Кулматов гражданин РФ?!
Компания ОсОО "Лидер KG" незаконно распродают земли в Бишкеке - ВИДЕО
Сотрудники ГКНБ выявили хищение в размере более 2 млн сомов со стороны экс-депутата Жогорку Кенеша
Экс-президент Атамбаевдин Африканын Уганда өлкөсү менен менен байланышкан коррупциялык былыгы ачыкка чыкты
Съеденные китайские кредиты Атамбаева
Атамбаев доорунда соттордун «атасына» айланган Манас Арабаев качан мыйзам алдында жооп берет? 
Камчыбек Жолдошбаев: “Мага караштуу делген үй – бюджетте иштегендер жана кызматкерлериме ипотекалык негизде салынып жаткан курулуш ”
«Газпром-Кыргызстан» имел своих высокопоставленных покровителей во власти
Как «шоопур» Илмиянов с помощью своего родственника Аширбая Жусупова обманул российских инвесторов
Нариман Түлеев Данияр Нарымбаевди сабап, оозун канжалата муштады
Как Нариман Тулеев «кинул» художника?
Лейла…История одного продажного журналиста
Издөө
» » Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Экс-президенттин укуктарын - Атамбаев өзүнүн партиялык иш чараларына пайдаланбашы керек”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Экс-президенттин укуктарын - Атамбаев өзүнүн партиялык иш чараларына пайдаланбашы керек”

16 апр 2018, 10:23    bishkek
0 комментарий   
Бүгүн, 16-апрелде КСД партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев, мамлекеттик резиденцияда КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алат. Экс-президент мамлекеттик резиденцияда өзүнүн партиялык иштерине байланыштуу маселеси боюнча жыйын өткөрүп жатканын, коомдук ишмер Эдил Байсалов туура эмес деп эсептейт.

Партиялык жыйналыш мамлекеттик резиденцияда чогулуп аткандыгы чын болсо - бул мени тынчсыздандырат. Экс-президенттин укуктарын - Атамбаев өзүнүн партиялык иш чараларына пайдаланбашы керек. Биз, Атамбаевдин экс-президент статусун кайра карап чыгышыбыз абзел, анткени ал жалпы улуттук лидер катары, журт атасы болуп төргө отурбастан, партиялык саясатка кайтып келүүнү тандап алды. Ошол үчүн, экс-президенттикке таандык “привилегияларды” пайдалануу укугунан ажыратылышы керек. Партиялар бизде тең шартта болууга тийиш. Экинчиден болсо, КСДП акыркы чыгып аткан маалыматтарды эске алып Атамбаевтин мындан ары төрага булууга моралдык укугун кайра карап чыгышы шарт. Мага катардагы мүчөлөрдөн көптөгөн каттар келүүдө. Атамбаевге алданган партиялаштар, бир канча ирээт элди аралап жеңишке жетишкен активисттер аны партиядан айдап чыгууга даяр экенин билдирүүдө. Альтернативалык сьезд чакырылып партия жетекчилигин кайра шайлоо сунушталууда. Турдакун Усубалиев КПССтен кандай айдалса, Алмазбек Атамбаев дагы КСДПны жетектөөгө укугу жок деген аракет жакын арада күч алат”,-дейт Эдил Байсалов.

Ушул эле маселе боюнча социалдык байланыш тармагында жүрүп жаткан талкууда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, “Мамлекеттик резиденцияга жөнөкөй жарандар деле жыйын өткөрө берсе болот. Залдын ижарасы 15 миӊ сомдо 25 миӊ сомго чейин”,-деп айткан.

Учурда КСДП фракциясынын депутаттары резиденцияга чогулуп жатышат. Алдын-ала болжолдонгондой жыйынга 20га жакын депутат келе турганын билдирген. Жалпы, КСДП фракциясында 38 депутат бар.

Булак: “Маалымат.KG»
скачать dle 12.0

Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;