Эмилбек Каптагаев: Пристрастность Токтакунова налицо – он опубликовал фейк
Контрабандалык күйүүчү май ташып жүргөн Акылбек Маматов "Газпромдун" миллиарддык долбоорун аңдып жатабы?
Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Издөө
» » Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 

Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 

11 сен 2018, 16:16    bishkek
0 комментарий   

Кыргыз мамлекети жана эл аралык актылар жарыялаган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого аттанып;

Өзүмдүн бардык күч-аракетимди мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле статусуна карабастан кызмат адамдары тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин реалдуу сактоого жана урматтоого жумшоого умтулуп;

Дайыма адамдардын бузулган конституциялык укуктарын коргоп жана ал укуктардын толук калыбына келтирилишин талап кылып;

Кыргыз мыйзамдарын Конституцияга жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүүгө жана жакшыртууга мыйзам чыгаруу бийлигин туруктуу түрдө чакырып жана көмөк көрсөтүп;

Кыргызстандын парламентинде Акыйкатчы институту мамлекет менен элдин ортосундагы – Медиатор, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ортомчу жана Жогорку Кеңештин мыйзамдуу өкүлү экендигин, өлкөнүн аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзүүгө Жогорку Кеңештин атынын (башкалардын эмес) гана ыйгарым укук берилген өкүлү экендигин түшүнүп!

Ушул айтылгандарга таянып, Кыргызстанда парламенттик Акыйкатчыны өнүктүрүү боюнча өз көз карашымды билдирүүнү туура деп эсептейм!


1) Акыйкатчы,жарандар жана соттор!
Сот акыйкаттыгы бир нече жолу формалдуу мүнөздө болуп жатпагандыгын жашыруу мүмкүн эмес.
Ушул жагдайды эске алуу менен, Парламент соттук-укуктук реформа боюнча бир катар кодекстерди кабыл алган. Мындан тышкары, бул ченемдик-укуктук актыларды практикада колдонууга жана ишке ашырууга даярдык көрүү бонча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти 2018-жылдын 22-майында “Жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын чегинде кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” жарлык чыгарган.
Ушул жагынан алганда Акыйкатчы институту Парламентти ошондой эле Мамлекет башчысынын өзүн реалдуу колдоого тийиш.
Өзгөчө 2019-жылдын январынан тартып күчүнө кире турган жалпы-укуктук (администрациялык-укуктук) мамилелерден келип чыгуучу жана биринчи кезекте жарандардын, алардын бирикмелеринин жана бийлик органдарынын ортосунрдагы укуктук талаштарды чечүүгө багытталган сот өндүрүшүнүн жаңы түрүн тез арада калыптандырууга жана өнүктүрүүгө ар тараптан көмөк көрсөтмөкчү.
Ушул жагдайдан улам төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептейбиз:
а) Кыргызстандын Праламентине да, ошондой эле Президентине да сот бийлигин калыптандырууда өзүнө тийиштүү роль бөлүнгөндүгүн эске алганда, Акыйкатчы институту Судьяларды тандоо боюнча Кеңеште алардын талапкерлигин ылгоо процессине тикеден-тике катышуусу (байкоо жүргүзүү түрүндө) туура болмок;
б) Адам укугун сактоо жана коргоо, ошондой эле аны объективдүү кароо максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасын Судьялар кеңешинина лдындагы Тартип комиссиясынын жыйындарына, өзгөчө судьялардын жоопкерчилигин караган процесстерге катышуу боюнча өзүнө милдеттеме алууга тийиш.
Мындай формат, биринчиден, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ө залдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен талаш-тартышта жарандарды укуктук коргоонун деңгээлин жогорулатууга, бийлик органдарынын ишиндеги мыйзамдуулук режимин чыңдоого көмөк көрсөтө алат.
Экинчиден, Парламент өзү, ошондой эле Мамлекет башчысы Кыргызстанда сот бийлигин түзүүнүн жүрүшүнө жана соттордун өздөрүнүн ишине көзөмөл жүргүзүү (тикеден-тике байкоо түрүндө) мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла алат.

2) Акыйкатчы,аялдар жана балдар!
Кыргызстандын Сот департаментинин маалыматына ылайык үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча администрациялык укук бузуулардын саны 2017-жылы гана – 2 547ге жеткен (салыштырсак 2010-жылы – 1 568 болгон). Мында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сотто каралган жазык иштеринин саны болгону – 313 болгон.
Балдарга сексуалдык зомбулук жагынан маселелердин чечилбей келе жатышы андан кем эмес көйгөй жаратууда. Үй-бүлөдө, ошондой эле андан тышкары жерде бул кубулуштун орун алышынан улам аларды ашкерелөө кокустук жана сейрек мүнөзгө ээ болуп жатат, ал эми аларды кароо мезгилинде тергөө органдарын көзөмөлдөө жагы мыйзамдарда каралган эмес.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту тергөө органдары жана кыргыз соттору үй-бүлөлүк зомбулук балдарга карата сексуалдык зомбулук иштерин караган учурда аларды парламенттеги Адам укуктары боюнча коммитетке ай сайын жеткирип туруу менен бул иштердин каралышына тикеден-тике катышуу милдеттенмесин өздөрүнө алууга тийиш;
Экинчиден, ажырашуулардын жана балдарды калтырып кетүүлөрдүн саны өсүп жаткандыгын эске алып, алимент өндүрүү боюнча укуктук каражаттарды мыйзам деңгээлинде күчөтүү керек. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги анда алимент төлөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти караган статьядан мөөнөтү эскирди деген жобону алып салуу, ошондой эле өлкөлөр аралык деңгээлде атайын мүнөздөгү тыюу салууларды күчөтүү керек.
Үчүнчүдөн, КМШнын аймагында алимент төлөөдөн качып жүргөндөрдүн бирдиктүү базасын түзүү зарыл.
Төртүнчүдөн, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жашы жетпегендерге каршы кылмыштардын мөөнөтү эскирди деген жобону алып салуу керек.
Бешинчиден, 2018-жылдын акырына чейин Балдар акыйкатчысы институтун түзүү Акыйкатчы институту үчүн негизги милдеттердин бири болуп калууга тийиш.
Алтынчыдан, Кыргыз Республикасынын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн, тоголок жетим балдардын, кароосуз калгандардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктук жана социалдык кепилдиктерин күчөтүү зарыл.

3) Акыйкатчы – мигранттар,адамдарды сатуунун курмандыктары, чет өлкөлүктөр, качкындар жана жарандыгы жок адамдар!
Биздин өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн жарандар, көп учурда экономикалык байгерчиликке кабылуунун ордуна конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулгандардын категориясына кабылат.
Ыңгайсыздыктардан, кызмат акысын системалык түрдө төлөбөй коюудан жана опузалоодон тартып биздин жарандар адамдарды сатуунун курмандагына айланганга чейинки түйшүктөрдү тартып келет.

Мыйзамдарды билбегендиктен жана укуктук колдоо жоктугунан чет өлкөлүк жарандар (анын ичинде мурдагы кыргыз жарандары), качкындар жана жарандыгы жоктор да “жетишсиз корголгондордун” категориясына кирип отурат. Мамлекеттик органдарга кайрылуу менен гана чектелип, көп учурда мындай адамдар жоопсуз кала берүүдө.
Ушул контекстте алганда, төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептейбиз:
а) Кыргыз Республикасынын ТИМи, КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматы жана чет өлкөлөрдүн Акыйкатчы институттары менен өз ара аракеттенүүдө биздин өлкөнүн чегинен тышкары жерлердеги жарандарыбыздын бардык конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин толук ишке ашырууну камсыз кылуу. б) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүдө чет өлкөлүк жарандардын (анын ичинде мурдагы кыргыз жарандарынын), качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларында жана даттанууларында коюлган маселелерди чечүүгө бардык тараптан көмөк көрсөтүү.

4) Акыйкатчы – тергөөдөгүлөр, соттолгондор жана кыйноого дуушар болгондор!
Кыргызстандагы Акыйкатчы институту бүгүнкү күнгө чейин биздин өлкөнүн укук коргоо жана пенитенциардык системасынын өкүлдөрүнүн кыйноо көрсөтүүсүнүн жана ырайымсыз мамилесинин бардык түрүн түп тамырынан жоюуга умтулган мамлекеттик бийлик органы катары чыгалган жок.
Ушуга байланыштуу эгерде кыргызстандын Акыйкатчы институту Парламент жана Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт тарабынан реалдуу колдоого ээ болуу максатында «Таза Коом-Жаны Доор»2018-2040 стратегиясын ишке ашырууда натыйжалуу мамлекеттик органдардын бири катары чыкса туура болмок. Аталган стратегия Кыргызстан кыска мөөнөттө коом тарабынан укук коргоо жана сот акыйкаттыгы системаларына толук ишеним көрсөтүүгө жетишүүгө, калк менен укук коргоо органдарынын ортосунда өз ара урмат көрсөткөн мамиле түзүүгө, мында ар бир жаран толук коопсуздук жана корголуу, мыйзамдын үстөмдүгүнөиишенүү сезими менен жашай тургандыгын белгилеген.
Ушуга таянуу менен тергөөдөгүлөрдүн жана соттолгондордун статусун жана ошондой эле аларды өз-өзүнчө кармоо жана түзөтүү колонияларында эмгекке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн жөнгө салган жазык-аткаруу мыйзамдарынын нормаларын гумандаштыруу Акыйкатчы үчүн артыкчылыктардын бири болуп калууга тийиш.

5)Акыйкатчы жана Сөз эркиндиги!
Соттор Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен бийлик өкүлдөрүнүн талаш-тартыштарынын басымдуу бөлүгүн чечүүчү аянтка айланган соңку жылдардын практикасы өтө өкүнүчтүү.
Ошону менен бирге, мындай сот процесстери эл аралык аренада укуктарды жана эрикиндиктерди коргоодо сөз эркиндигин кысуу жана журналисттердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук көрсөтүү катары чечмеленип, алардын эч кимисине пайда алып келген жок.
Ушул жагынан алып караганда Кыргызстандын Акыйкатчы институту өзүнө бийлик менен ЖМКнын ортосундагы Медиатордун милдетин алууга жана “көңүл айтуучунун” эмес талашты чечүүгө көп күч-аракет жумшоочунун ролунда болушу керек.
Ушул багытта Парламент тийиштүү мыйзамдарга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын сотко чейинки ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түзөтүү киргизип, ар биринин соттук коргонууга конституциялык укугуна зыян келтирбөөсү керек.

6)Акыйкатчы жана аскер кызматчылары!
Аскер кызматчыларынын укуктары жана эркиндиктери дайыма мамлекеттин коргоосуна алынып келди, бирок зыяндуу практика, тилекке каршы мунун тескери жактарына күбө болууда. Катардагы аскер кызматчылары уставга каршы мамилелерден улам ар кандай кемсинтүүлөргө жана күчколдонуп же башкача кордоолорго дуушар болгон учурлар көп.
Бул көйгөйдүн тамыры мындай укук бузуулардын жарыялабай жана жабык калышында жаткандыгы талашсыз. Ушундан улам Аскер Акыйкатчысы кызматын Акыйкатчы институтунун алдында ачуу туура болор эле. Ал бардык адистешкен мекемелерде аскер кызматчыларынын ичинен өзүнүн өкүлдөрүн дайындамак.

