Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Бакиев маалынан баштап, Атамбаев доорунда чуусу уланган С. Исаков

Бакиев маалынан баштап, Атамбаев доорунда чуусу уланган С. Исаков

27 апр 2018, 10:37    bishkek
Кечээ жакында эле парламент депутаттарынын ишенбөөчүлүк жарыялоосу менен отставкага кетип, экс-премьер дегенстатустан да куру-жалак калган Сапар Исаковдунызы-чуулууиштериК.Бакиевдинучурунда эле башталган. Ток этээржеринен эле баштайлы, 2009-жылы январь айында КР өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыш бөлүмүн жетектеп туруп С.Исаков ошол кездеги премьер-министр И.Чудиновдон тиешелүү уруксат албастан эле АКШнын Борбордук командалыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус менен жумушчу жолугушуу өткөргөн.

Ал жолугушууда «Манас» авиабазасынын мүмкүн болгон жабылышы тууралуу жана мамлекет жетекчилиги Вашингтон менен авиабазаны дислокациялоо боюнча келишимди узартуудан баш тартуу чечими даярдалып атканы тууралуу кеп козголгон. «Манас» авиабазасынын чыгарылышы боюнча КР президентинин расмий билдирүүсүнүн алдында АКШнын өкүлдөрү менен санкцияланбаган байланышка барганы боюнча С.Исаковго буга чейин кызматтык иликтөөжүргүзүлгөн.
Мындан сырткары С.Исаков Кыргызстандагы АКШнын элчисинин мурдагы орун басары Эрл Ли Литенбергер менен тыгыз жана достук мамиледе болгон, аны менен бейрасмий контакта болупкелген. 

Түшүнүктүү кылып айтканда С.Исаков кыргыз өкмөтүндө тышкы байланыш бөлүмүн жетектеп туруп, АКШга «Манас» авиабазасына байланыштуу өкмөт кандай чечимдерди кабыл алганы жатканы боюнча айтып берип турган. Муну биз 2009-жылы Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татиана Гфеллердин жашыруун докладынан биле алабыз. Ал Мамдепартаментке «кыргызский инсайдер видит меркантильные интересы, доминирующие в принятии политических решений» деп маалымат берген.

Мындагы айтылган «инсайдер» ошол убакта өкмөт аппаратында тышкы байланыш бөлүмүн жетектеп турган Сапар Исаков болгон. Элчинин жашыруун докладында С.Исаков «strictly protect» деп белгиленген, бул «өтө маанилүү булак, аны катуу коргоо керек» дегенди түшүндүрөт. Ал убакта Россия авиабазаны чыгарууну көздөсө, АКШны Кыргызстандын территориясында калтырууга аракет жасап келген. 
Ошентип кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында бир нече жолку катачылыктарынан улам С.Исаков өкмөттүн аппаратынын тышкы байланыш бөлүмүнүн башчылыгынан ыргыган. Бирок, «жылуу колтукту» дайыма таба билген ал ошолз амат эле Максим Бакиевдин ЦАРИИсине жумушка орношкон. 

Айрым маалыматтарга караганда С.Исаков жана С.Атамбаев (экс-президент А.Атамбаевдин уулу) Чолпон-Ата шаарындагы жер тилкесин мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу боюнча аракетке катышкан. Өтө узун кылбай, кыскарта чаап айтканда, 2017-жылдын 25-октябрында КР өкмөтүнүн аппаратынан Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө КР премьер-министри С.Исаковдун дарегине багытталган «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы ЖЧКсынын президенти А.Атамбаевдин уулу – С.Атамбаевдин кайрылуусу келип түшөт. АндаЧолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн чыгыш тарабындагы 4,5 гектар аянттагы жер тилкесин отель куруу үчүн бөлүп берүү өтүнүчү көрсөтүлгөн. С.Атамбаев сураган жер тилкеси «Шаардык парктар зонасы» категориясына кирген. Андыктан ал жерге кандайдыр бир курулуш курууга тыюу салынат эле. Мына ушуну билип турушуп эле С.Исаков менен С.Атамбаев ал жер тилкесин алууга аракет кылышкан. 

Өткөн 2017-жылы С.Исаков «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясынын жанында жайгашкан «Идеал хаустун» 48 коттеджин реализациялоонун айланасындагы жаңжалдын очогунда болду. Бул жаңжал «Фергана.ру» сайтына журналист Э. Алканова «Кто стоит за скандальной сделкой по продаже VIP-городка «Идеал Хаус» в Бишкеке? Часть II» деген темадагы макаласын жарыялагандан кийин күчөдү. Журналист булл коттедждердин өтө арзан баада сатылганын жана анны сатып алуучу «БТА Банктын» директорлор кеңешинин төрагасы Темир Рыскулов экенин жана анны менен премьер-министр Сапар Исаковдун байланышы бардыгын айткан. Себеби С.Исаковдун бир тууганы К.Исаков «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштейт. 2017-жылдын 13-декабрында Башкы прокуратура тарабынан бул видеоролик боюнча кылмыш иши козголгон. Аны иликтөө тапшырмасы КР өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырылган. Мына ушул жерден эле С.Исаков өзүнүн премьер-министрлик креслодогу акыркы күндөрүндө Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына Б.Сүюмбаевди дайындаганын анализдей берсеңиз болот. Бул козголгон кылмыш иши С.Исаков менен Т.Рыскуловдун кандай байланышы бардыгын иликтөөгө албастан эле, тескерисинче журналист Э.Алканованы куугунтуктоо үчүн козголгондой болуп калганын жашыруу да кыйын болгон.  

С.Исаков экс-президент А.Атамбаев менен биргеликте А.Шадиевден Ч.Айтматов жана А.Масалиев проспектилеринин кесилишиндеги курулуш обьектисинен («Ала-Арча» гипермаркети) үлүш алган. Бул обьект А.Шадиевдин жеке каражатына курулган. Андагы С.Исаковдун жардамы кандай болгон? Ал ошол обьектини куру үчүн жер тилкесин шаар куру мыйзамын бузу менен Бишкек мэриясына бөлүп берүү көрсөтмөсүн берген. 

С.Исаков КР президентинин аппаратында иштеп турганда КР өкмөтүнүн чет элдик инвестицияларды тартуу маселеси боюнча чечимдерди кабыл алуусуна бир нече жолу таасир эткени да айтылып жүрөт. 
Мисалы, айрым маалыматтарга караганда, С.Исаков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн компанияларды тандоо процесстерине катышып, кытайлык «ТВЕА» компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. 
Мындан тышкары С.Исаков «Давыдов» жана «Лысый» мөңгүлөрүндө иш жүргүзүүгө «Кумтөр» үчүн уруксат берүү үчүн ири суммада пара алганы да айтылып келет. 

Айтор, 40 жашка чейин эле коррупцияга белчесинен батып калган С.Исаковдун саясий карьерасына биротоло чекит коюлгансыды. Эми ушул жогоруда саналып кеткен мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тарта турган убагы келди.  

Маалымат булагы: http://chyndyk.kg/bakiev-maalynan-bashtap-atambaev-doorunda-chuusu-ulangan-sapar-isakov/ скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив