Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"

Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"

24 ноя 2018, 22:12    bishkek
0 комментарий   
Экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишмерлигине жана анын натыйжаларына
саясий баа берүү жөнүндө Эмилбек Каптагаев жасаган
БАЯНДАМА

Бишкек шаары, 2018-жылдын 24-ноябры

Арыбаңыздар Ардактуу Мекендештер!
Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет аталганына 27 жыл толуп жыйырма сегизинчи жыл кетип бара жатат. Бул мезгил биз үчүн оор сыноолордун жана жан кейиткен жоготуулардын жылдары, жаркын келечек үчүн көптөгөн мекендештерибиз куугунтукка туш болуп, түрмөлөргө камалып, а түгүл 2002-жылы Аксы окуясында, 2010-жылы Апрель революциясында жана Июнь коогалаңында өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болушту. Бул мезгил элибиздин келечекке болгон үмүтүнүн бирде жанып, бирде өчүп турган учуру.
2005-жылкы Март революциясынан кийин Акаевдин үйбүлөлүк башкаруу түзүмү жок кылынат, коррупцияга бөгөт коюлат, өлкөдө демократия өкүм сүрөт деп Бакиев жар салган, элдин ишенимине ээ болуп Президент болуп шайланган. Бирок, бир-эки жыл айланбай эле өзүнүн үйбүлөлүк-кландык бийлигин орнотуп, каршылык кылган саясатчылардын, журналисттердин, бизнесмендердин көзүн тазалап, өлкөдө канкор бийликти орнотуп салган, коррупция болсо расмий салтка айланган.
2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин өлкөдө Конституциялык реформа ишке ашып, парламенттик демократия орноду, адам укуктары камсыз болот, сөз эркиндигине чек коюлбайт, сот реформасы ишке ашат, мурдагы замандагыдай соттордун өкүмдөрү мыйзамсыз болбойт деп ураалап кыйкырып жаттык эле. Ал эми Алмазбек Атамбаев Апрель Элдик революциясынын идеяларынан баш тартып, эл алдында берилген антты бузуп, шейит кеткен баатырлардын арбактарын тебелеп, кайрадан эле мурдагы Акаев менен Бакиев түзгөн бийликти калыбына келтирди, натыйжада өлкөдө коррупция тамырлап кетти.
Азыр жоопкерчиликтүү эле айтсак болот – Акаев, Бакиев жана Атамбаевдер түзгөн бийлик түзүмдөрүнүн ички табигаты окшош, ал үчөөнүн мамлекетке карата, элге карата кылган кыянаттыгынын мазмууну да бирдей, эч айырма жок. Үчөө тең бийликти узурпациялап, конституциялык түзүмдүн сыртында турган, мыйзамсыз бийлик борборун түзүштү, өздөрү түзүп алган башкарууну биратоло бекемдеп кармап калууга аракет жасашты, мыйзамсыз референдумдарды өткөрүштү, эл байлыгы болгон “Кумтөрдү” шылуундардын колуна салып беришти. Үчөөнүн тең эң чоң күнөөсу бирдей – бул элдин мамлекетке, бийликке жана акыйкаттыка болгон ишенимин өлтүрүшкөнү.
Ушундан улам өткөн эки Элдик революция максатына толук жете элек, али да болсо “үйбүлөлүк жана кландык” башкаруунун тамыры үзүлө элек, андай башкарууну шарттап турган жагдайлар жоюла элек деп жатабыз.

Урматтуу Курултайдын делегаттары жана катышуучулары,

Биз өткөндөн туура маани чыгарып, сабак алып, учурдагы авалга туура баа берип, келечекти карай туура кадам ташташыбыз зарыл. Бул учур талабы.
Бүгүнкү Курултайдын дагы башкы максаты мына ушул.

Урматтуу замандаштар,

Мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге саясий жана укуктук баа учурунда берилген, алардын “Экс-президент” деген расмий статустары алынып салынган.
Бүгүн күн тартибинде Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары 6 жылдык ишмерлигине саясий баа берүү маселеси турат.
Мындай саясий баа коом үчүн, келечек үчүн өтө маанилүү.

Урматтуу замандаштар,
2011-жылдан берки Атамбаевдин ишмерлигин, жасаган аракеттерин, түзгөн башкаруусун жана алардын натыйжаларын зерттеп отуруп төмөндөгүдөй саясий баа, саясий тыянак чыгарууга болот:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2017-жылга карата мамлекеттик бийлик узурпацияланган деп айтууга толук негиз бар, анткени ал Конституцияда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, өз жан жөкөрлөрүнөн турган мыйзамсыз башкаруу борборун түзгөн, өлкөдө үйбүлөлүк-кландык башкаруунун жаңыланган түрү болгон жеке-кландык башкаруу кайрадан орногон, мыйзам тарабынан каралбаган көмүскө жолдор менен бийлик бутактары толугу менен жеке-кландык бийликке баш ийдирилген, натыйжада Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Сот түзүмү, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтары өз алдынчалыгын жоготуп, жеке кишинин бийлигин чыңдоого жана анын экономикалык жана саясий кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылып калган, мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилүүсү, мамлекеттик ички жана тышкы саясат жеке пикирден көз каранды болуп калган, өлкөдө саясий жана экономикалык коррупция күч алган.
Жеке-кландык бийликти түзүү жана мамлекеттик бийликти узурпациялоо 2002-жылдагы Аксыдагы күрөшкө чыккан элдин эркине, 2005-жылдагы Март революциясынын идеяларына жана 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынын максаттарына каршы келет, улуу максаттар үчүн жанын курман кылган боордошторубуздун арбактарына шек келтирип, мамлекеттүүлүккө жана кыргыз элинин нукура кызыкчылыктарына карата чыккынчылык болуп саналат.

Урматтуу делегаттар жана курултайдын катышуучулары,

Бийликтин узурпацияланышы бир күндө, бир айда же бир жылда боло калган жок, жеке-кландык башкарууну орнотууга дээрлик беш жыл талап кылынды. Бирок, бийликти жеке басып алуу жана аны президенттик мөөнөт бүткөндөн кийин дагы сактап калуу, кийинки шайланган презиенттин үстүнөн “сырттан туруп башкаруу” режимин киргизүү идеясы абдан тыкан ойлонулган, алдын ала пландалган жана ырааттуу түрдө 5 жыл ичинде турмушка ашырылган иш экендиги анык.
Сөз куру болбош үчүн мамлекеттик бийликти узурпациялоо белгилери жана ага өбөлгө болгон жагдайларга токтоло кетели.

Биринчи жагдай - бул саясий интригалар, саясий манипуляциялар жана бийлик бутактарын деморализациялоо.
2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык өлкөдө мурдагыдай бир адамдын жеке башкаруусу орношу мүмкүн эмес эле, негизги ролду Жогорку Кеңеш ээлеши керек болчу. Бирок андай болбоду. Баш мыйзамдын жоболору четте калды. Партиялык фракциялардын ортосундагы атаандаштыкты, депутаттардын жеке кызыкчылыктарын, учурдагы саясий коньюнктураны жана прокуратура, коопсуздук кызматтары өзүнө тикелей баш ийгендигинен пайдаланып кай бир депутаттарга кысым көрсөтүү жолу менен Атамбаев Жогорку Кеңешти өз эркине баш ийдирип алган. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Жогорку Кеңештин депутаттарынын да жоопкерчилиги чоң. Алардын “мейли-макул” деген позициясы, айтылган чечимдерди үн катпай колдоп бериши Конституцияга каршы кыянаттык иш болгон.
Мына ушундай саясий-манипуляция жолу менен 2011-жылдын декабрь айында Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин Төрагалык кызматынан кеткен, 2012-жылдын август айында Өмүрбек Бабановдун Өкмөтү кеткен, ошондой жол менен алты жылда 7 жолу Өкмөт алмашкан. Ушуга окшогон бир топ саясий оюндардын натыйжасында Жогорку Кеңеш дагы, Өкмөт дагы деморализация болуп, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп, Президенттик Аппараттын жетегинде болуп калганы талашсыз.
Натыйжада 2010-жылдагы шайлоолордон кийин жаңыдан гана калыптанып келе жаткан Парламентаризм идеясы соолуй баштаган, өлкөдөгү бардык саясий процесстер бир кишинин эркине жана кызыкчылыгына баш ийдирилген, бийликтин узурпация болушуна реалдуу шарт түзүлгөн.

Экинчи жагдай – бул Сот реформасын бурмалоо жана сот түзүмүн толук көз карандылык абалына алып келүү.
2010-жылы кабыл алынган жаңы Баш мыйзамга ылайык сотторду тандоонун жана дайындоонун жаңы тартиби киргизилген. Бирок, тандоолор башталгандан кийин бул тартип натуура болуп калганы, ичинде абдан көп коррупциялык факторлор жана субъективдик шарттар бар экендиги аныкталган. Ошол себептен Президент Роза Отунбаева тандоону жана дайындоону токтоткон, реформа толук ойлонулбаган жол менен башталганын моюнга алган, 2011-жылдын 30-ноябрындагы Жогорку Кеңештеги өзүнүн акыркы сөзүндө сотторду тандоо ишинде көп мүчүлүштүктөр бар экендигин, өткөөл мезгилдин президенти катары аларды кайра оңдоого убактысы жетпей калганын, маселенин келечекте оң чечилишине чоң үмүт артаарын айткан. Бирок, Атамбаев өлкө башчысы катары аны эске алган жок, сотторду тандоо жана дайындоодогу мүчүлүштүктөрдү өз кызыкчылыгына пайдаланды, ротация деген шылтоо судьяларды жазалоо механизмине айланды, акыры сот түзүмү толугу менен ага баш ийип калды. Ал эми 2016-жылдагы референдум аркылуу киргизилген Жогорку Соттун судьясы болуш үчүн судья болуп иштеген стаждын кереги жок, болгону 5 жыл юрист болсо жетишет деген жаңы тартиби Жогорку Соттун курамын өз кызыкчылыгында жаңылоого жол ачты. Ошентип Апрель революциясынан кийин эл үмүт кылган Сот реформасы теңирден тескери натыйжаларга алып келди, сот түзүмүн пайдаланып саясий репрессияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Үчүнчү жагдай – Мыйзамсыз референдум өткөрүү жана жогорку бийликтеги тең салмактуулукту өзгөртүү аракети.
2010-жылдагы Референдумда эмне себептен Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 10 жылдык мораторий коюлду эле? Анткени ага чейинки президенттер тарабынан каалаган учурунда, каалагандай өзгөртө берүүгө коом нааразы болчу. Ошондуктан жок дегенде он жыл бир эреже менен жашап, мыйзамды сыйлоого көнүшүбүз зарыл болчу. Он жылда эки жолу парламенттик шайлоо болот, эки жолу президент шайланат, он жылда саясий элита жаңыланат, он жылда Баш мыйзамдын оош-кыйыштары да даана билинип калат, мына ошондо он жылдык тажырыйбаны карап туруп өзгөртүү киргизүү туура болот деп чечилген. Бирок, 2016-жылы Атамбаев референдум өткөрөм деп чамынып калды. Анын башкы максаты өзү курап жаткан жеке-кландык башкаруунун пайдубалын бекемдөө болчу. Референдум Атамбаевдин кысымы менен өткөнүнүн далили. 2016-жылдын 29-августунда Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция жетекчилери менен жолугуп, референдум боюнча мыйзамды өткөрүүнү талап кылган, алар колдоп берели деп макул болгон. Бирок андан бир аз убакыт өткөн соң “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев конституцияга өзгөртүүлөр кысым көрсөтүү же колду толгоо аркылуу болбошу керектигин айтып чыккан. Ошол эле учурда Конституциялык Палата дагы референдум боюнча чечимин мыйзамсыз чыгарды. Көрсө палата мүчөлөрүнө 2010-жылдагы Конституциялык Соттун таркатылышы сабак болбоптур.
Ошентип зордук-зомбулук менен өткөн референдум өлкөдө бийликтин табигаты өзгөргөнүн тастыктады.

Төртүнчү жагдай – саясий куугунтук жана саясий репрессиялар.
Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, айрыкча Сот бийлигинин өз алдынчалыгы сакталган учурда саясий репрессиялардын болуусу мүмкүн эмес. Соттун өкүмү менен ишке ашкан саясий куугунтук – саясий репрессия деп аталаарын билесиздер. Атамбаевдин учурунда саясий репрессиялар жанданып, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоо, Кылмыш-процессуалдык Кодексин одоно бузуу менен жабык сот процесстерин өткөрүү, каршы пикир айткандарды түрмөгө камоо практикасы кеңири жайылды. Жакынкы күндөрү берген теле-маегинде Атамбаев тергөө жана сот процесстерине тикелей киришкенин кыйыр түрдө моюнга алганын баарыңар уктуңар. Ошентип саясий репрессиялар бийликти узурпациялоонун орчундуу жагдайы болуп калганы – бул факт.
Бүгүн коомчулукта Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Аида Салянова, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Торобай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев, Абдылда Капаров, Садыр Жапаров жана башкалар саясий репрессиянын курмандыктары экендиги, Алманбет Шыкмаматов менен Канат Исаевдер да репрессиялык кысымга дуушар болушканы ачык айтылууда.
Ошол себептен Жогорку Кеңеш тарабынан атайын комиссия түзүлүп, ал комиссиянын корутундусуна ылайык кылмыш иштери ачык соттордо кайра каралсын деген талап жарандык коом тарабынан, “Саясий туткундарды коргоо Комитети” тарабынан коюлуп жатат.

Бешинчи жагдай – сөз эркиндигин чектөө жана журналисттерге карата кысым.
Сөз эркиндигине Атамбаев тарабынан болуп көрбөгөндөй чабуулдун 2017-жылы жасалганы кокусунан болгон жок. Анткени жеке-кландык башкаруу түзүмү даяр болуп, бийлик бутактары толугу менен өзүнүн эркине баш ийдирилип калган. Ал жылы “Вечерний Бишкек” гезити басып алынды, “Сентябрь” теле-каналы сот аркылуу жабылды, “Заноза” басылмасы менен “Азаттык” радиосунун үстүнөн сотко доо арыз берилди, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын, укук коргоочу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын үстүнөн дагы доо арыздар мыйзамсыз берилди, Атамбаевдин абийирине шек келтиргендери үчүн жалпы суммасы 50 млн сомдук айып талап кылынды, ошондой эле көз каранды эмес иликтөөлөрдү жүргүзүп мамлекеттик мүлктү сатууда коррупция бар деп чыкканы үчүн журналист Эльнура Алканованын үстүнөн кылмыш иши козголду. Мунун баары бир гана максатты көздөгөн – өлкөдөгү сөз эркиндигин ооздуктоо, журналисттердин арасында коркуу сезимин жаратуу.

Алтынчы жагдай – волюнтаристтик кадр саясаты.
Атамбаевдин 2012-жылдагы өлкөдөгү саясий элитаны алмаштыруу проектиси кеңири жарыя кылынган эле. Сыртынан караганда мамлекеттик башкаруу органдарына жаштарды алып келүү, саясий элитаны жаңыртуу идеялары колдоого татыктуу болгону менен, анын ары жагында таптакыр башка максат жатканын өткөн турмуш көрсөттү. Атамбаев тарабынан “жаңы элита” катары коомго таңууланган кадрларынын баары азыр таанымал, алар негизинен анын жан сакчылары, шопуру жана башка жакын адамдары. Мындай волюнтаристтик кадр саясаты мамлекеттик кызматтын баркын түшүрүү менен бирге кландык башкарууну бекемдөө максатын көздөгөнү азыр жашыруун эмес.

Урматтуу делегаттар жана катышуучулар,

Бул жагдайлар бир максатта ишке ашырылган, чынжырдай болуп бири-бирине байланышкан, аларды жеке-кландык башкаруу режиминен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алар бир тутумга биригип мамлекеттик бийликтин узурпацияланышын шарттап турушат. Натыйжада мамлекеттик саясат толугу менен жеке адамдын эркине баш ийдирилип, жеке адамдын культун түзүү аракети башталган, Атамбаев өлкөдөгү баардык орчундуу окуяларды, анын ичинде эки Элдик революциянын болушун өзүнүн жеке эмгеги катары баалоодон да тартынган эмес. А түгүл мамлекеттик ички-жана тышкы саясат бир кишинин эмоциялык абалынан көз каранды болуп калган.
Ошону менен ири коррупциялык иштерге жол ачылган.
Коррупциялык иштердин башында албетте “Кумтөр” маселеси турат.
Кумтөрдү иштетүү 1992-1994-жылдары Акаевдин учурунда мыйзамдарды орой бузуу менен башталганын, 2003-2004-жылдардагы реструктуризация шылтоосу менен өлкөнүн кызыкчылыгы кандайча сатылып кеткенин, 2008-2009-жылдары Бакиев ал кыянатчылыкты кантип улантканын коомчулук жакшы эле билет.
Бирок ал кыянатчылыктар күнү бүгүн уланып келе жатпайбы, алардын кесепеттери улам күчөп баратат. 2012-жылдын 6-июлунда Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик комиссия 2013-жылы өз ишин жыйынтыктап абдан көлөмдүү Отчет жарыя кылган, ал Отчет өзүнчө китеп болуп да басылган, ал жерде Кумтөргө байланыштуу бардык көйгөйлөр, суроолор жана олуттуу сунуштар камтылган. Бирок, тилекке каршы, ошол сунуштар беш жылдан бери сунуш боюнча эле жатат, Кумтөр маселесин чечүү оң жагын карай бир кадам да жылган жок.


Урматтуу замандаштар,

Кумтөр алтын кенине байланыштуу дагы бир өтө олуттуу маселе – бул мөңгү маселеси. Баштапкы келишим боюнча дагы, кийин 2009-жылы Бакиевдер түзгөн жаңы келишим боюнча дагы мөңгүлөргө тийбей алтын кенин жер алдында казуу шарты каралган. Бирок 2000-жылдардан бери эле мөңгүлөр талкаланып, казылган топурак-таштар таза мөнгүлөрдүн үстүнө төгүлүп келе жатат. Буга бийлик көмүскө турдө уруксаат берип турду. Бул маселе боюнча камакта отурган Өмүрбек Текебаев бир жума мурда “Азия-ньюс” гезитине кеңири маек бериптир (2018-жылдын 15-ноябры, № 45). Өз маегинде Текебаев мындай деп айтып жатат, 2011-жылдан баштап мөңгүлөр талкаланып жатат, Атамбаевдин убагында “Центерра” 150 млн тоннадан ашык мөңгүнү талкалады, ал “мөңгүлөрдү талкалай бергиле” деп “Центеррага” миллиарддаган доллар экономдоп берди. “Атамбаев ушунун баарын бекер жасагыдай тентекпи?” – деп өзүнө өзү суроо салып, кайра “...жо-ок, ал өз кызыкчылыгына келгенде абдан эле акылдуу. Ал өз кызыкчылыгы үчүн кылды мунун баарын” деп жооп бериптир. Текебаевдиин айтымында жыл сайын өкмөттөн уруксат алгандан тажаган “Центерра” 2014-жылы Суу кодексине өзгөртүү киргиздирип, “Кумтөрдү” өздөштүрүү үчүн кыргыз мөңгүлөрүн талкалай бергенге өкмөттөн дүңүнөн уруксат алганга киришиптир, ага “Ата Мекен” партиясы эки жыл каршы болуп 2014-15-жылдары мыйзам долбоору өтпөй калыптыр. Анан 2017-жылы Сапар Исаковдун колу менен кайра киргизип, эл каршы болгонуна карабай Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун кабыл алып, ал эми Атамбаев инаугурацияга бир нече күн калганда, мөөнөтү бүтүп бара жатканда, бул мыйзамга салтанаттуу түрдө кол коюптур.
Андан ары гезиттин журналисти сурап жатат Текебаевден: “...Эмне үчүн Атамбаев кетеер күндөрү шашылыш бул мыйзам долбооруна кол койду? Кол койбой койсо жаңы шайланган президент Жээнбеков деле кол койот эле да...?” – деп. Бул суроого Текебаевдин жообу: “... Жээнбековду Кудай өзү сактады. Атамбаев кол койбой, “сен кол кой” десе балким Жээнбеков деле коймок. Бирок, бизнесте өзүнүн эрежеси бар. Алган киши, убада берген киши ишти бүтүрүп, аягына чыгарып кетет. Атамбаевдин бул “Центеррага” берген отчету болду. Ошентип “Центерра” уруксаты жок, квота албай туруп, каалаганча мөңгүлөрдү талкалап жатат” – дейт.

