Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңештердин төрагаларын кабыл алды

Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңештердин төрагаларын кабыл алды

27 апр 2018, 08:52    bishkek
26-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдык кеңештин төрагалары менен жолугушту.

Жолугушууда райондогу бир катар социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, айыл элинин маселелери талкууланды.
Алсак, Кара-Кулжа району тоолуу аймактардын катарына кирерин белгилеген райондогу он эки айылдык кеңештин төрагалары Дастанбек Жумабековго электр энергиясына берилүүчү жеңилдиктин көлөмүн 700 кВт/сааттан 1000 кВт/саатка чейин көтөрүү зарылчылыгын айтышты. Андан тышкары, Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы райондо жерлерди трансформациялоо маселеси курч болуп жаткандыгына токтолуп: “Бул көйгөй чечилсе, көптөгөн мекендештерибиз жер которуп, мигрант болуп кетүүдөн баш тартышаар эле”, – деди.
Ошондой эле жолугушууда суу, жол, көпүрө өңдүү көйгөйлөр да көтөрүлүп, аны чечүү жолдору айтылды.
Айылдардын жашоо-шартты жакшыртуу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алабыз деген Төрага Дастанбек Жумабеков: “Мамлекет башчыбыздын демилгеси менен быйыл аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Андыктан, айыл менен шаарлардын ортосундагы айырмачылыкты азайтып, ал жактагы инфраструктураларды жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Сиздер жергиликтүү кеңештин депутаттары катары көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун жакшы билесиздер. Ага ылайык, биз тыгыз кызматташып, эриш-аркак иш алып барабыз деген ишеничтемин”,– деди.
Муну менен катар Төрага өлкөдө жана парламентте жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, жүргүзүлүп жаткан реформаларды кеп кылды.
Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Эмиль Токтошев катышты.
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив