуш кылам», - деди мамлекет башчысы.

Сөзүн аяктап жатып, президент Сооронбай Жээнбеков Евразия мейкиндигиндеги интеграцияга ар тараптан көмөктөшүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экенине өнөктөштөрдү дагы бир жолу ишендирди.


Булак: "Маалымат.KG"
 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;