Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду

АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду

26 сен 2018, 10:39    bishkek
0 комментарий   
Президент Сооронбай Жээнбековдун Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына жасаган сапары жемиштүү болду. Бул сапар Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн жасалган. 

Сапардын алкагында 24-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. 

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргызстанга буга чейин көп жолу барганын жана өлкө башынан көптөгөн оор мезгилдерди өткөргөнүнө күбө болгонун, бүгүнкү күндө өлкөдө демократия өнүгүп жатканын белгилеп өттү. 

«Кыргызстан — региондо зор роль ойногон кереметтүү өлкө, анда жакшы адамдар жашайт. Кыргызстан — демократия гүлдөп өнүккөн өлкө, мына ушул нерсе жүрөгүңдү жылытат», - деди ал. 

Президент С. Жээнбеков Антониу Гутерриштин Кыргызстанга сапарынын алкагында өткөн жылдын июнь айында Ош шаарында аңгемелешкенин эске салып, бул байланыштар Кыргызстан менен БУУнун кызматташуусунун жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи. 

«Биз бул мамилени баалайбыз. 2017-жылы биз Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонубуздун 25 жылдыгын белгиледик. Бул динамика улам күчөй берет деп ишенем. Биздин эл аралык өнөктөштөр жана жеке Сиз өзүңүз биз үчүн оор мезгил болгон 2010-жылы Кыргызстанга жардам бердиңиз. Ошондой эле 2017-жылы шайлоо системасын өркүндөтүүдө баа жеткис көмөк көрсөттүңүз. БУУнун Кыргызстанда колдоп жаткан баардык долбоорлору ийгиликтүү өнүгүп жатканы — биздин өлкөгө карата сиздин өзгөчө мамилеңизди дагы бир ирет далилдеп турат», - деди мамлекет башчысы. 

Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын багыт боюнча БУУнун (ЮНДАФ) мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыгына үндөшкөн 2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнүн алкактык негиздеринин алкагындагы актуалдуу долбоорлорду белгилеп өттү. Ошондой эле уран калдыктары сакталган жерлерди рекультивациялоо боюнча аракеттердин жаңы этабына чыгуу үчүн БУУнун Башкы ассамблеясынын «Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» Резолюциясын жаңылоо боюнча Кыргызстандын демилгеси тууралуу эске салды.

Бул сапардын алкагында мамлекет башчысы Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна терракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду. 

Андан соң ошол эле шаардагы БУУнун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты. Бул фото көргөзмөнү Кыргызстан, Россия жана Түркия мамлекеттери биргеликте уюштурган. 

«Биз, кыргызстандыктар, бул иш чаранын Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында өтүп жатканына чын жүрөктөн кубанычтабыз. Чыңгыз Айтматов доорубуздун классик жазуучусу, ойчулу жана даанышманы катары дүйнɵлүк деңгээлдеги инсан. Ал дүйнөнүн бардык элдеринин тилдеринде жашап жатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Ал ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов бүгүн чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик деп таанылганын эске салды. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Бул цифралар күн санап өсүп жатканын да белгилеп коюу керек. 

«Айтматов өз чыгармаларында ойдун жана рухтун эркиндигин даңазалап, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы келишкис күрөштү чагылдырат. Жакшылыктын, адилеттиктин жана гуманизмдин идеалдарын даңазалаган анын чыгармалары көптөгөн өлкөлөрдүн окурмандарынын жана ар кыл муундардын жүрөгүнө жол тапты. Доорубуздун көрүнүктүү гуманисти катары ал адилеттик үчүн күрөшкөндөрдү, адамдык парасаты бийик адамдарды даңктайт», — деди Сооронбай Жээнбеков. 

Өз сөзүндө мамлекет башчысы быйыл октябрь айынын башында залкар жазуучу Айтматов баштаган ишти улантып, Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл форумунун» кезектеги жыйыны өткөрүлө турганын билдирди. 

«Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө жүзү биздин элибизди тааныды. Ал дүйнөлүк адабиятка өз Мекенинин — Кыргызстандын образын сиңирип, аны адамзаттын руханий энчиси кылды. Жер жүзүндө кыргыз эли, биздин мамлекетибиз — Кыргыз Республикасы, адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашайт! Ал тирүүсүндө өзүнө эстелик куруп кетти. Ал айкөл, улуу адам болчу!», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында БУУнун аталган китепканасына президент С. Жээнбеков 200 китептен турган чыгармалар жыйнактарын, жазуучунун колодон жасалган статуясын жана анын «Кыямат» чыгармасынын каармандары карышкырлар Ташчайнар менен Акбаранын статуяларын белек катары тапшырды. 

Сапардын алкагында 25-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы дүйнөлүк, глобалдык маселелер тууралуу айтып, терроризм, экстремизм менен биргелешип күрөшүү керек экенин билдирди. Андан сырткары дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүндө мөңгүлөрдүн ээрип жатышы суу ресурстарына таасир этип, тоолу аймактарда табигый кырсыктардын көп болуп жатышына себеп болуп жатканын билдирди. 

«Туруктуу өнүгүүгө өтүү — табыгий экосистемаларды жана айлана чөйрөнү калыбына келтирүү. 

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн экосистемалар жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары эсептейт. Париж макулдашуусуна кол коюу менен биз бул глобалдуу көрүнүштү болтурбоо боюнча милдеттенме алдык.

Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө жана суу ресурстарына барган сайын көбүрөөк таасир этип, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө өбөлгө болууда.

Бул Кыргызстандагы тоолуу региондордун болочокто гүлдөп өнүгүшүнө карай кетчү жаңы жолдорду талкуулоо максатында уюштурулган төртүнчү Дүйнөлүк тоолор форумунун негизги темалары.

Экология чөйрөсүндө регионалдык мүнөздөгү негизги тема — совет доорундагы радиоактивдүү өнөр жайынын мурасы — уран калдыктары.

Бул проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан бир катар эл аралык конференцияларды өткөрдү. 27-сентябрда биз уран иштетүү ишмердигинин коркунучтарына арналган иш чара өткөргөнү жатабыз.

Уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча аракеттердин жаңы этабына чыгуу максатында Кыргызстан  2013-жылдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» Резолюциясын жаңылоо демилгеси менен чыгат.

Жагдайдан пайдаланып, өлкөбүзгө бул проблемаларды чечүүдө олуттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет», - деди мамлекет башчысы. 

Президент өз сөзүндө мындан тышкары өтө көп олуттуу маселелерди ортого салды. Коопсуздукту жөнгө салуу, суу-энергетикалык ресурстарды пайдаланууда жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгы турганын, наркотрафикага биргелешип каршы туруу сыяктуу көптөгөн маселелерди козгоду. 

скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;