7)Акыйкатчы жана бизнес өкүлдөрү!
Чакан жана орто бизнес биздин өлкөнүн экономикасында маанилүү роль ойнойт. Ал калктын экономикалык жана социалдык жыргалчылыгынын өсүшүнө көмөк көрсөтөт. («Таза Коом-Жаны Доор» 2018-2040стратегиясы).
Ошону менен бирге фискалдык-экономикалык багыттагы мамлекеттик органдар өз мекемелеринин натыйжаларын жакшырткысы келип өлкөбүздүн ишкерлеринин конституциялык укуктарын одоно бузууга кол беришет.
Мында, ишкерлердин реалдуу конституциялык-укуктук коргонушу колго алынбай жаткандыгын белгилөө менен бизнес жамааттары аткаруу бийлигинин колдоосуна жана түшүнүүсүнө ээ болбогондугун көрүп жатабыз.
Чет өлкөлү оң тажрыйбаны пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдында Бизнес-Акыйкатчы кызматын киригизүүнү зарыл деп эсептейбиз. Ал бизнес-жамааттардын, ошондой эле Өкмөттүн ишине катышуу менен бизнесмендердин, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун мамлекеттик органдар тарабынан бузулган укуктарын соттон тышкары жерде калыбына келтирүү боюнча ишти уюштурууда өз ишин жүргүзмөк.


8)Акыйкатчы жана билим берүү системасы!
Билим берүү системасындагы көйгөйлөр Кыргызстандын Акыйкатчы институтун ЖОЖдордун, жогорку окуу жайларына чейинки жана мектепке чейинки мекемелердин ишине да кунт коюп көңүл бурууга милдеттендирет.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы ЖОЖдордун администрациясы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттик корпусу менен, ошондой эле ЖОЖдорго чейинки, мектепке чейинки жана адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара тыгыз кызматташтыкта аракеттенүүнүн мыйзамдык жана тийиштүү укуктук механизмдерин иштеп чыгууга тийиш.

9) Акыйкатчы институтун өнүктүрүү, эл аралык тажрыйба жана кызматташтык.
Кыргызстандагы Акыйкатчы институту чел өлкөлөрдөн айырмаланып бир гана мыйзам менен чектелет, бул иш жүзүндө кыргыз Акыйкатчысынын мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Парлементтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык-процесстик кодекстерине кыргыз Акыйкатчысынын ыйгарым укуктары жөнүндө толуктоолорду киригзүүгө тийиш.
Экинчиден, Кыргызстанда Адам укуктары менен эркиндиктерин сактоонун жана коргоонун механизмдерин өркүндөтүүгө гана багыт алып, эл аралык тажрыйбаны системалуу колдонуу, мунун ичинде адам укуктарын колдоо жана коргоо иштерин жүргүзгөн улуттук мекемелердин статусуна тийиштүү болгон бардык принциптерди (Париж принциптери) колдонуу кыргыз Акыйкатчысынын негизги милдеттеринин бири болууга тийиш.
Үчүнчүдөн, Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ишин ыңгайлаштыруу максатында адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар менен, алардын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссарынын башкармалагы; Европадагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамы; КМШ өлкөлөрүндөгү адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуулар менен жана башка региондук өнөктөш уюмдар (улуттук укук коргоо мекемелери жана өкмөттүк эмес уюмдар) менен кызматташууну күчөтүү зарыл.
Төртүнчүдөн, Акыйткатчынын аппаратындагы кадрлардын негизги патенциалын сактоо менен мурдагы Акыйкатчылардын оң тажрыйбасын пайдалануу талап кылынат.
Бешинчиден, IT-технологияларын, жарандардын (кайда жүргөнүнө карабастан) интернеттен жана ЖМКдан эркин пайдалануусун өнүктүрүүгө байланыштуу кыргыз Акыйкатчысынын иши Акыйткатчынын ишмердигинин жыйынтыгын күнсайын жана жума сайын чагылдыруу (расмий сайтта, социалдык тармактарда, мобилдик тиркемелерде көйгөйлөрдү көрсөтүү жана аларды өз учурунда чечүү, берилген суроолорго жооп кайтаруу жана түз тарттырууларды киргизүү аркылуу даттанууларды кабыл алуу, ж.б. аркылуу) менен коштолууга тийиш.
скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;