Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Издөө
» » Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 

Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 

25 сен 2018, 16:14    bishkek
1 комментарий   

Бул жолу Алмазбек Атамбаев кантип стратегиялык жаткан маанилүү заводду өзүнө ыйгарып, андан соң Конституциянын гаранты болгон кезде легалдаштырып алганы жөнүндө кеп кылалы. Башкача айтканда, бөтөн нерсени мыйзамдаштырып алганы аз келгенсип, өзүнүн президенттик доорунда ошол арам жол менен тапкан байлыгын бир топ эле көбөйтүүгө жетишти.


«Кыргызавтомаш» дегенде Атамбаевди, Атамбаев дегенде баарыбыз эле «Кыргызавтомашты” түшүнөбүз. Дал ушундай түшүнүк менен жашаганыбызга чейрек кылым болду.

Баардыгы 1993-жылы биринчи жолу Атамбаевдин “ ити чөп жеп” ал жеке тарап катары «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коомунун 20 пайызын сатып алууга жетишкенде башталган.

Ал эми, Атамбаевдин “Кыргызстан жазуучулар союзунан”, “сыгып алган” алгачкы миллиондору тууралуу өзүнчө кеп кылууга арзыйт.

Азырынча Атамбаевдин жазуучулар менен акындарды имаратсыз, Россиядан бөлүнгөн 50 миллион рубль грантсыз калтырганы тууралуу эмес, постсоветтик өлкөлөрдөгү эң ири заводдордун бири болгон «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коомунун активдеринин айланасында болгон келишимдерге назар салалы.

Ошентип, алгач заводдун 20 пайызын сатып алган Атамбаев, кийинчерээк «Кырыз-Инвест» компаниясынан дагы 10 пайызын сатып алат. Акциялардын 10 пайызы акционердик коомдун мурдагы директору М. Өмүралиевдин ээлигинде болгон. Ушундан улам мамлекеттин колунда «Кыргызавтомаштын” болгону 19 гана пайыз акциясы калган. Арадан үч жыл өткөндөн кийин, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын мүлк фонду акционердик коомдун калган акцияларын аукцион аркылуу сатыкка чыгарат. Акциялардын 10 пайызын «Кыргызавтомаштын” эмгек жамааты, калган 9 пайызын болочоктогу миллионер Алмазбек Атамбаев сатып алат.
Ошол эле жылы Атамбаев, “Форум” өндүрүштүк ишканасынын атынан акцияларды сатып алып баштайт. Жыйынтыгында 46 пайыз акцияларга ээлик кылуу менен «Кыргызавтомаштын” толук кандуу ээси болуп чыга келет.

Бирок, ага карабастан Атамбаев өзүн болгону акциялардын контролдук пакетинин ээси катары гана санап башка акционерлердин жана ишкананын алдында эч кандай жоопкерчилик албайт экенин байма-бай айтып келет.

Бул жерде көмүскө шылуундук катылып жатканын сезип жатасыздарбы? Башкача айтканда, эгерде фискалдык органдар эсеп-кысап жүргүзүү, салык же башка финансылык-чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү кемчиликтерди таап чыкса, жоопкерчиликти акционердик коомдун аткаруучу директору жана ыйгарым укуктуу адамдар жоопкерчилик тартат.
Ошол эле мезгилде, “кожоюн” Атамбаев ишкананын чарбачылык иштерине түздөн түз аралашпайт жана ал жерден айлык акы албайм деген жүйөө менен “суудан кургак” чыгат.

Ал эми, «Электротехник» заводунун акцияларынын бир бөлүгүн убагында Шалкар Жайаңбаев жетекчилик кылган «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик ачык акционердик коомунун филиалы катары эсептелген “Нефтегаз” фирмасынын мурдагы директору Генадий Чернов сатып алган.

Анын Кант шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводун куруу үчүн Г. А. Благадаровго катталган жасалма документтерде «Электротехник» заводунун эсепке кирбеген материалдары жана чийки заттары базар баасы менен сатылып алынгандыгы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө болсо, калдык чийки зат катары жокко чыгарылган.
Мындан тышкары, белгилүү болгондой Чернов ИИМдин тергөө абагына камалган кезде, кимдир бирөөлөрдөн Благадаров аркылуу Атамбаевге кат берип жиберген. Каттын маанисинде эгерде Атамбаев аны түрмөдөн чыгарбаса, Атамбаевдин өзүн да түрмө күтүп турганы эскертилген.

Катты окуган соң, Атамбаев, мурдагы генералдык прокурор аркылуу Черновду “өлкөдөн эч жака чыкпоо” тил каты менен абактан чыгарган. Бирок, Чернов учурдан пайдаланып кошуна мамлекеттер аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткен.
Атамбаев буга чейин да бир топ кылмыш иштер үчүн жаза албай буйтап кеткен учурлары болгон. Мисалы: 1999-жылы Атамбаев тарабынан 20 тонна жез сатып алуу үчүн Голландияга же Швецияга 60 миң доллар акча каражаты которулган. Бирок, ушул убакка чейин акчадан да жезден да дайын жок.
Аталган окуя акционерлер арасында чатактардын жаралышына түрткү болуп чогулуштарда бир нече жолу көтөрүлгөнүнө карабай, куру убададан башка эч майнап чыккан эмес. Акционер-миллионердин баардык финансылык-чарбалык былыктарын, “Автомаштын” Атамбаев тарабынан кызматтан алынган мурдагы директору Марат Өмүралиев жакшы билет. Белгилей кетчү жагдай, буга чейинки Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордо Атамбаевге ири финансылык колдоону АКБ “Кыргызстан” банкынын башкармалыгынын экс төрайымы Шарипа Садыбакасова көрсөткөн. Кийин ал Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. Ошентсе да, Экөөбү тең №4 Асанбай шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталгандан кийин, экөөнүн ортосунан “кара мышык” жүгүрүп өтүп мамилелери салкындай түшкөн. Жыйынтыгында райондук соттун чечими менен Садыбакасова парламенттин депутаты болуп калган.
Азыркы учурда, юстиция министрлигинин маалыматтарына ылайык «Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы, «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коомунун базасында негизделген. Эки ишкана тең учурда россиялык алдыңкы алюминий жана жез-латундан автомобилдер, айыл чарба техникалары, атайын техникалар жана энергетикалык жабдыктар үчүн радиаторлорду жасаган «Композит Групп» холдингинин курамына кирет.

2004-2005-жылдары «Кыргызавтомаш» корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев болгону, эч кимге деле жашыруун эмес. Учурда ал формалдуу түрдө аталган иштен тышкары болгону менен «Кыргызавтомаш» корпорациясынын курамына кирген бир нече ишканаларды анын балдары башкарууда.
Мисалы: «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын башчысы Сейитбек Атамбаев болсо, «Автомаш-Экол” ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп Сейтек Атамбаев эсептелет. Мындан тышкары, 1997-жылдан 2004-жылга чейин «Кыргызавтомаштын” эң жогорку кызматтарында Бишкектин экс мэри Албек Ибраимов иштеп келген. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматтарга ылайык, «Кыргызавтомаш» корпорациясынын курамындагы ассоциациялардын, ишканалардын курамы туурлуу төмөндө сөз кылабыз.
Балким Атамбаев акыркы 10 жылда «Кыргызавтомаш» корпорациясына тиешеси жок болушу мүмкүн. Ошентсе да, юстиция министрлигин маалыматына ылайык, бир нече юридикалык жактардын башын бириктирген «Кыргызавтомаш» корпорациясынын башчылыгынан Атамбаев 2015-жылы гана кеткени жазылган.
«Кыргызавтомаш» тарабынан негизделген «Автомаш-Радиатор» ачык акционердик коомуна бүгүнкү күнү Анатолий Черник жетекчилик кылат. Андыктан, аталган ачык акционердик коом мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар тарабынан башкарылат деп айтууга болбойт. Ушуга байланыштуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эч уялбай туруп эле «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсына насыя берип жатат. Ал эми «Кыргызавтомаш” Атамбаевдин үй-бүлөсү тарабынан көзөмөлдөнүп жатат деген маалыматты иш папкасына тиркей албайсың. Анткени, аны аныктай турган жагдайлардын баардыгы мыйзам алдында “суунун түбүнө катылган”.
Ошентсе да, юридикалык жактан алып караганда «Кыргызавтомаштын” алдындагы ишканага Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя берүүсүндө эч кандай мыйзам бузуучулук жок. Бирок, мындай иш аракеттер Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун имиджине оор сокку урду. Анткени аталган фонд, республиканын ири саясатчылары аралашкан ири бизнестерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн эмес, Кыргызстандын Евро-Азия экономикалык бирикмесине кошулуу процессин жеңилдетүү максатында түзүлгөн.
Буга кошумча, 2014-жылы «Автомаш-радиатор» компаниясынын жетекчилиги алдамчылыкка боюнча шектелген. Биринчи кылмыш иши «Автомаш-радиатор» компаниясынын россиялык «Агромашхолдинг» компаниясына карата карызына байланыштуу болгон. Соттук териштирүүлөрдүн материалдарына ылайык, болжол менен 5 жыл мурун «Автомаш-радиатор» компаниясына келишимдин негизинде жалпы наркы 3 миллион доллардан ашкан комбайндар сатуу үчүн берилген. Бирок, комбайндын ээлерине карыздын бир бөлүгүн гана которулуп 1 миллион 5 миң 600 доллар карыз бойдон калган. «Агромашхолдинг» компаниясынын өкүлүнүн айтымына караганда, ар кандай шылтоолорду айтуу менен ЖЧКнын башчылары (башкармалыктын төрагасы Черных, сатуу боюнча директор Гамаюнов) карызды төлөөнү создуктуруп келишүүдө.
2011-жылы Россия федерациясынын соода-өндүрүштүк палатасынын алдындагы эл-аралык коммерциялык арбитраждык сот карызды өндүрүү жана ага кошумча арбитраждык сотун чыгымдарын төлөө ( 30 миң 600 доолар) чечимин чыгарган. Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин жоболоруна ылайык, чет элдик соттордун чечимдери, эгерде мыйзамдарда жана эл аралык келишимдерде каралган болсо, Кыргыз Республикасында таанылат жана аткарууга алынат.
Анткен менен, жоопкер соттун чечимин аткарууга анчалык шашылбай болгону 133миң 170 доллар которуу менен чектелген. 2014-жылдын март айында Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту эл-аралык соттун чечимин аткаруу зарылдыгын көрсөткөн аныктама чыгарып аткаруу барагын берген.
Карыз берген тарап карызкор тараптын мүлктөрүн жана эсебин камакка алууну суранышкан. Анткени мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык «Автомаш-радиатор» ЖЧКсына бир нече жер участкалары жана имараттар тийиштүү.
Экинчи соттук териштирүү Россиялык «Агромашхолдинг» ишканасына дочердик компаниясы болуп эсептелген «Агромашхолдинг-Бишкек» ЖЧКсына тийиштүү 5 трактордун жоголуп кеткендигине байланыштуу. «Агромашхолдинг-Бишкек» ЖЧКсынын генералдык директору Сергей Парфеновдун айтымына караганда айыл чарбасына багытталган наркы 55 миң долларды түзгөн техникалар «Автомаш-радиатор» ЖЧКсынын аймагында ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Анатолий Черных менен болгон ооз эки келишимдин алкагында сакталып турган.
Ушул мезгил аралыгында «Агромашхолдинг-Бишкек» ЖЧКсынын кызматкерлери техникаларга каалаган убагында келип сатып алуучуларга көрсөтүп турушкан.
“2013-жылдын декабрь айында ишкерлерден техниканы сатып алуу сунушу түшкөндөн кийин мен ЖЧКнын аймагына техникаларды алып кетүү үчүн келдим. Бирок, аймакка кирүүгө жана техникаларды көрүүгө мага тыюу салышты. Кийинчерээк тракторлор жок экендиги айкын болду. «Агромашхолдинг» компаниясындагы маалыматтарга ылайык техникалар сатылып кеткен. Компаниянын жетекчилиги «Автомаш-радиатор» ЖЧКсынын генералдык директору В. Конина, башкармалыктын башчысы Черных бир нече жолу маселени чечүүнүн убада кылышты.
Бирок, «Агромашхолдинг» компаниясынын өкүлдөрү ошол бойдон канааттандыраарлык жооп ала алышпай, акыр аягында жоопкер тарап жооп берүүдөн качып баштаган. 2014-жылдын май айында бул боюнча арыздын негизинде иш козголгон. Ошол кезде тергөөнүн Гамаюнов менен Черныхка бир нече суроолору болгон. Бирок, экөөсү тең өлкөдөн тышкары жүрүшкөн. Калган кызматкерлер баарын танышып эч нерсени түшүндүрө алган эмес. Бизде болсо, соттор акыйкат чечим чыгарса, өзүбүздүн менчигибизди артка кайрып алабыз деп үмүттөнүү гана калды” – дейт Сергей Парфенов.
Парфеновдун айтымында, арыз Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө 2014-жылдын 30 апрелинде катталып тергөөчү А. Патановдун колу менен кылмыш ишин козгоо боюнча токтом чыккан.

Акыр аягында Атамбаевдин балдары башкарып жаткан «Автомаш-Энерго», «Автомаш-Экол», «Автомаш-Радиатор», «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коому жөнүндө бир нече сөз.
2011-жылдан тарта Сейит менен Сейтек мырзалардын «Автомаш-Энерго» чакан ишканасы бир киловатт электро энергиясын 21 тыйындан 36 тыйынга чейин алышып Кыргызстандын элине ошол эле электро энергияны 70 тыйындан, ишканаларга 98 тыйындан, ал эми Өзбекстан, Казакстанга ушу жылдын күз айына чейин 1 сом 60 тыйындан сатып келди. Эми биз болсо суук түшсө кайра электро энергияны Казакстандан 5 сом 60 тыйындан сатып алабыз.
ММКлардагы маалыматтарга ылайык, эгемендүүлүк жылдары Акаев менен Бакиевдин 20 жылдык башкаруусунда, бизин тышкы карызыбыз 3,5 миллиард долларды түздү. Эми болсо, бир кыштан чыгуу үчүн эле мамлекеттин жана элдин моюнуна дагы жарым миллиард доолар карыз илинди. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Максим Бакиев менен Ширшов кетпеди беле? Же алардын ордун Сейит менен Сейтек мырзалар ээлеп алды беле?
Муну менен эле булар тоюп калышкан жок. Мамлекет тарабынан былтыр 1-июлда өткөрүлгөн тендерге «Кыргызавтомаш» да катышып Ыссык-Көл облусуна пресс-подборщик, Бишкек шаарындагы жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолду тазалоо үчүн тракторлорду сатып алууну утуп алышкан.
Мыйзам боюнча, мамлекеттик сатып алууларга мамлекеттик кызматкерлердин жакындары катышууга укугу жок болчу. Балык башынан сасыйт” -деген ушул да. Бир кезде Сарпашев жогорку кызматты ээлеп туруп баардык мамлекеттик тендерлерди ута бергени элдин эсинде. Ал эргул антип жатса, Сейит менен Сейтек карап турмак беле?
Юстиция министрлигинде катталган маалыматка ылайык Кыргызавтомаш» корпорациясынын башчысы – Алмазбек Атамбаев. Анын карамагына «Автомаш-Энерго», «Автомаш-Экол», «Автомаш-Радиатор», «Кыргызавтомаш» ачык акционердик коому кирет. Сейит менен Сейтек «Автомаш-Энерго» жана «Автомаш-Экол» ишканаларынын негиздөөчүлөрү. Алар бүгүнкү күнү өлкөнүн энергетика тармагын колдорунда бекем кармап турат. Анан кантип кыргыз оңолмок эле?скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Мухаммед от 15 октября 2018 12:29
Наверное уже пора, вор должен сидеть в тюрьме, Атамбаева уже пора призвать к ответу
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;