Урматтуу Курултайдын катышуучулары,

Текебаевдин бул айткандары, келтирилген фактылары кимди болсо дагы ойлонтпой койбойт.
Ошондой эле, былтыр сентябрь айында Сапар Исаков шашылыш түрдө “Центеррага” карата коюлган экологиялык доодон баш тартып, бир нече жабык келишимге кол коюп салганы да чоң шек жаратат. Ошол эле 2013-жылдагы Мамлекеттик комиссиянын корутундуларында мөңгүлөрдү талкалоодон эле келтирилген зыян 5 млрд долларга чамалайт деп турганына да караган жок Исаковдун өкмөтү.
Жогоруда Текебаевдин маегинде айтылгандай ушунун баары жөн эле жасалды дегенге ким ишенет?
Кумтөрдүн тегерегиндеги жогорку деңгээлде уюшулган коррупциянын бетин ачуу, 1992-жылдан бери өлкөнүн кызыкчылыгына кыянаттык кылгандарды толугу менен жазалоо, бул иштердеги Атамбаевдин жеке ролун аныктоо учурдун кечиктирилгис талабы болуп саналат.
“Кумтөр” кенин кеч болуп калса дагы биз өзүбүзгө кайрып алууга, мындан ары элдин кызыкчылыгына иштетүүгө милдеттүүбүз.

Коррупциялык иштердин экинчи чоң түрмөгү Энергетика тармагына жана жол курулуштарына, жана аларды каржылоого алынган кердиттерге байланышкан.

Албетте Жогорку-Нарын каскады курулуш керек болчу, албетте Бишкек Жылуулук Электр борбору кайра оңдолуусу зарыл болчу, албетте тиги Акаевдин доорунан бери келе жаткан “Датка-Кемин” проектиси аягына чыгышы керек эле, албетте Токтогул жана башка ГЭСтер реконструкцияланууга муктаж эле, “Түштүк-Түндүктү” бириктирген жалгыз Ош-Бишкек жолун карап отурбай транспот байланышын кеңейтүү да учурлаш маселе болчу, ошондой эле газ-көйгөйүн да чечиш зарыл болгон, бул иштин баары улуттук мааниси бар чоң проектилер. Бүгүн дагы бул иштерди аткаруу учурдун зарылчылыгы экендигин эч ким талашпайт. Бирок, ушундай улутун келечегин камсыз кылуучу улуу иштерди жамынын, алардын шылтоосун менен мамлекетке кыянаттык кылуу кечирилгис күнөө, бул чоң кылмыш.
Кептин баары ушундай чоң иштерге кредиттерди алуунун шарттарында жана ал иштерди аткаруучуларды тандоодо болуп жатат. Бир булактан кызмат көрсөтүлөт, курулуш жана оңдоо иштерине эч ким киришпейт, сапатын карабайт, болгону иш бүткөндө эле мамлекет кабыл алат – деген келишим менен баардык кыңыр иштердин аягын сууга салып, изин таптырбай салуу аракети бар деп айтууга болот.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июнундагы жарыя кылынган Атамбаевдин билдирүүсүндө: “...кытай тараптын кредитине байлануусу менен ЖЭБдин реконструкциясы боюнча бардык стратегиялык чечимдерди, анын ичинде кытай тараптан подрядчикти тандоого макулдук берүү дагы, ошондой эле “Калыс Ордо” конушундагы мектепке гранттык каражатты жумшоо боюнча чечимдер мамлекет башчысы катары мен тараптан ... кабыл алынган болчу...” – деп ачык айтылып турбайбы.
Ошондуктан мамлекеттик бийликти узурпациялоо жолу менен бардык иштерди жеке өзү чечип калган Алмазбек Атамбаевдин бул иштер боюнча саясий жана укуктук жеке жоопкерчилиги да аныкталууга тийиш.

Урматтуу Замандаштар,

Алмазбек Атамбаевдин элдин кызыкчылыгы үчүн акыркы жасаган жакшы иши катары бийликти шайлоо аркылуу тынчтык жолу менен өткөрүп бергени айтылып келе жатат. Бирок “бийликти шайлоонун жыйынтыгы менен өткөрүп берүүнүн...” артында кандай көмүскө максаттар болгон деген суроого жооп өзүнөн өзү анык болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков “24 kg” маалымат агенттигине бир жума мурда берген маегинде: “... биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт” – деп агынан жарылды.
Ошентип Атамбаевдин түзгөн жеке-кландык бийлигинин түпкү максаттары айдан ачык көрүнүп калды. Көрсө ал өзүнө ишенимдүү, өйдө карап каяша айтпай турган кишини Президент кылып шайлатып алуу менен мамлекеттеги эң жогорку бийлик болгон Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт номиналдуу гана функцияларды аткарып, анын айтканы менен болуп, а реалдуу бийлик Койташтын башындагы Хан-сарайга көчмөк экен, баардык маанилүү маселелер ошол жакта чечилип турмак экен, зарыл иши барлар, арыз-арманы барлар Аламүдүн суусун бойлоп ар кайсы бадалдын түбүндө отурмак экен таштын үстүндө “качан кабыл алат” деп.
Ошондуктан, урматтуу замандаштар, Атамбаев өз эрки менен бийликти өткөрүп берди деп көкөлөтүү, аны ыгы жок мактоо негизсиз.
Анын ою боюнча 2017-жылдагы шайлоо менен бийликтин узурпациясы аягына чыкмак, өзүнүн логикалык точкасына жетмек, демократия аралчасы деп айтылып жүргөн Кыргыз Республикасында бүгүн тээ илгерки Кокон Хандыгынын тартиптери, ошол замандын жол-жоболору кайра пайда болмок. Ошентип Атамбаевдин жеке-кландык бийлиги Кыргызстанда биратоло орномок.
Кудайдын кыргыз элине көзү түз экен, дагы бир жолу сактады.

Урматтуу замандаштар,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-пунтуна ылайык мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш. Мына ушул себептен улам Алмазбек Атамбаевдин өлкө башчысы катары ишинин жана анын жасаган аракеттеринин кесепеттерин иликтөө үчүн, аларга укуктук баа берүү максатында Жогорку Кеңеш тарабынан Атайын мамлекеттик комиссия түзүлүш зарылчылыгы чыгып отурат, комиссиянын ишине депутаттардан сырткары коомдук ишмерлердин, укук коргоочулардын жана такшалган юристтердин катышуусу талап кылынат.
Атайын Мамлекеттик Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен саясий репрессиялар, сөз эркиндигин кысымга алуу, сот түзүмүнүн реформасын бурмалоо, кадр саясатындагы волюнтаристтик чечимдер боюнча, ошондой эле “Кумтөр” кен-байлыгы, энергетика тармагы, сырткы карыздарды алуу жана жолдорду куруу маселелери боюнча чындык ачыкка чыгып, Атамбаевке карата укуктук баа берилет деп ишенебиз.
Биздин максат буга чейин болгон мыйзамсыз иштердин улануусуна, үйбүлөлүк жана кландык башкаруунун кайра жандануусуна жол бербөө, аларга шарт түзүп турган жагдайларды жоюу, коррупциянын тамырын кыркуу жана келечекке ишенимдүү кароо.
Биздин максат өнүккөн жана кубаттуу Кыргызстан!

Ыракмат көңүл бурганыңыздарга!

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;